Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09
Украиналык куткаруучулар 2026-жылдын 24-январында Киевде аба чабуулунан кийин чыккан өрттү өчүрүүдө.
Украиналык куткаруучулар 2026-жылдын 24-январында Киевде аба чабуулунан кийин чыккан өрттү өчүрүүдө.

Түз ободо Украина Москванын баллистикалык ракетасынан кантип коргонот?

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




22:55 20.4.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун баш катчысынын Киевге сапарын “Альянс Украина менен мамиленин жаңы барагын ачууга даяр экендигинин белгиси” деп сыпаттады. Бул тууралуу ал Телеграм-каналына жазды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бейшембиде Киевге барды. Бул анын Орусия Украинага басып киргенден берки алгачкы сапары.

Зеленскийдин айтымында, алар Украинага курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле НАТОнун Вильнюста боло турган саммити тууралуу сүйлөшүштү. Зеленский саммиттен Киев Түндүк Атлантика альянсына расмий чакыруу күтүп жатканын белгиледи.

Столтенберг сүйлөшүү маалында биримдик Украинаны узак мөөнөттө колдой турганын айтты. Ал ошондой эле Түндүк атлантикалык альянстын өлкөлөрү Украинанын келечегин НАТОдо көрөрүн билдирди. Ал азыр башкы максат - Украинанын биримдикке мүчөлүгү эмес, согушта жеңишин камсыз кылуу болушу керектигин айтты.

Москва Киевдин НАТОго мүчө болушуна караманча каршы.

НАТО 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет уюмга мүчөлүк кылат. Мындагы келишимдин башкы пункту уюмга мүчө бир мамлекетке башкалар кол салса НАТОдогу бардык өлкөлөр коргоого алууга милдеттүү.

16:54 20.4.2023

Өткөн түнү орусиялык чабуулдардын натыйжасында Украинанын Донецк облусунда бир адам каза таап, дагы экөө жарадар болду. Бул тууралуу облустук аскер администрациясынын башчысы Павло Кириленко бейшембиде Телеграм каналга жазды.

Анын айтымында, соккуларда Константиновка айылынын тургуну курман болду.

Херсон облусунун аскер админстрациясынын башчысы бул аймактагы чабуулдарда алты жайкын тургун жараат алганын маалымдады.

Расмий маалыматта айтылгандай, акыркы бир суткада 300гө жакын снаряд атылган. Херсон шаары беш жолу аткылоого кабылган.

"Түштүк" ыкчам командачылыгынын басма сөз катчысы Наталья Хуменюк Орусия жаңы чабуулдар үчүн учкучсуз учактарды камдап жатканын, бирок ал дрондордо украин аскерлери тааный ала турган белгилер бар экенин билдирди.

Шаршембиде Одесса облусуна Иранда жасалган "Шахед" дрондору менен чабул жасаганда айрым имараттар зыян тарткан.

09:44 20.4.2023

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 325 миллион долларлык аскердик жардамдын жаңы пакети берилерин билдирди. Анын алкагында HIMARS ракеталык системаларына ок-дары, танктарга каршы системалар, миналар, артиллериялык снаряддар, жогорку тактыктагы авиациялык ок-дарылар, порттордун коопсуздугун камсыздоого керектүү жабдуулар, тетиктер жана талаа-түзгө керектүү буюмдар бар.

"Кошмо Штаттары өнөктөштөрү жана союздаштары менен коопсуздук жаатында жана согуш талаасында Украинанын болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн бирге иштөөнү уланта берет", - деп жазылган маалыматта.

Ушул айдын башында Вашингтон Украинага 2,6 миллиард долларга бааланган жардам берилерин билдирген. Анда HIMARS жана Patriot системаларынын ок-дарыларылары, артиллериялык снаряддар, 400 гранатамед, жүк ташыган машиналар, чиркемелер жана башкалар болгон.

Украинанын бийлиги өткөн жылдын аягынан тартып контрчабуулга даярдык көрүлүп жатканын айтып келет. Киев мындан улам Батыштан заманбап курал-жарак сураган. Акыркы айлары бир катар өлкөлөр Украинага жаңы үлгүдөгү танктарды, аскердик машиналарды берген. Ошондой эле согуш башталгандан бери биринчи жолу МиГ-29 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактарды алган.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты (OHCRH) Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери 8500 карапайым кишинин өлүмү ырасталганын билдирди жана реалдуу сан мындан көп болушу мүмкүн экенин билдирди.

Орусия согуш ачкандан бери өлкө болжол менен 700 млрд. доллар чыгым тартканын өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирген. Миңдеген адамдар набыт болуп, он миңдеген адамдар баш калкасыз калды.

00:51 20.4.2023

Украина 19-апрелде алгачкы Patriot абадан коргонуу системаларын алганын билдирди.

Коргоо министри Алексей Резников "Бүгүн биздин ажайып украин асманыбыз коопсузурак болуп калды, анткени Украинага Patriot абадан коргонуу системалары келди" деп Твиттердеги баракчасына жазды.

Министр абадан коргонуу күчтөрү Patriot системаларын башкарууну өздөштүрүүгө тез машыктырылганын жазып, системаны жеткирүү тууралуу "убадасын аткарган" АКШ, Германия жана Нидерландга ыраазычылык билдирди.

Patriot дүйнөдөгү эң алдыңкы системалардын бири жана учактарды, баллистикалык жана канаттуу ракеталарды жерден атууга кудуреттүү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG