Кулеба Крымдагы орусиялыктар тууралуу: "Украин жерлеринде рахат алуунун мөөнөтү бүтүп баратат"
«Яндекс» издөө системасынын маалыматы орусиялыктардын Крымга кызыгуусу жоголгонун айгинелеп турат деп билдирди Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.
Анын айтымында, орусиялыктар Украинадан уурдалган жерлерден рахат алуу аягына чыгып баратканын түшүнө баштады.
"Март айында "Крымда эс алуу" деген издөө (129 000) 2022-жылга караганда (261 000) эки эсе аз болгон. Карапайым украиналыктар да Украинадан уурдап алынган жерлерде эс алуу мүмкүн болбой калганын түшүнүп турат", - деп айтылган мекеменин Твиттердеги билдирүүсүндө.
Орусиялык "мекенчил" Телеграм-каналдар фотошоптун жардамы менен "АКШнын чалгын кызматынын маалыматын" орусиялык күчтөрдүн жоготуусун төмөндөтүү менен таратууда
Буга The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Ярослав Трофимов көңүл бурган. Маалымат чыгып кетти деген скриншоттор орусиялык каналдарда тарап атат. Графикалык редактордун жардамы менен андагы Орусиянын согуштагы жоготуусу 43,5 миң адамдан 17,5 миңге түшкөн. Украинанын 17,5 жоготуусу 71,5 миң деп жогорулатып көрсөтүлгөн. Фейктин авторлору Орусиянын 6000 миң танкы кыйраган деген жериндеги бир нөлдү жана жок кылынган 72 учак тууралуу айтылган жердеги "2" санын алып салышкан. Кыйраган 82 тик учактын "2" санын алып коюшкан.
- АКШнын Коргоо министрлиги Украинага берилген америкалык жардам тууралуу жашыруун маалыматтарды чыгарган булакты издеп жатат. Киев аны орусиялык фейк деп атады.
- Украин күчтөрү Донецкой облусунда орусиялык Су-25 үлгүсүндөгү 30-учакты атып түшүрдү.
- Орусия Украинанын куралдуу күчтөрүнө шаардык курулушта кармаша алганы менен теңтайлашууга аракет кылууда.
- Орусиялык авиация Херсон облусуна алты жолу абадан бомба таштады.
- Брянск облусунун соту украин учкучу Александр Морозовду тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.
- Полтавада совет доорунда тургузулган генерал Алексей Зыгин менен Николай Ватуниндин, акын Александр Пушкиндин эстелигин алып таштоо чечими кабыл алынды.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин өкмөттүн бардык аткаминерлерин атайын уруксаты жок өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды. Алар чет өлкөгө расмий иштер боюнча гана чыга алышат. Бул тууралуу The Bell басылмасы эки маалымат булагына таянып жазды. Ага ылайык, өкмөттүн бардык жетекчилери, анын ичинде министрлер, аппарат жетекчилери, алардын орун басарлары, департамент башчылары өлкөдөн чыгардан мурда Мишустиндин колу коюлган уруксат кагазы болушу шарт.
The Bell мындай чектөө президенттин администрациясында иштеген кызматкерлерге кирбегенин билдирген.
Март айында “Настоящее время” Кремлдин көпчүлүк кызматкерлери башка жакка чыгууга “аракет деле кылбай” турганын жазган. Былтыр бир жыл ичинде президенттин администрациясындагы кызматкерлер бир нече жолу чет өлкөгө чыгышса дагы бул үчүн уруксат берген кагазга администрациянын башчысы Антон Вайно гана кол койо алчу.
Financial Times басылмасы өткөн аптада атайын кызмат жашыруун маалымат колуна тийбей турган орто звенодогу аткаминерлердин жана мамлекеттик компаниялардын кызматкерлеринин чет өлкөгө чыгуучу паспортун алып коюп жатканын жазган. Журналисттер муну “чет өлкөгө качып же маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүнөн корккондогу” чаралар экенин билдиришкен.
Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аткаминерлердин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизилгенин ырастады. Бул айрымдарына формалдуу берилсе, кээ бир учурда кызматкердин өзүнө жараша болорун айткан.