Орусиянын президенти 14-апрелде аскерге электрондук жол менен чакырган мыйзамга кол койду. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Адистер буга чейин жаңы эрежелер орус жарандыгын алган мигранттарга да түздөн-түз таасир этерин эскерткен.
Славянскиде дагы эки адамдын сөөгү табылды
Аларды орусиялык күчтөрдүн ракета соккусунан кийин кыйраган үйдүн алдынан алып чыгышты. Бул соккунун жалпы курмандыктары 11 кишиге жетти.
Денис Шмыгаль: Контрачабуул жакын арада башталат
"Эч нерсе биздин контрчабуул жасоо планыбызга таасир этпейт. Биздин максат - жеңиш, биздин максат украиналык аймакты 1991-жылда белгиленген чек арага чейин бошотуу. Биз контрчабуул жакын арада болоруна ишенебиз. АКШ бизди колдоп жатат", - деди Украинанын премьер-министри.
Буга чейин Шмыгаль украин контрчалгыны жайга чейин жылышы мүмкүн экенин айткан.
Ал арада Орусия дагы Украинанын контрчабуулуна даярдык көрүп жатканы кабарланууда. Maxar компаниясы спутниктен тарткан Крымдын сүрөттөрүнөн Орусиянын чептери жана окоптору көрүнүп турат. Эксперттер жарым аралдан орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу украин аскерлери үчүн кыйынга турарын эскертүүдө. Киев бийлиги Москва 2014-жылы аннексиялап алган Крымды кайтарып алууну көздөп жатат.
Украинанын Донецк облусундагы Славянск шаарын орусиялык аскерлердин аткылоосунан сегиз жай тургун каза таап, 21 киши жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленко 14-апрелде билдирди.
"Өлгөндөрдүн арасында эки жаштагы бала бар. Тилекке каршы урандылардын алдынан алып чыккан соң, наристени сактап кала албадык", - деп жазды Кириленко Фейсбуктагы баракчасына.