Украинанын аскерлеринин орус армиясы басып алган Запорожье атомдук станциясын (АЭС) кайтаруу аракети ийгиликсиз болгонун Британиянын Times гезити жазды.
Андагы маалыматта былтыр 19-октябрга караган түнү 600дөй украин аскери 30 катер менен Днепр аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бирок орусиялык күчтөрдүн коргонуусу абдан тыгыз болгондуктан, чабуул жасаган тарап муну күткөн эмес.
Атын атагысы келбеген украин жоокери журналисттерге "Биз жакындай баштаганда алар танктарды жана артиллерияны да тартып, бизди түз эле суунун үстүндө аткылай башташты" деп билдирген.
Днепрден өтүп баратканда украин аскерлери орустардын позицияларын HIMARSтын жардамы менен атууга үлгүргөн.
"Акыры украин аскерлеринин чакан тобу гана жээкке жете алган. Алар Энергодардын четинде орус армиясы менен үч саатка созулган атышуудан кийин артка чегинүүгө аргасыз болушкан", - деп жазды Times.
Журналисттер радиация чыгып кетүү коркунучуна карабай Запорожье атомдук станциясын Киевдин көзөмөлүнө кайтарууга ишенген украин бийликтеринин аракети суроо жаратып жатканын белгилешет.
“Энергоатомдун” жетекчиси Петр Котиндин айтымында, станцияны Украинага кайтаруунун бир гана жолу - украин аскерлери ок чыгарбастан Крым менен Мелитополго карай илгерилегенде гана мүмкүн болмок.
Киев менен Москва азырынча Times гезити чыгарган маалыматка комментарий бере элек.
Социалдык тармактарда АКШнын Украина, Жакынкы Чыгыш жана Кытайга байланыштуу жашыруун документтеринин бир бөлүгү пайда болгонун америкалык New York Times гезити жазды.
Жалпысынан жүздөн ашуун документ жарыяланышы мүмкүн эле, анын ичинде бир топ убактан бери салгылашуу жүрүп жаткан Бахмуттун аскердик картасы, "Кытай, Инд-Тынч океан аскер театры, Жакынкы Чыгыш жана терроризм боюнча жашыруун брифингдерден слайддар" бар. 23-февралдагы слайддардын бири Secret/NoForn - "чет өлкөлөргө жайылтууга болбойт" деп жазылган.
Пентагондун мурдагы жогорку даражалуу кызматкери Мик Малрой жашыруун маалыматтын чыгып кетишин "коопсуздуктагы олуттуу жарака, жик" деп атаган. Анын пикиринде, басымдуу бөлүгүн сүрөттөр түзгөн документтердин файлын "Украинанын, АКШнын жана НАТОнун аракеттерине зыян келтирүүнү каалаган" бирөө атайын жайгаштырган.
АКШнын чалгын кызматынын жогорку кызматкери маалыматтардын чыгып кетишин Австралия, Канада, Жаңы Зеландия, Бритиния жана АКШ чалгын альясы үчүн "коркунучтуу жагдай" деп атаган.
Буга чейин New York Times гезити Украинага пландалган жардам жана украин армиясынын жооп иретиндеги чабуулу тууралуу жашыруун документтердин биринчи бөлүгү жарыяланганын жазган.
Пентагон жашыруун маалыматты жарыялагандарды издеп жатат. Украинанын президентинин кеңсеси аны "фотошоп" же "жалган маалымат" деп атады. Бул жагдайга комментарий берген Москва Украинадагы согушка АКШ менен НАТОнун түз же кыйыр кийлигишүүсүнөн күмөн санабай турганын билдирди.
Орусиянын Юстиция министрлиги журналист Аркадий Бабченкону “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизди. Аталган мекеменин арызына караганда, Бабченко “Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоо үчүн каражат топтогон”, “бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты жөнүндө жалган маалымат тараткан”.
Бабченко Чеченстандагы жаңжалда “Московский комсомолец” басылмасында аскердик кабарчы болуп иштеп, “Новая газета” жана башка телеканалдар менен кызматташкан. Ал Украинада 2014-жылдагы окуяны чагылдырган. 2008-жылдагы орус-грузин согушун, Евромайдан окуяларын, Донбасстагы куралдуу кагылышты жана Стамбулдун Таксим аянтындагы тополоңду көз карандысыз журналист катары чагылдырган. 2017-жылы өз коопсуздугу үчүн Орусиядан чыгып кеткенин билдирген.
Бабченко орус президенти Владимир Путиндин саясатын катуу сындап жүргөндөрдүн бири. Орусиядан чыгып кеткенден кийин ал Украинада жашап жүргөн.
2018-жылы ал киши колдуу болгону тууралуу кабар тарап, көп өтпөй эле тирүү экени белгилүү болгон. Украин атайын кызматы муну буюртма киши өлтүрүүнүн алдын алуу операциясы деп түшүндүргөн.
Журналист Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
2020-жылы Орусия аны террористтердин жана экстремисттердин катарына кошуп, 2023-жылы издөө жарыялаган.
Бабченко өзүнүн “чет элдик тыңчы” тизмесине киришине байланыштуу комментарий берип, Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого каражат чогултуп жатканын ырастаган. Ал уюштурган фонд согуш башталгандан бери 1 млн. евро чогултканын билдирди.
“Чет элдик агенттердин” тизмесине “Эхо Москвы” радиостанциясынын сайтынын мурдагы редактору Виталий Рувинский дагы кирген.
Орусияда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тергөөчүлөрү Wall Street Journal (WSJ ) басылмасынын журналисти Эван Гершковичке расмий түрдө "тыңчылык кылган" деп айып тагышты. Бул тууралуу Интерфакс жана ТАСС кабарлады. Анын иши "өтө жашыруун" грифи менен иликтенүүдө.
Журналист бардык айыптоолорду четке кагып, Орусияда журналисттик ишмердүүлүк менен алектенип жүргөнүн билдирүүдө.
Америкалык журналисттин кармалганы 30-мартта белгилүү болгон. Ошол эле күнү Москва шаарынын Лефортово райондук соту Гершковичти 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган.
Орусиянын коопсуздук кызматы (ФСБ) аны АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп айыптаган.