Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:44
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:14 23.4.2023

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун уулу Николай Песков “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын катарында Украинадагы согушка катышып, Орусиянын “Эрдик” медалын алганын билдирди. Бул тууралуу ал “Комсомольская правда” басылмасына айтты.

Анын сөзүнө караганда, ал “Ураган” ракета системасынын экипажында кызмат өтөгөн. Буга чейин “Вагнердин” жетекчиси Евгений Пригожиндин басма сөз кызматы Дмитрий Песковдун уулуна аскерде кызмат өтөө сунушу берилбегенин кабарлаган. Пригожин Николай Песков согушка жасалма документ менен катышканын айтууда.

Владимир Путин 2022-жылдын 21-сентябрында аскерге мобилизация жарыялагандан кийин “Популярная политика” порталы Николай Песков менен байланышкан. Песков анда аскерге чакыруу кагазын алганын, бирок аскер комиссариатына барбай турганын билдирген.

Ал “Комсомольская правда” басылмасына берген соңку интервьюсунда ошол учурда эле согушка барууга камынып жатканын айтып берген.

13:21 23.4.2023

Украинанын Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов Орусиянын түндө С-300 ракеталары менен аткылаганын билдирди.

Ал Телеграмга "Харьковдо орус ракеталарынын бири жашылча фабрикасынын аймагында абада жарылганын" жазды. "Күнөскана, цехтин жумушчулары жабыркады", - деди ал. Дагы бир ракета жерге түшкөн.

Харьков облусунун Котляры айылында эки үй талкаланып, 10 турак жайга зыян келтирилгенин, өрт чыкканын маалымдады.

13:40 22.4.2023

Украинада Москва алдан тайып бараткан чакта орусиялык жалдоочулар мечиттерде, жатаканаларда жана миграциялык борборлордо эмгек мигранттарын согушка тартуу аракетин күчөттү.

11:43 22.4.2023

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк “Интерфакс-Украина” агенттигине курган маегинде, Киев украин православ чиркөөсүнүн (Москва патриархаты) эки дин кызматкерин Орусияга өткөрүп бергенин билдирди.

Анын сөзүнө караганда, дин кызматкеринин бири украиналык 28 туткунга алмаштырылган. Экинчичиси кандай шартта алмаштырылганы айтылган эмес. Орусия тарап бул тууралуу комментарий бере элек.

Василий Малюк украин православ чиркөөсүнүн (Москва патриархаты) кызматкерлери Москва менен кызматташкан деп шек саналып жатканын, буга байланыштуу Украинанын Коопсуздук кызматы өткөн жылы иликтөө иштерин баштаганын кошумчалады. Жыйынтыгында 61 дин кызматкерине кылмыш иши козголуп, жети адам соттолгон. 19у Украинанын жарандыгынан ажыратылды.

Украин православ чиркөөсү (Москва патриархаты) Украинадагы эки ири православдык диний уюмдардын бири. Согуш башталгандан кийин ал Москва патриархатына көз каранды болбой калганын жарыялаган, бирок ал укуктун жактан бекемделе элек. Украинанын бийлиги чиркөөнүн бир катар дин кызматкерлери Орусияны колдойт деп эсептейт.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG