Украина согуштун материалдык чыгымын санады
Орусия кол салгандан бери Украинада 74 400 турак жай, 2,5 миң окуу жайлары, 500 оорукана, 400 маданий жай, 120 диний объект, 4,5 миң байланыш жана коммуникация объектилери кыйрады. Орусиянын аскердик агрессиясынан Украина тарткан материалдык чыгым болжол менен 700 млрд. доллар деп бааланууда.
Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына таянуу менен өлкө президентинин аппаратынын кеңсесинин өкүлү Олег Гаврыш билдирди. Анын айтымында, Украина эл аралык коомчулуктун жана уюмдардын жардамы менен Орусияга кенемте төлөтүү үчүн болгон аракетин жумшайт.
- автор Санжар Эралиев
Орусиянын күчтөрү Украинанын Бахмут шаарынын аймагынын 75% көзөмөлдөп жатканын билдирди. Киев муну бышыктаган жок. Калаада айыгышкан салгылаш уланууда.
Москва негизги күчүн Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка багытына жумшап жатат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы бир суткада каршылаш тараптын 50дөн ашууну чабуулунун мизи кайтарылганын маалымдады. Ал тапта Орусиянын Мамлекеттик Думасы аскердик комиссариатка электрондук чакырууну мыйзамдаштырган долбоорду караганы турат.
Пушилиндин формалдуу маалыматы
Бахмутта калган саналуу гана тургундар шаардагы тынымсыз аткылоонун, аскердик техниканын үнүнө, жоготууларга, талкалоолорго көнүп бараткандай.
10-апрелде Reuters агенттигинин кабарчысы микрофон сунганда калаанын тургундарынын бири: “Колубуздан эмне келмек эле? Суу жок, электр жарыгы жок. Эч нерсе жок”,- деп жооп берди.
Донецк облусундагы Бахмут шаары бир канча айдан бери Украинадагы согуштун очогу болуп турат. Акыркы күндөрү орус күчтөрү Бахмуттун бир катар кварталдарын ээлегени кабарланды. Украин армиясы шаардын батыш бөлүгүн коргоодо.
Орусия бул жердеги салгылашта "Вагнер" жалданма аскер уюмунун күчтөрүнө таянууда. Муну Донецк облусундагы жикчилдердин лидери Денис Пушилин 10-апрелде Орусиянын мамлекеттик каналына ырастады.
"Вагнер тобу алдыга жылып жатат. Шаардын 75% ашыгы биздин көзөмөлдө экенин айта алам", - деген Пушилин анын маалыматы тек гана формалдуу билдирүү экенин, азырынча фактыларды көрсөтө албай турганын кошумчалады. Киев "Бахмуттун көп бөлүгү колдон чыгарылды" деген маалыматты тастыктаган жок.
Украинанын чыгыштагы аскер күчтөрүнүн командири, генерал-полковник Александр Сырский Бахмуттагы кырдаал "татаал, бирок көзөмөл астында" экенин айтты. Анын белгилешинче, орусиялык күчтөр стратегиялык жана оорукана баштаган керектүү объектилерди жер менен жексен кылган тактикага өткөн. Согушка чейин 70 миң киши жашаган Бахмуттун көп тургундары башка жакка кетүүгө аргасыз болушту.
Авдеевканы курчоо аракети
Орусиялык күчтөр артиллерия жана авиацияны колдонуу менен Авдеевканы да курчоого алууга аракет кылып жатканын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн "Таврия" тобунун жетекчиси, генерал Александр Тарнавский билдирди.
11-апрелде эртең менен украин армиясы бир сутка ичинде өлкө чыгышында орус күчтөрүнүн 52 чабуулунун мизин кайтарганын кабарлады.
Расмий кабарда айтылгандай, өткөн суткада орус армиясынын Лиман багытындагы Макеевка, Чернопоповка, Белогоровка калктуу пункттарына жакын чабуулдары ийгиликсиз аяктаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшемби күнкү кайрылуусунда "Орусия өзүн дүйнөдөн, адамзаттан ого бетер обочолонтуп жатканын" билдирген.
