Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59
Украиналык куткаруучулар 2026-жылдын 24-январында Киевде аба чабуулунан кийин чыккан өрттү өчүрүүдө.
Украиналык куткаруучулар 2026-жылдын 24-январында Киевде аба чабуулунан кийин чыккан өрттү өчүрүүдө.

Түз ободо Украина Москванын баллистикалык ракетасынан кантип коргонот?

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:51 25.4.2023

Кошмо Штаттары, Жапония, Британия жана Европа Биримдигине мүчө айрым мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешин реформалоого чакырды. Мындай кайрылуу дүйшөмбүдө, 24-апрелде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Йоркто аталган кеңешке төрагалык кылган жыйында айтылган.

Лавров анда"дүйнө кансыз согуш маалындагыдай эле кооптуу чекке жетип калды" деп билдирди. Ошондой эле, БУУда Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү өтө көп экенин, башка аймактардан аз болгонун айтып, бул "эл аралык мамиледиги көп тараптуулук принцибине доо кетирет" деген оюн айтты. Министр Орусиянын Украинага кол салышындагы жоопкерчиликти дагы Киев менен Вашингтонго жана алардын өнөктөштөрүнө жүктөдү.

АКШнын өкүлү Линда Томас-Гринфилд Орусия согуш баштап, дан келишимдерин токтотуу менен БУУнун уставындагы принциптерди одоно бузуп жатат деп белгиледи. Андан сырткары Орусияда камакка алынган америкалык жарандар тууралуу маселе козгоп, аларды чукул арада бошотуу керектигин айтты. Томас-Гринфилд БУУну реформалоого чакырды. Анын бул сөзүн Британия, Жапония жана Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү колдоду.

Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешине ушул айда - апрелде төрагалык кылууда. Аталган кеңешке мүчө 15 өлкө бул милдетти ар бир айда кезектешип аткарат. Москва акыркы ирет Коосуздук кеңешине 2022-жылдын февраль айында төрагалык кылган.

11:50 25.4.2023

Москва шаардык соту теракт жасады деп айыпталган Дарья Трепованы камактан күрөөгө бошотуу өтүнүчүн четке какты. Ал Санкт-Петербургдагы кафелердин биринде болгон жардырууга жана блогер Владлен Татарскийдин (Максим Фомин) өлүмүнө байланыштуу камалган.

"Мен болгон ишке өкүнөм. Күн сайын жаракат алгандардын ден соолугу үчүн тиленип турам", - деген Трепова жабык жараянда.

Сотто Трепованын адвокаты камакка алуу чечимин жокко чыгарууну суранды. Бирок бул өтүнүч четке кагылды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Санкт-Петербургда кафедеги жардырууну 26 жаштагы Дарья Трепова жасаган. Алар кафеде Владлен Татарский сүйлөп жатканда жардыргыч зат орнотулган статуэтка салынган кутуну Дарья Трепова алып келген деп эсептейт.

Медиа каражаттары Дарья Трепованын жолдошу Дмитрий Рылов да издөөгө алынганын кабарлашкан. Бирок ал Санкт-Петербургда кафедеги жолугушууга катышкан эмес. Ал жардырууну уюштурууга катышкан деп шек саналууда.

2-апрелдеги жардыруудан каза болгон Владлен Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат.

Орусия бул ишти Украинанын атайын кызматы пландаганын, ага Алексей Навальныйдын фонду менен кызматташкан агенттер катышканын билдирген. Украина мындай айыптоону четке кагып, Санкт-Петербургдагы жардырууну “Орусиядагы ички жаңжалдын бир бөлүгү” деп сыпаттаган.

14:29 24.4.2023

Украинанын аскерлери Бахмуттагы стратегиялык позицияларын сактап турат. Бул тууралуу Украинанын чыгыштагы аскер күчтөрүнүн командири Александр Сырский Telegram каналына жазды.

"Бул жердегилер - баатырлар. Орустар оор жоготууларга учурап жатат. Биз алардын жеке курамына сокку уруп, чабуулдук потенциалын жок кылып жатабыз", - деп жазган Сырский.

Донецк облусунун башчысы Павел Кириленко соңку бир сутканын ичинде орус күчтөрүнүн чабуулунан улам Бахмутта эки жай тургун мерт болуп, дагы экөө жаракат алганын кабарлады.

23-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмут шаарынын батыш бөлүгүндөгү эки районду басып алганын билдирген. Ал эми “Вагнер” жалданма жоочулардын жетекчиси Евгений Пригожин шаарды дээрлик толугу менен көзөмөлгө аларын утур-утур айтып келет. Бирок жогорудагы маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Орус күчтөрү Херсон облусуна чабуулун күчөтүп, бир сутканын ичинде украин жоокерлери турган аймактарды аткылаган. Алар украин аскерлери Днепрдин сол жээгиндеги позицияларды ээлегени айтылгандан кийин активдешкен.

Мындай маалыматты Америкалык согушту изилдөө институту жарыялаган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз борбору бул маалыматты төгүндөгөн да, тастыктаган да эмес.

11:05 24.4.2023

Жекшембиде Америкалык согушту изилдөө институту (Institute for the Study of War) тараткан билдирүү эң көп талкууланган темалардын бири болду. Анда “орусиялык күчтөр Херсондон кеткенден кийин украин аскерлери окупацияланган аймактын сол жээгин ээлегени” айтылат.

Билдирүү ачык булактарда жүргөн видеодогу геомаалыматка негизделген. Анда “Украин куралдуу күчтөрүнүн убактылуу туруму” орусиялык аскерлер тарабынан аткылоого алынганы көрсөтүлгөн. Бул тасма Днепрдин Херсон тушундагы сол жээгинен тартылган.

Ошондой эле ушул эле аймактан украин аскерлери кайык менен Днепрден өтүп жаткан видео тарады.

Ал эми көз карандысыз аскер аналитиктери Херсонго жакын жердеги Днепрдин сол жээгин Украинанын куралдуу күчтөрү көзөмөлүнө алды деген кабар күмөн жаратарын айтууда. Кеп байланыш жолдору жок, саздак жерлер жөнүндө жүрүп жатканын, украин күчтөрү туруктуу таяныч пунктун түзүүгө техникалык жактан мүмкүн эмес дейт айрым аскер эксперттери. Муну бир жолку чалгындоо операциясы болушу мүмкүн деп жатышат. Орус армиясы Днепрдин сол жээгиндеги калктуу конуштарды таштап кеткени тууралуу маалымат көп айтылып келгени менен ал ырасталган эмес.

Орус армиясы Херсон облусунун көп бөлүгүн 2022-жылы февраль айынын соңунда басып алган. 30-сентябрда Херсон менен кошо Украинанын Луганск, Донецк, Запорожьени Кремль күч менен аннексиялап алганын жарыялаган. Бул кадамды эл аралык коомчулук бир ооздон айыптап, Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган эмес.

Стратегиялык деп саналган Херсон шаарында согушка чейин 300 миңдей адам турчу. Алардын көбү Орусия басып киргенде чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG