Британ чалгын кызматы: Орусия Украинадагы согушту кыйыр каржылаш үчүн өз карызын сатыкка коюуда
Британиялык аскер чалгын кызматы "Орусия Украинадагы согушту каржылаш үчүн өзүнө "дос өлкөлөрдөн" финансылык жардам алууну көздөп жатат" деген тыянакка келди.
Чалгын кызматы "Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин 2023-жылдын 28-марттагы билдирүүсү бул өлкө карыз боюнча милдеттенмесин чет элдик валютага өткөрүү үстүндө иштеп жатканына ишарат кылуу" деп чечмелеген.
"Орусиялык расмий адамдар тышкы карыз тууралуу милдеттенмелерди финансылык брешти жабуунун бир жолу катары кароо менен Украинадагы согушту созууга аракет кылып жатат. Мындай кадам Орусиянын "дос" деп эсептеген өлкөлөрдөн каржылык колдоо күтүп жатканын билдирет. Милдеттенме толук иштелип бүтөрү менен башка өлкөдөгү инвесторлор Орусиянын тышкы карызын сатып алып, өлкөнүн бюджеттик тартыштыгын каржылайт. Акыркы айларда өлкөнүн тышкы карызынын негизги сатып алуучулары орус банктары болгон. Бирок алардын бюджет тартыштыгын толук жапканга кудрети жетпейт. Орусиянын тышкы карызын сатуу менен бюджет тартыштыгын жоюу чарасы иштеп кетери азырынча белгисиз", - деген бүтүм чыгарган чалгын кызматы.
Донецк облусунун башчысы Павел Кириленконун маалыматына ылайык, орус аскерлеринин аткылоосунан аймакта төрт киши мерт кетти. Бул тууралуу ал шаршембиде эртең менен Телеграм каналына жазды. Ал эми украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы 24 саатта ракетадан үч, абадан 47 сокку урулганын, анын 17синде ирандык “Шахед” дрондору колдонулганын билдирди. Штаб 14 дрон атып түшүрүлгөнүн тактады.
Ошондой эле украин жоокерлери каршы тараптын 60тан ашуун чабуулунун мизин кайтарганы маалымдалды. Бахмут, Авдеевка жана Марьинка шаарлары кармаштардын чордонунда кала берүүдө.
Херсон облусунда бомбалоодон үч киши, Сумыда бирөө жарадар болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.
Ал арада Кошмо Штаттары Украинага 2,6 млрд. долларлык жаңы аскердик жардам берилерин жарыялады.
Пентагондун маалыматына караганда, жаңы жардам топтомуна HIMARS системалары үчүн ок-дары, Patriot абадан коргонуу системасы, артиллериялык снаряддар, 400 гранатомет, оор жабдууларды, күйүүчү май ташыган автоунаалар, транспорт каражаттары жана техникалык кызмат көрсөтүүгө 500 млн. доллар кирет.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул “логистиканын кармашы”, "алсыратуучу согуш" болуп калганын, майданга ок-дары, курал-жарак жана жабдууларды жеткирүү маанилүү экенин "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде белгилеген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Польшага алгачкы расмий иш сапары менен барды.
Польшалык маалымат каражаттары жазганына караганда, Варшавада президент Анжей Дуда, өкмөт башчы Матеуш Моравецкий, бир катар министрлер менен жолугушуулар болот. Андан кийин Зеленский башкалаанын борбордук аянтында Польша элине жана бул өлкөдө башкалкалап жаткан украиналык качкындарга кайрылуу жасайт.
Эки президенттин жолугушуусунда Киевге аскердик жардам берүү, өлкөнүн Евробиримдикке жана НАТОго кирүү маселеси, уруштан кийинки калыбына келтирүү иштери талкууланмакчы.
Варшава согуш башталгандан бери Украинаны курал-жарак менен камсыздоо аракеттери, саясий колдоо көрсөтүү жагынан алдыңкы катарда турат.
Аскердик жардамдын алкагында 4-апрелде MiG-29 истребителдеринин бир нечеси келгенин поляк президентинин администрация өкүлү Марчин Пшидач жергиликтүү TVN24 телеканалына билдирди.
Польша ошондой эле бир миллионго жакын украин качкындарын кабыл алган.
Буга чейин эки мамлекеттин башчылары былтыр августта расмий кездешкен. Поляк президенти Украинанын эгемендик күнүндө Киевге барып кеткен. Андан тышкары алар жумушчу сапарлардын алкагында жолуккан.
Согуш башталгандан бери Зеленский ушуну менен үчүнчү жолу чет өлкөгө чыкты.
Америка Кошмо Штаттары Украинага 2,6 млрд. долларлык жаңы аскердик жардам берилерин билдирди. Бул тууралуу маалымат АКШнын Коргоо министрлигинин сайтына жарыяланды.
Жаңы жардам пакетине HIMARS системалары үчүн ок-дарылар, Patriot абадан коргонуу системасы, артиллериялык снаряддар, 400 гранатомет, оор жабдууларды, күйүүчү май ташуу үчүн унаалар, трансапорт каражаттары жана тенхикалык кызмат көрсөтүүгө 500 млн. доллар кирери белгиленген.
Каражаттын негизги бөлүгү, 2,1 млрд. доллары орто аралыктагы абадан коргонуучу NASAMS зениттик-ракеталык комплекси үчүн ок-дарыларды сатып алууга, 10 мобилдик ракеталык комплекси, абадан байкоо жүргүзгөн радарлар, Javelin танктарга каршы системаларына, ок-дарыга бөлүнөт. Бул жардам Украинанын коопсуздугун коргоо демилгесинин (USAI) алкагында берилүүдө.
"АКШ Украинанын керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн өзүнүн өнөктөштөрү менен кызматташууну улантат", - деп жазылган билдирүүдө.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуунун алдында Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүнө берген жардамды жогору баалай турганын айткан. Блинкен Украинага берилген курал-жарактар жана жабдуулар коргоонуу максатында колдонуларын белгилеген.
Орусия Батыш өлкөлөрүнүн Украинага көрсөткөн жардамы боюнча бир нече жолу комментарий берген. Алардын пикири боюнча, Украинага курал жеткирүү менен НАТО “от менен ойноп жатат” жана мындай мыйзамдардын кабыл алынышы “тескери таасирин тийгизет”. Ошондой эле Орусия Украинага курал-жарак жеткирип жаткандыктан, АКШ баш болгон бир катар өлкөлөргө мындай аракеттерди айыптаган нота жөнөткөн.