Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:47
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:50 6.4.2023

Reuters агенттиги ишенимдүү күбөлөргө таянып, Украина контрчалгын үчүн 40 миң адамдан турган куралчан топ чогултканын жазды.

Агенттик бул топ февраль айынан бери социалдык медиа жана көчөдөгү көрнөктөр аркылуу чыгып жаткан жарнаманын негизинде жыйналган ыктыярчылар экенин белгилеген.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко агенттикке топто мурдагы полиция жана аскер кызматкерлеринен тартып аскердик тажрыйбасы жоктор, анын ичинде аялдар да тартылганын айткан. Ал аскердик тажрыйбасы барларды согушка даярдоого эки, тажрыйбасы жокторду даярдоого төрт ай кетерин айткан. Клименко Украинанын мобилизация болуучу потенциалы барын белгилеген. Жаңы адамдар "Азов", "Стальная граница", "Ураган", "Спартанец", "Червона Калина", "Рубеж", "Ярость" жана "Кара Даг" бөлүктөрүнө тартылууда.

Агенттик "Орусия басып алган аймактарды кайтаруу аракети ийгиликсиз аяктаса, Батыштагы өнөктөштөр Киевди Москва менен сүйлөшүү жүргүзүүгө түртүшү мүмкүн" деп жазган.

12:39 6.4.2023

"Билборддор кармашы" - украиналыктар Беларус менен чек арага жакын жерде Бучадагы кадрларды көрсөткөн чоң проектор орнотту.

"Белсат" каналы күбөлөргө таянып, Житомир облусуна орнотулган проектордун үнү чек аралаш аймактарга угулуп жатканын жазды.

Экранда Лукашенконун Орусияны колдоого убада берген сөзүнөн үзүндү, Беларус аймагынан сокуу урулгандан кийинки украин шаарларынын абалы, Бучада каза болгон адамдар көрсөтүлөт. Андан тышкары украин президенти Владимира Зеленскийдин беларустарга кайрылып, согушка катышпоого чакырганын да көрсөтүшкөн.

Ошол эле маалда Беларус дагы украиналыктарга үгүт жүргүзүүдө. Буга чейин украиналыктар чек арага беларустарды "орусиялыктардай баскынчы болбоого чакырган" чакырыктар илинген. Беларус пропагандасы буга "чыныгы оккупанттарды" (АКШны кыйытуу менен-ред.) табууга убада берип, "Беларустун эсинде" деген жазуусу бар Экинчи дүйнөлүк согуштагы сүрөттөрдү илүү менен жооп берген.
12:29 6.4.2023

Крымды бошотуу планы жана Бахмуттагы катуу кармаш

Акыркы жумаларда аннексияланган Крымда орусиялыктар коргонуучу жайларды орнотуп, жарым аралды "бекем корголгон аймактын бирине айлантты" деп жазды The Washington Post. Басылма мындай бүтүмгө Крымдагы спутниктен тартылган жаңы сүрөттөрдү көргөндөн кийин келген. Украинанын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляктын айтымында, Украина Крымды беш же жети ай аралыгында бошотуп алышы мүмкүн, согуш Украинанын бардык аймагы бошотулганда гана токтойт. Ал эми Бахмутта эвакуация ишин жүргүзүүгө мүмкүн боло элек. Шаарды орусиялык күчтөр бир нече айдан бери алууга аракет кылууда.

12:22 6.4.2023

Москва Украина орусиялык коммуникациялык спутниктерге таасир этип жатканын билдирди

Орусиянын ТИМи Украина "башка өлкөдөгү адистер менен чогуу" орусиялык спутник байланыштарына таасир этип жатканын билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кайсы спутниктер тууралуу кеп болуп жатканын тактаган жок Бирок орус ТИМ жооп чаралар болорун айтып коркутту. "Бул эл аралык укукту одоно бузуу. Орус тарап ошондой жол менен жооп кайтара алат. Бул үчүн бардык зарыл чаралар даяр", - деп айтылат Орусиянын тышкы иштер боюнча мекемеси.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG