Германияда 21-апрелде “Рамштайн” деп аталган форматта Украинаны колдогон өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн кезектеги 11-жыйыны өтүүдө.
Пленардык жыйындын алдында Украина менен АКШнын коргоо министрлери Алексей Резников менен Ллойд Остиндин сүйлөшүүлөрү болду. Резниковдун айтымында, жолугушууда Украинага курал-жарак жеткирүү маселеси, 2023-жылдын аягына чейин колдоо стратегиясы да талкууланат.
Пентагондун башчысы жолугушууну комментарийлеп жатып, Батыштагы өнөктөштөр Украинаны канча убакыт талап кылынса, ошончолук колдой турганын билдирди.
Жыйынга бир күн мурда, бейшембиде Киевге барган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да катышууда. Ал альянстын негизги максаты Украинанын Орусиянын эч кандай себепсиз басып алуусун жеңип чыгышын камсыз кылуу экенин белгиледи.
"Рамштайн" жолугушуусу – Орусиянын баскынчылыгынын мизин кайтарууда Украинага аскердик жардам көрсөткөн эл аралык коалиция. Ага 50дөн ашык мамлекет, тагырагы НАТО блогунун бардык өлкөлөрү, Евробиримдик мамлекеттеринин көбү жана Азиядагы айрым мамлекеттер мүчө болгон.
Украиналык фотограф Евгений Малолетка World Press Photo сыйлыгынын 2022-жылдагы жеңүүчүсү болду. Анын 2022-жылдын март айында орус аскерлеринин курчоосунда калган Мариуполь шаарында тартылган эмгеги жылдын сүрөтү деп табылган.
Калыстар тобунун айтымында, сүрөттүн автору Орусия Украинага басып киргендеги адамдардын тарткан азабын бир кадр менен жеткире алган.
Сыйлыкка татыктуу болгон сүрөт орусиялык күчтөрү оорукана менен төрөт үйүн аткылагандан көп өтпөй тартылган. Анда жарадар болгон кош бойлуу аялды куткаруучулар замбилге салып көтөрүп баратышат. Кийинчерээк сүрөттөгү аял каза болгону, баланы да сактап калуу мүмкүн болбой калганы айтылган.
Евгений Малолетка орусиялык армиянын курчоосунда калган Мариуполдогу фотобаяны менен белгилүү болгон. Анын сүрөттөрү көптөгөн дүйнөлүк басылмаларда жарыяланган.
Орус мамлекеттик маалымат каражаттары аткылоо тууралуу маалыматтар жалган экенин айтып, сүрөттөр жасалма жол менен тартылганын билдирген. Бирок сүрөттөрдүн аныктыгы көз карандысыз эксперттер тарабынан далилденген.
Даниялык фотограф Мадс Ниссен Ооганстандан тартылган сүрөттөр сериясы менен "Жылдын сүрөт баяны" номинациясын жеңип алды. Алардын арасында үй-бүлөсү ачкадан өлүп калбашы үчүн бөйрөгүн сатууга мажбур болгон 15 жаштагы баланын да сүрөтү бар.
Орусияда окуган казакстандык студенттин жакындары аны "вагнерчилер" өз катарына күчтөп жалдап, Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн айтып чыкты. Алар Казакстандын жана Орусиянын аскер прокуратураларына, Ички иштер министрликтерине кайрылганы менен жооп ала элек.
16-апрелде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Орусиянын Украинага каршы согушуна катышуу фактысы боюнча 10 кылмыш иш тергелип жатканын билдирген.
21-апрель күнү эртең менен Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Киевден Иранда жасалган сегиз “Шахед” дронун атып түшүрүшкөнүн билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, борбор калаага болгон кол салуудан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Бул соңку бир айдан бери Киевге жасалган алгачкы чабуул болуп калды. Киев бийлиги шаарга чабуулдардын кайра жанданышын орус аскерлери ирандык учкучсуз учактардын жаңы партиясын алганы менен байланыштырды.
Ал эми Полтава облусунда учкучсуз учактын соккусунун натыйжасында жарандык инфраструктуралык объект талкаланганын облус жетекчилиги кабарлады.
Украинанын коргоо министрлигинин маалыматында, 21-апрелге караган түнү орус күчтөрү 12 дрон учурганы, анын сегизи жок кылынганы айтылат.