- АКШнын Коргоо министрлиги Украинага берилген америкалык жардам тууралуу жашыруун маалыматтарды чыгарган булакты издеп жатат. Киев аны орусиялык фейк деп атады.
- Украин күчтөрү Донецкой облусунда орусиялык Су-25 үлгүсүндөгү 30-учакты атып түшүрдү.
- Орусия Украинанын куралдуу күчтөрүнө шаардык курулушта кармаша алганы менен теңтайлашууга аракет кылууда.
- Орусиялык авиация Херсон облусуна алты жолу абадан бомба таштады.
- Брянск облусунун соту украин учкучу Александр Морозовду тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.
- Полтавада совет доорунда тургузулган генерал Алексей Зыгин менен Николай Ватуниндин, акын Александр Пушкиндин эстелигин алып таштоо чечими кабыл алынды.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин өкмөттүн бардык аткаминерлерин атайын уруксаты жок өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды. Алар чет өлкөгө расмий иштер боюнча гана чыга алышат. Бул тууралуу The Bell басылмасы эки маалымат булагына таянып жазды. Ага ылайык, өкмөттүн бардык жетекчилери, анын ичинде министрлер, аппарат жетекчилери, алардын орун басарлары, департамент башчылары өлкөдөн чыгардан мурда Мишустиндин колу коюлган уруксат кагазы болушу шарт.
The Bell мындай чектөө президенттин администрациясында иштеген кызматкерлерге кирбегенин билдирген.
Март айында “Настоящее время” Кремлдин көпчүлүк кызматкерлери башка жакка чыгууга “аракет деле кылбай” турганын жазган. Былтыр бир жыл ичинде президенттин администрациясындагы кызматкерлер бир нече жолу чет өлкөгө чыгышса дагы бул үчүн уруксат берген кагазга администрациянын башчысы Антон Вайно гана кол койо алчу.
Financial Times басылмасы өткөн аптада атайын кызмат жашыруун маалымат колуна тийбей турган орто звенодогу аткаминерлердин жана мамлекеттик компаниялардын кызматкерлеринин чет өлкөгө чыгуучу паспортун алып коюп жатканын жазган. Журналисттер муну “чет өлкөгө качып же маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүнөн корккондогу” чаралар экенин билдиришкен.
Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аткаминерлердин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизилгенин ырастады. Бул айрымдарына формалдуу берилсе, кээ бир учурда кызматкердин өзүнө жараша болорун айткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Запорожьеде 19 район, шаарда аскердик администрацияларды түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.
“Запорожье аймагындагы калктуу конуштардын аскердик администрацияларын түзүү жөнүндө” документти 7-апрелде президенттин кеңсеси жарыялады.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, облустун дээрлик 60% аймагын орусиялык аскерлер убактылуу оккупациялаган. Кээ бир жерлерде салгылаш уланууда. Айрым калктуу конуштар менен байланыш үзүлгөн. Орусиялык аскерлер 2701 инфраструктуралык объектилерди талкалап, анын 700гө жакыны калыбына келтирилген.
Өлкө чыгышындагы Бахмут калаасында да айыгышкан кармаш уланууда. "Азаттыктын" украин кызматы Бахмуттагы жөө аскерлер арасындагы жоготууну "Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу кармаш" деп жазды.
Орусиялык армия Бахмутка 2022-жылдын июлунан бери чабуул коюп жатат. Шаар талкаланды, бирок Украинанын күчтөрү каршылык көрсөтүп, коргонуусун улантууда.
Орусиялык аскерлер 7-апрель күнү эртең менен Украинанын Херсон облусундагы Станислав кыштагын аткылады. Облустук аскердик администрациянын маалыматына караганда, снаряд турак жайдын чатырын тешип өтүп жарылган. Андан үч адам - 30 жаштагы аял, 10 жаштагы кыз жана 3 жаштагы бала жабыркаган.
Жабырлануучулар Херсон шаарындагы ооруканага жаткырылды. Бала менен энесинин абалы орточо оор. Оор жаракат алган кызга операция жасалды.
Станислав Белозерск районунда жайгашкан.
Украин армиясы былтыр күздөгү контрчабуулда Херсонду орусиялык күчтөрдөн бошоткон. Андан бери Орусия Херсон шаарына чектеш конуштарды тынымсыз аткылоодо.
2-мартта Орусиянын Куралдуу күчтөрү гуманитардык жардам үчүн кезекте турган адамдарды учкучсуз учактардан аткылаганда тогуз киши жараат алган.
11-мартта орус аскерлери Херсон шаарын бутага алганда супермаркеттин жанында бараткан үч жайкын тургун мерт кеткен.
Украинанын чыгышындагы Бахмут калаасын көзөмөлдөө үчүн болгон кармашта эки тарап тең оор жоготууларга кабылды. "Азаттыктын" украин кызматы Бахмуттагы жагдайды жөө аскерлердин Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу согушу деп атады.
Орусиялык армия Бахмутка 2022-жылдын июлунан бери чабуул коюп жатат. Шаар талкаланды, бирок Украинанын күчтөрү каршылык көрсөтүп, коргонуусун улантууда.