Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:43
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:19 9.4.2023

9-апрелге караган түнү орусиялык аскерлер Запорожьени дагы аткылады. Бул тууралуу шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев билдирди.

Маалыматка караганда эки ракета Запорожьенин жеке секторунда жайгашкан турак үйлөрдүн бирине тийген. Натыйжада имарат талкаланган. Жарылуудан улам жакын жайгашкан имараттардын терезелери жана чатырлары сынган.

“Азырынча эки киши набыт болгону белгилүү - бир эркек киши жана анын 2012-жылы туулган кызы. Кыз“Тез жардамдын” ичинде ооруканага жетпей үзүлдү”, - деди Куртев.

Анын айтымында бир аял ооруканага жеткирилип, дагы бирине жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Аткылоодон улам тутанган өрт турак жайдын 100 чарчы метр аянтын каптаган. Азыр өрт өчүрүлүп, куткаруу иштери толук аяктаган.

Орус күчтөрү Запорожье облусун такай аткылап келет.

Москва согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери көптөгөн айныгыс далилдерге карабастан карапайым жарандарды бутага алып жатканын моюнуна албай келет.

14:47 9.4.2023

Украина Херсон жана Харьков облустарынан Орусиянын аймагына чыгарылып кеткен 31 баланы кайтарып алды. Бул тууралуу Save Ukraine кайрымдуулук фонду билдирди.

“Орусиялыктар Херсон жана Харьков облустарынан уурдап кеткен балдар чек арадан өтүштү. Азыр алар коопсуз жайда. Бир нече айдан кийин алар кайра өз үй-бүлөлөрүнө кайтып келишет”, - деп жазды фонддун жетекчиси Николай Кулеба фейсбук баракчасына.

Бул аталган фонддун бешинчи куткаруу миссиясы.

“Ар бир кайтарылган бала алардын [орустардын] кылмыштарынын айныгыс далили болуп жатканын түшүнүп турат”, - деди Кулеба РБК-Украина басылмасына сүйлөп жатып.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Владимир Путинди жана Мария Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу деп айыпталган. Мындай аракет согуш кылмышы болуп эсептелет.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт. Өз дарегине айтылган айыптоону чекте кагып, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.

13:08 9.4.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский мусулман динин туткан аскерлер үчүн уюштурулган ооз ачыруу (ифтар) иш-чарасына катышты. Ага дипломаттар, Крым-татар элинин межилисинин өкүлдөрү да катышканын украин президентинин администрациясы билдирди. Зеленский мындай иш-чара мусулмандардын ыйык Рамазан айында эми салтка айлана турганын айтты. Ооз ачыруу 7-апрелде болгон.

Владимир Зеленский анда Украинадагы мусулмандарга ыраазычылык айткан.

20:58 8.4.2023

Краматорскидеги каргашага бир жыл

Украина Краматорскиге орусиялык күчтөр сокку ургандан кийин каза болгондорду эскерүүдө. 2022-жылы 8-апрелде орусиялык аскерлер "Точка-У" ракеталык комплексинен Краматорскидеги темир жол вокзалына сокку урган. Ошол маалда вокзалда коопсуз аймактарга эвакуация болуу үчүн барган төрт миңдей адам болгон. Соккудан 61 адам өлүп, 120 адам жараат алган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG