Украин күчтөрүнүн жетекчилеринин бири эмнеге Бахмутту кармап турганын айтты
Украинанын жердеги аскерлеринин башкармалыгы Александр Сырский "Интерфакс – Украина" агенттигине украин аскерлери эмнеге Донецк облусундагы Бахмут шаарын орусиялык чабуулга карабай коргоп турганын айтты.
Сырскийдин түшүндүрмөсүндө Бахмут стратегиялык жактан ыңгайлуу гана эмес коргонуу үчүн географиялык өзгөчөлүккө ээ. Шаар адырда жайгашкан жана анын айланасында дарыялар агып турат. Генерал Бахмутту коргоо менен украиналык аскерлер орусиялык күчтөрдү Лисичанск жана Донецк багыттарына киргизбей турганын билдирди.
Александр Сырский Бахмуттагы орусиялык күчтөр тактикасын өзгөрткөнүн айтты. Алар азыр анча чоң эмес топко бөлүнүп, оор техникасы жок жүрөт. Жоготуу болгон учурда дароо катарын толукташууда. Дрондор активдүү колдонулуп, украин аскерлеринин позициясы киргизилген Alpine Quest GPS тиркемелерин колдонушууда. Артиллериялык аткылоо тынбай болуп жатат.
Генерал орусиялык аскер жетекчилер азыр Бахмутта чабуул койчу отряддарды түзүп, аларды анча көп эмес миномет жана ок чыгаруучу куралдар менен камсыздап жатканын билдирди. Ошол эле маалда танктарды да колдонушууда.
Швеция беш орус дипломатын өлкөдөн чыгарылганын жарыялады.
"Биздин аймактагы иш-аракеттери алардын дипломаттык статусуна туура келбейт",- деди тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем SVT телеканалына берген маегинде.
Орусиянын Стокгольмдогу элчиси Виктор Татаринцев Швециянын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, дипломаттар өлкөдөн чыгарылып жатканы тууралуу маалымат берилген.
Телеканалдын маалыматына ылайык, министр мындай билдирүүнү орус чалгындоосунун Дания, Норвегия, Швеция жана Финляндиядагы ишмердүүлүгү тууралуу тасманын кезектеги сериясы чыгаар алдында жасады.
Мурдараак иликтөөчүлөр НАТОнун машыгуулары учурунда Орусиянын 50 кемеси бул мамлекеттерге жакын жерде түшүнүксүз каттамдарга чыкканын аныкташкан.
Украинанын Купянск шаарында аймак таануу музейине урулган соккуда жабыркаган дагы бир киши көз жумду.
Харьков облусунун Купянск шаарындагы музейди Орусия 25-апрелде бутага алганда ошол жерде иштеген бир кызматкердин өмүрү кыйылган. Урандылардын астында дагы бир аял калганы кабарланган.
Дагы он киши жараат алганын Харьков облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Олег Синегубов билдирип, сокку С-300 ракетасынан урулган болушу ыктымалдыгын айткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, согуш кылмыштарын жасагандар ырайымсыз жазаланарын айтты.
Орусия Купянскидеги чабуул тууралуу комментарий бере элек.
25-апрелде Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Купянск шаарындагы аймак таануу музейинин имараты талкаланып, бир киши каза болду. Дагы он киши жараат алганын Харьков облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди. Каза болгон адам - музейдин кызматкери.
Снегубов сокку С-300 ракетасынан урулган болушу ыктымалдыгын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, согуш кылмыштарын жасагандар ырайымсыз жазаланарын айтты.
Орусия Купянскидеги чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Украинанын чыгышындагы Бахмут, Марьинка жана башка калааларда салгылашуу уланууда.