Эл аралык коомчулук Орусияда оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзанын 25 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилишин “саясий иш” деп сыпаттап, аны дароо бошотууну талап кылууда. Саясатчы мамлекеттик чыккынчылык, армия тууралуу жалган маалымат таратуу айыптарын четке кагууда.
Орусиянын Иркутск шаарынын жанында Украинадагы согушта мерт болгон аскерлердин жана "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жалдаган кишилердин сөөгү көмүлгөн эки жаңы жай табылды.
Бул тууралуу "Байкал адамдары" басылмасы жазды. Эки жай тең шаардан 11 чакырым алыс Александров көрүстөнүндө жайгашкан.
Журналисттердин ырасташынча, ал жердеги "Баатырлар аллеясында" 13 адамдын сөөгү жашырылган. Ал эми көрүстөндүн борборунан алыс бир бурчунда 53 "вагнерчи" жерге берилген.
Аталган басылманын маалыматына караганда, бул көрүстөндөн анча алыс эмес жердеги токойдун бир бөлүгү былтыр сентябрь-октябрь айлары кыйылып, жай казууга даярдалган жана бул тууралуу өткөн айда белгилүү болгон.
Журналисттер бул жерде сөөгү көмүлгөн 43 "вагнерчи" буга чейин соттолуп, абакта отурган 20 жаштан 62 жашка чейинки адамдар экенин, теңине жакыны Иркутск облусунун тургундары болгонун аныкташкан.
Орусияда 1-апрелден тартып башталган армияга жазгы чакырууда электрондук ыкма колдонулат. Бул тууралуу Москванын аскер комиссары Максим Локтев билдирди. Анын сөзүнө караганда, чакыруу "тест режиминде" жүргүзүлөт. Ал бул саамалык Москвада эле колдонулабы же башка аймактарга дагы таратылабы дегенди тактаган жок. Локтев чакыруу "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталы, телефон жана СМС аркылуу жөнөтүлөрүн белгиледи.
Украин куралдуу күчтөрү: Орусия бардык аскерин Бахмут менен Марьинкага таштады
Бул тууралуу Башкы штабдын билдирүүсүндө айтылат. Киев айткандай орусиялык күчтөр чоң жоготууга учураганына карабай Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багытында чабуул жасоодо. Бул жолу оперативдүү-тактикалык жана армиялык авиацияны, анын ичинде тик учакты колдонууда.
Украин күчтөрүнүн кечки билдирүүсүндө орусиялыктардын Купянск, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багытындагы 50 соккусунун мизин кайтарылды.
Украин аскерлери Донецк облусундагы Зайцево аймагындагы орусиялык күчтөрдүн катары 200 адам менен толукталганын кабарлады. "Алардын көбү окутулган эмес, моралдык эрки төмөн" деп айтылат билдирүүдө.