Украинанын президенти Владимир Зеленский Запорожьеде 19 район, шаарда аскердик администрацияларды түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.
“Запорожье аймагындагы калктуу конуштардын аскердик администрацияларын түзүү жөнүндө” документти 7-апрелде президенттин кеңсеси жарыялады.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, облустун дээрлик 60% аймагын орусиялык аскерлер убактылуу оккупациялаган. Кээ бир жерлерде салгылаш уланууда. Айрым калктуу конуштар менен байланыш үзүлгөн. Орусиялык аскерлер 2701 инфраструктуралык объектилерди талкалап, анын 700гө жакыны калыбына келтирилген.
Өлкө чыгышындагы Бахмут калаасында да айыгышкан кармаш уланууда. "Азаттыктын" украин кызматы Бахмуттагы жөө аскерлер арасындагы жоготууну "Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу кармаш" деп жазды.
Орусиялык армия Бахмутка 2022-жылдын июлунан бери чабуул коюп жатат. Шаар талкаланды, бирок Украинанын күчтөрү каршылык көрсөтүп, коргонуусун улантууда.
Орусиялык аскерлер 7-апрель күнү эртең менен Украинанын Херсон облусундагы Станислав кыштагын аткылады. Облустук аскердик администрациянын маалыматына караганда, снаряд турак жайдын чатырын тешип өтүп жарылган. Андан үч адам - 30 жаштагы аял, 10 жаштагы кыз жана 3 жаштагы бала жабыркаган.
Жабырлануучулар Херсон шаарындагы ооруканага жаткырылды. Бала менен энесинин абалы орточо оор. Оор жаракат алган кызга операция жасалды.
Станислав Белозерск районунда жайгашкан.
Украин армиясы былтыр күздөгү контрчабуулда Херсонду орусиялык күчтөрдөн бошоткон. Андан бери Орусия Херсон шаарына чектеш конуштарды тынымсыз аткылоодо.
2-мартта Орусиянын Куралдуу күчтөрү гуманитардык жардам үчүн кезекте турган адамдарды учкучсуз учактардан аткылаганда тогуз киши жараат алган.
11-мартта орус аскерлери Херсон шаарын бутага алганда супермаркеттин жанында бараткан үч жайкын тургун мерт кеткен.
Украинанын чыгышындагы Бахмут калаасын көзөмөлдөө үчүн болгон кармашта эки тарап тең оор жоготууларга кабылды. "Азаттыктын" украин кызматы Бахмуттагы жагдайды жөө аскерлердин Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу согушу деп атады.
Орусиялык армия Бахмутка 2022-жылдын июлунан бери чабуул коюп жатат. Шаар талкаланды, бирок Украинанын күчтөрү каршылык көрсөтүп, коргонуусун улантууда.
Пентагон Украинанын контрчабуулга даярдык көрүү тууралуу жашыруун материалдарынын ачыкка чыгып кетишин иликтеп жатат.
The New York Times АКШ президентинин администрациясындагы булактарына таянып жазгандай, маалыматтар Твиттерге жана Телеграмга жарыяланып, айрым документтер бурмаланган.
Басылманын маектештеринин айтымында, документтерде чабуул жасалчу даталар жана жерлер белгиленген эмес. Бирок Украинанын бери дегенде бир аскер бөлүгүнүн курамы жана курал-жарактары, аскердик техниканы жеткирүү графиктери тууралуу маалыматтар бар.
Документтерде 12 бригаданын тогузу Украинанын Батыштагы союздаштарынын колдоосу менен жабдылышы, бул үчүн 250 танк жана 350 жөө аскерлердин согуштук техникасы колдонулары айтылат. Мындан тышкары, HIMARS ракеталык системалары үчүн ок-дарылардын күнүмдүк керектөөлөрү жөнүндө маалымат камтылган.
Басылма айрым документтер өзгөртүлүп, бурмаланганын белгиледи. Мисалы, согушта Орусиянын жоготуулары 16-17 миң, Украинаныкы 71,5 миңге бааланат.
Пентагон 200 000ге жакын орус жоокери каза болгон жана жараат алган деп божомолдойт. Украинанын 100 000ден ашуун жоокери курман болгону же жараат алганы белгиленет.
Украин бийлиги контрчабуулга даярдык көрүү тууралуу өткөн жылдын аягынан бери айтып келатат. Бул үчүн Киев Батыштан заманбап куралдарды сураган. Акыркы айларда Батыш өлкөлөрү Украинага заманбап танктарды жана жөө аскерлердин согуштук машинелерин, МиГ-29 истребителдерин жеткирүүнү жарыялашкан.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Кытайдын бийлигин Орусияга курал-жарак бербөөгө чакырды. Ал Бээжин Москвага түз дагы, кыйыр түрдө дагы эч кандай аскердик жардам көрсөтпөйт деп үмүттөнүп жатканын билдирди.
"Агрессорго курал-жарак берүү – эл аралык нормаларды бузат жана биздин ортобуздагы мамилелерге олуттуу терс таасирин тийгизет", – деди Еврокомиссиянын төрайымы Бээжиндеги басма сөз жыйынында.
6-апрелде Урсула фон дер Ляйен менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон Бээжинде сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда эки тараптуу да, үч тараптуу да форматта жолугушуулар болгон.
Урсула фон дер Ляйен Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Кытайдын жоопкерчилиги өтө чоң экенин белгиледи.
Мурдараак Бээжинге Германиянын канцлери жана Испаниянын өкмөт башчысы барып келген. Жакында Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелдин Кытайга аттанары маалым болду.
Талдоочулар европалыктарды биримдиктин ири соода өнөктөшү болгон Кытайдын Орусия менен жакындашуусу сарсанаа кылып жатканын айтышат. Алар Си Цзинпинди Путинди согушта курал-жарак же каржылык жактан колдобоого көндүрүү аракетин көрүшүүдө.
21-мартта Кытай жана Орусиянын жетекчилери Москвада расмий жолугушкан. Анын жүрүшүндө Украина негизги талкууланган маселелердин арасында болчу. Ага чейин Бээжин согушту жөнгө салуу планын сунуш кылган. Бирок Батыш ал сунушту салкын кабыл алган.