Ал тапта Вашингтон Украинанын абадан коргонуу системасы жаз айларынын соңунда алсырашы ыктымал деп чочулап турат. Бул тууралуу The New York Times басылмасы Пентагондун жашыруун маалыматтарына таянып жазды.
Пентагондун прогнозунда украиналык абадан коргонуу күчтөрү 23-майга чейин алсырашы ыктымал. Америкалык басылма эгер бул маалымат чын болсо, Орусиянын армиясы фронттогу кырдаалды өзгөртүү үчүн авиацияны көбүрөөк колдоно башташы мүмкүндүгүн боолголойт.
Басылмага комментарий берген Украинанын Аскер аба күчтөрүнүн спикери Юрий Игнат зениттик куралдар жетишсиз болуп жатканын четке каккан жок. Бирок Батыштын Аскер аба күчтөрү бул көйгөйдү чечип, украин армиясындагы ракета тартыштыгын "жер-аба" үлгүсүндөгү ракеталар менен жойсо болорун белгиледи.
Армияга электрондук чакыруу
Орусиянын Мамлекеттик Думасы аскердик комиссариатка электрондук чакырууну мыйзамдаштырган долбоорду караганы турат. Коргоо комитети кагаз түрүндөгү чакырууну алуудан баш тарткандарга электрондук версиясын жөнөтүүнү сунуш кылды. Жаңы эрежеде аскер комиссариатына чакырылган жаран эки жума аралыгында барбай койсо, анын чет өлкөгө чыгуусу чектелет. 20 күндөн кийин унаа айдоого, кыймылсыз мүлк алып же сатуу, жеке ишкер катары катталуу, кредит алууга тыюу салынат.
Учурда Орусияда комиссариатка чакырууну көз жаздымда калтыргандар үчүн 500дөн 3 миң рублга чейин айып пул каралган.
30-мартта Орусиянын президенти армияга кезектеги чакыруу буйругуна кол койгон. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ошондо биринчи жолу электрондук чакыруулар жибериле баштарын билдирген.
"Радио Свобода" жазгандай, федералдык мыйзамдарда электрондук чакырууга уруксат берген пункт жок.
Египеттин президенти Абдель Фатах ал-Сиси Орусияга жашыруун жөнөтүү үчүн 40 миңдей ракета чыгаруу буйругун берген.
Бул тууралуу ачыкка чыгып кеткен америкалык документтерге шилтеме менен The Washington Post (WP) гезити жазды.
Маалыматка караганда, “өтө жашыруун” деген гриф коюлган быйылкы февралдагы документте ал-Сиси менен жогорку аскер адамдарынын сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну камтылган.
Анда Орусияга артиллериялык дүрмөттөрдү жиберүү планы кеп болгон. Документке ылайык, президент аткаминерлерге “Батыш менен маселе чыкпасын” деп, бул ишти купуя кармоону айткан. Египеттин курал-жарак өндүрүш министри Салах ал-Диндин "орусиялыктар эмне болсо да сатып алууга даяр" деп айткан сөздөрү келтирилген.
Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Абу Зейд "өлкө эң башынан бул кризиске кийлигишпөө позициясын карманганын” журналисттерге айтты.
Атын атабаган америкалык аткаминер Вашингтон ракаталар берилгенинен кабардар экенин билдирди. The Washington Post белгилегендей, Орусияны курал менен камсыздоо Египетке каршы санкцияларга алып келиши ыктымал. 1987-жылдан бери өлкө АКШнын “НАТОдон тышкаркы негизги өнөктөшү” деген макамга ээ.
Орусиялык күчтөр артиллерия жана авиацияны колдонуу менен Авдеевканы курчоого алууга аракет кылууда
Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн "Таврия" тобунун жетекчиси, украин генералы Александр Тарнавский билдирди.
Украинанын чыгышындагы 10-апрелге карата фронттогу кырдаалдын картасы: