Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:33
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:38 7.4.2023

Пентагон Украинанын контрчабуулга даярдык көрүү тууралуу жашыруун материалдарынын ачыкка чыгып кетишин иликтеп жатат.

The New York Times АКШ президентинин администрациясындагы булактарына таянып жазгандай, маалыматтар Твиттерге жана Телеграмга жарыяланып, айрым документтер бурмаланган.

Басылманын маектештеринин айтымында, документтерде чабуул жасалчу даталар жана жерлер белгиленген эмес. Бирок Украинанын бери дегенде бир аскер бөлүгүнүн курамы жана курал-жарактары, аскердик техниканы жеткирүү графиктери тууралуу маалыматтар бар.

Документтерде 12 бригаданын тогузу Украинанын Батыштагы союздаштарынын колдоосу менен жабдылышы, бул үчүн 250 танк жана 350 жөө аскерлердин согуштук техникасы колдонулары айтылат. Мындан тышкары, HIMARS ракеталык системалары үчүн ок-дарылардын күнүмдүк керектөөлөрү жөнүндө маалымат камтылган.

Басылма айрым документтер өзгөртүлүп, бурмаланганын белгиледи. Мисалы, согушта Орусиянын жоготуулары 16-17 миң, Украинаныкы 71,5 миңге бааланат.

Пентагон 200 000ге жакын орус жоокери каза болгон жана жараат алган деп божомолдойт. Украинанын 100 000ден ашуун жоокери курман болгону же жараат алганы белгиленет.

Украин бийлиги контрчабуулга даярдык көрүү тууралуу өткөн жылдын аягынан бери айтып келатат. Бул үчүн Киев Батыштан заманбап куралдарды сураган. Акыркы айларда Батыш өлкөлөрү Украинага заманбап танктарды жана жөө аскерлердин согуштук машинелерин, МиГ-29 истребителдерин жеткирүүнү жарыялашкан.

14:12 7.4.2023

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Кытайдын бийлигин Орусияга курал-жарак бербөөгө чакырды. Ал Бээжин Москвага түз дагы, кыйыр түрдө дагы эч кандай аскердик жардам көрсөтпөйт деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

"Агрессорго курал-жарак берүү – эл аралык нормаларды бузат жана биздин ортобуздагы мамилелерге олуттуу терс таасирин тийгизет", – деди Еврокомиссиянын төрайымы Бээжиндеги басма сөз жыйынында.

6-апрелде Урсула фон дер Ляйен менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон Бээжинде сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда эки тараптуу да, үч тараптуу да форматта жолугушуулар болгон.

Урсула фон дер Ляйен Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Кытайдын жоопкерчилиги өтө чоң экенин белгиледи.

Мурдараак Бээжинге Германиянын канцлери жана Испаниянын өкмөт башчысы барып келген. Жакында Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелдин Кытайга аттанары маалым болду.

Талдоочулар европалыктарды биримдиктин ири соода өнөктөшү болгон Кытайдын Орусия менен жакындашуусу сарсанаа кылып жатканын айтышат. Алар Си Цзинпинди Путинди согушта курал-жарак же каржылык жактан колдобоого көндүрүү аракетин көрүшүүдө.

21-мартта Кытай жана Орусиянын жетекчилери Москвада расмий жолугушкан. Анын жүрүшүндө Украина негизги талкууланган маселелердин арасында болчу. Ага чейин Бээжин согушту жөнгө салуу планын сунуш кылган. Бирок Батыш ал сунушту салкын кабыл алган.

14:01 7.4.2023

Бахмутту көзөмөлдөө үчүн болгон кармашта эки тараптан тең оор жоготуулар болду. "Азаттыктын" украин кызматы жөө аскерлердин Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу согушу деп атады. Орусиялык армия Бахмутка 2022-жылдын июлунан бери чабуул коюп жатат. Шаар талкаланды, бирок Украинанын күчтөрү каршылык көрсөтүп, коргонуусун улантууда.

23:25 6.4.2023

Кытайдын лидери Си Цзинпин украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтты. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы бейшембиде билдиргенин Рейтер агенттиги маалымдады. Ушул эле күнү Урсула фон дер Ляйен жана француз президенти Эммануэл Макрон Бээжинде Си Цзинпин менен жолугушкан.

Макрондун айтымында, Батыш украин согушуна чекит коюу жана дүйнө державаларынын эки касташкан лагерге бөлүнүп калышын алдын алуу аракеттерине Кытайды тартыш керек.

Си Цзинпин Москва менен Киев мүмкүн болушунча тезирээк тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшөт деп үмүттөнөрүн айтты. Кытай лидери Бээжинди жаңжалды жөнгө салууда ыктымал арачы кылып көргөзүүгө арактетенгени менен, Батыш ал Орусияны колдойт деп санайт.

“Президент Сиден Зеленский менен сүйлөшүүгө даярдыгын угуу кызыктуу болду”, - деп айткан фон дер Ляйен анын сөздөрүн “позитивдүү” деп сыпаттады.

Маалыматка караганда, Кытай жетекчиси сүйлөшүү “ыңгайлуу шартта жана убакытта өтөрүн” кошумчалады.

Си Цзинпин мартта орус президенти менен Москвада жолуккандан кийин Зеленский Кытайдын лидери менен кездешүү ниетин билдирип келатат.

Макрон менен фон дер Ляйенге чейин Бээжинге Германиянын канцлери жана Испаниянын өкмөт башчысы барып кетишкен.

Жакында Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелдин Бээжинге аттанары маалым болду.

Талдоочулар европалыктарды биримдиктин ири соода өнөктөшү болгон Кытайдын Орусия менен жакындашуусу сарсанаа кылып жатканын айтышат. Алар Си Цзинпинди Путинди согушта курал-жарак же каржылык жактан колдобоого көндүрүү аракетин көрүшүүдө.

21-мартта Кытай жана Орусиянын жетекчилери Москвада расмий жолугушкан. Анын жүрүшүндө Украина негизги талкууланган маселелердин арасында болчу. Ага чейин Бээжин согушту жөнгө салуу планын сунуш кылган. Бирок Батыш ал сунушту салкын кабыл алган

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG