Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51
Украиналык куткаруучулар 2026-жылдын 24-январында Киевде аба чабуулунан кийин чыккан өрттү өчүрүүдө.
Украиналык куткаруучулар 2026-жылдын 24-январында Киевде аба чабуулунан кийин чыккан өрттү өчүрүүдө.

Түз ободо Украина Москванын баллистикалык ракетасынан кантип коргонот?

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:43 11.4.2023

The New York Times: Вашингтон Украинанын абадан коргонуу системасы жаз айларынын соңунда алсырашы ыктымал деп чочулап турат

The New York Times гезити бул маалыматты Пентагондун жашыруун маалыматтарына таянып жазууда. Пентагондун прогнозунда украиналык абадан коргонуу күчтөрү 23-майга чейин алсырашы ыктымал. Америкалык басылма эгер бул маалымат чын болсо, Орусиянын армиясы фронттогу кырдаалды өзгөртүү үчүн авиацияны көбүрөөк колдоно башташы мүмкүн.

NYTга чыккан бул маалыматка Украинанын Аскер аба күчтөрүнүн спикери Юрий Игнат комментарий берди. Ал Украинада зениттик куралдар жетишсиз болуп жатканын четке каккан жок. Бирок Батыштын Аскер аба күчтөрү бул көйгөйдү чечип, украин армиясындагы ракета тартыштыгын "жер-аба" үлгүсүндөгү ракеталар менен жойсо болорун белгиледи.

03:06 11.4.2023

Орус күчтөрүнүн соңку ракета чабуулу Украинанын Запорожье шаарынын бир тургунунун жана анын 11 жаштагы кызынын өмүрүн алды. Орусия шаардын жака белиндеги күйүүчү май сакталган кампаны бутага алганын билдирүүдө. Украин армиясы акыркы бир сутканын ичинде Донбасста орусиялык аскерлердин 58 чабуулунун мизин кайтарганын маалымдады.

"Уктап жатышкан бөлмөгө ракета түшүптүр"

Орус армиясынын 9-апрелдеги чабуулунан Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье шаарынын 50 жаштагы тургуну дароо көз жумса, анын 11 жаштагы кызы ооруканага жетпей үзүлгөн. Ал эми маркумдун 46 жаштагы аялын куткаруучулар урандылардын алдынан таап чыгышты. Анын тулку бою күйүп, абалы оор экени кабарланып жатат.

Ракетанын соккусуна кабылган үй-бүлөнүн кошунасы Виктор Хранкин Reuters агенттигине мындай деп айтып берген:

"Ракета булар уктап аткан бөлмөгө түшүптүр. Атасы тирүүлөй эле күйүп кеткен окшойт. Кичинекей кыз "Тез жардамдын" унаасынан үзүлдү. Апасын болсо оорукана алып кетишкен. Бирок анын акыбалы жакшы эместей".

Ракета тийген үй.
Ракета тийген үй.

Reuters жарыялаган фото, видеодон ракета тийген үй толугу менен кыйрап, жакын жайгашкан турак жайлардын да талкаланып калганын көрүүгө болот. Украина тараткан расмий маалыматтарда Орусия басып киргенден бери 468 бала каза болуп, 1000ге жакыны ар кандай жаракат алган.

Орусия Запорожье облусунун 60-70% жана бул аймактагы Мелитополь, Бердянск шаарларын толук окупациялап алган. Орус күчтөрү Украинанын көзөмөлүндөгү Запорожье шаарын маал-маалы менен аткылап турат. Мындай чабуулдардан жайкын тургундар жапа чегүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Пасха майрамынын алдында, православдар үчүн маанилүү күндө сокку урганын айыптады.

"Атасы менен кошо каза тапкан Ирина 11 жашка чыкмак. Мен анын жакындарына көңүл айтам. Апасы оор абалда жатат. Террордук мамлекет диний майрамды ушинтип белгилейт. Орусия ушундай жол менен өзүн дүйнөдөн, адамзаттан ого бетер обочолонтуп жатат”.


Орусиянын Коргоо министрлиги жай тургундарга сокку урганын четке кагып, Запорожьедеги 70 миң тонна күйүүчү май сакталган кампаны жок кылганын кабарлады. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек.

Согуштун очогуна айланган Бахмут

Донецк облусундагы Бахмут шаары – дагы да болсо Украинадагы согуштун очогу болуп турат. Акыркы күндөрү орус күчтөрү Бахмуттун бир катар кварталдарын ээлегени кабарланды. Украин армиясы шаардын батыш бөлүгүн коргоп турат. Согушка чейин 70 миң киши жашаган Бахмутта азыр саналуу эле тургун калган. Шаардын бир бөлүгү толугу менен талкаланды. Жергиликтүү тургундардын бири журналисттерге:

“Эмне кыла алмак элек. Шаарда суу жок, жарык эчак эле өчкөн. Эч нерсебиз жок”, - деген.

Бахмут шаары. Сүрөт 15-мартта тартылган.
Бахмут шаары. Сүрөт 15-мартта тартылган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы суткада өлкө чыгышында орусиялык 40ка чукул чабуулдун мизи кайтарылды. Алардын дээрлик жарымы Бахмут аймагына туура келет. Орусиялык аскер күчтөрү украин аймагына 23 авиациялык, 4 ракеталык сокку урган. Ошондой эле орусиялыктар негизги чабуулдарын Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттарында улантууда.

Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик талдоочулар эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.

Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн.

20:48 10.4.2023

Украина менен Орусия 10-апрелде кезектеги согуш туткундарын алмашып, Москвага 106, Киевге 100 жаран кайтарылды.

Украин президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Андрей Ермак муну ырастады. Алардын арасында Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери, моряктар, чек арачылар жана Улуттук гвардиянын аскерлери бар. Ермактын айтымында, айрымдары жараат алган жана ооруп жатышат. Аларга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 106 туткун Москвага жеткириле турганын билдирди. Алар Коргоо министрлигинин медициналык мекемелеринде дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.

Украина менен Орусия 7-мартта да туткундарды алмашкан. Анда 130 украиналык жана 90 орусиялык мекенине кайтарылган. Февралда 101 адамга 101 форматында өз ара туткун айырбаштоо болгон.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киев 2000ден ашуун жаранын туткундан бошотту.

16:49 10.4.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG