Пентагондун жашыруун документтери ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу Киев айрым аскердик пландарын өзгөрттү. Бул тууралуу CNN телеканалы Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жакын булакка таянып кабарлады.
Билдирүүдө кандай пландар өзгөргөнү так айтылбайт. Ошол эле маалда Пентагон адатта күн сайын өкмөттөгү жүздөгөн адамга жеткиликтүү болгон өзгөчө маанилүү документтердин санын кыскартканы белгиленген.
АКШнын Коргоо министрлиги өлкөнүн, союздаштарынын жана өнөктөштөрүнүн улуттук коопсуздугуна тийгизген таасирин аныктоо үчүн интернетке жарыяланган документтердин аныктыгын текшере баштады. Пентагондун маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингх билдиргендей, текшерүүнү АКШнын Юстиция министрлиги жүрүзүп жатат.
Жашыруун документтер, анын ичинде Украинанын контрчабуулдарына, курал-жарак жеткирүүгө, аскерлердин санына, Жакынкы Чыгыш жана Кытайга тиешелүү маалыматтар интернетте март айынын аягында тараган.
Документтердин биринде Украинанын чабуулга даярданып жаткан бригадаларынын машыгуулары, танктары, брондолгон унаалары жана батыш өнөктөштөрүнүн Киевге берген жардамынын тизмеси жарыяланган.
Украин президентинин кеңсеси жарыяланган маалыматтарды "фотошоп" деп атаган. Киев документтерди ачыкка чыгаруу операциясы Орусияга тиешелүү болушу мүмкүн экенин да четке какпайт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Пасха майрамынын алдындагы соккуларын айыптады.
Ал жекшембидеги кайрылуусунда, Запорожье шаарындагы чабуулда 11 жаштагы кыздын жана анын атасынын өмүрүн кыйылганына токтолуп, "террордук мамлекет диний майрамды ушинтип белгилейт" деди.
Зеленский "Орусия өзүн дүйнөдөн, адамзаттан ого бетер обочолонтуп жатканын" айтып, келерки жылдагы Пасханы украиналыктар тынч жана эркиндик менен тосо турганын билдирди.
Бир күн мурун Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы орус аскерлери Запорожьедеги турак жайга сокку урганда 50 жаштагы тургун менен анын 11 жаштагы кызы каза болгонун кабарлаган.
10-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялык аскерлер Донбасста төрт багытта - Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинкада чабуулду улантканын, 58 соккунун мизи кайтарылганын маалымдады.
Украинанын Донецк облусуна караштуу Бахмут шаарында айыгышкан кармаш уланууда. Украин армиясы шаар үчүн маанилүү болгон көпүрөнү орусиялык күчтөр жардырып жибергенине карбай (Хромово кыштагындагы көпүрө) ок-дары, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоо уланып жатканын билдирди. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш аскер командачылыгынын басма сөз катчысы Сергей Череватый украин телеканалына курган маегинде айтты.
Анын айтымында, Бахмуттан жарадар болгон украин аскерлерин алып чыгып кетүүгө да мүмкүнчүлүк болууда.
Акыркы күндөрү орусиялык күчтөр Бахмуттун бир катар кварталдарын ээлегени кабарланды. Украин күчтөрү шаардын батыш бөлүгүндө коргонууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы суткада өлкө чыгышында орусиялык 40ка чукул чабуулдун мизи кайтарылды. Алардын дээрлик жарымы Бахмут аймагына туура келет. Орусиялык аскер күчтөрү украин аймагына 23 авиациялык, 4 ракеталык сокку урган. Ошондой эле орусиялыктар негизги чабуулдарын Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Мариинск багыттарында улантууда.
Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик талдоочулар эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.
Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн.
9-апрелге караган түнү орусиялык аскерлер Запорожьени дагы аткылады. Бул тууралуу шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев билдирди.
Маалыматка караганда эки ракета Запорожьенин жеке секторунда жайгашкан турак үйлөрдүн бирине тийген. Натыйжада имарат талкаланган. Жарылуудан улам жакын жайгашкан имараттардын терезелери жана чатырлары сынган.
“Азырынча эки киши набыт болгону белгилүү - бир эркек киши жана анын 2012-жылы туулган кызы. Кыз“Тез жардамдын” ичинде ооруканага жетпей үзүлдү”, - деди Куртев.
Анын айтымында бир аял ооруканага жеткирилип, дагы бирине жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Аткылоодон улам тутанган өрт турак жайдын 100 чарчы метр аянтын каптаган. Азыр өрт өчүрүлүп, куткаруу иштери толук аяктаган.
Орус күчтөрү Запорожье облусун такай аткылап келет.
Москва согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери көптөгөн айныгыс далилдерге карабастан карапайым жарандарды бутага алып жатканын моюнуна албай келет.