Орусиянын прокуратурасы жарандарды согушка мыйзамсыз мобилизациялоо боюнча 15 миң учурду каттаганын ТАСС агенттиги Орусиянын башкы прокурорунун биринчи орун басары Анатолий Разинкинге таянып жазды. Анын айтымында, учурда аскерге чакыруу боюнча бардык негизсиз иш-чаралар токтотулду.
Сибирь.Реалии басылмасы жазгандай, Коргоо министрлиги жарыялаган өткөн жылдын сентябрынан бери мобилизация болгондордун санына таянсак, дээрлик ар бир жыйырманчы аскер комиссариат тарабынан мыйзамсыз аракеттерге дуушар болгондугу аныкталган.
Өткөн жылы 21-сентябрда Владимир Путин Украинадагы согушту улантуу үчүн жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Расмий маалымат боюнча анда 300 миңден ашык адам согушка тартылган. Бул учурда өлкө аймагында бир катар мыйзам бузуулар, атап айтканда, көп балалуу аталар, ден соолугу начар адамдар, аскердик даярдыгы жоктор жана белгиленген жаш курактан улуулар да тартылган учурлар орун алган.
Былтыр жыл сонуңда көптөгөн нааразылыктардан кийин Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов мыйзамсыз мобилизацияланган 10 миң адам үйүнө кайтарылганын билдирген.
Украин күчтөрүнүн жетекчилеринин бири эмнеге Бахмутту кармап турганын айтты
Украинанын жердеги аскерлеринин башкармалыгы Александр Сырский "Интерфакс – Украина" агенттигине украин аскерлери эмнеге Донецк облусундагы Бахмут шаарын орусиялык чабуулга карабай коргоп турганын айтты.
Сырскийдин түшүндүрмөсүндө Бахмут стратегиялык жактан ыңгайлуу гана эмес коргонуу үчүн географиялык өзгөчөлүккө ээ. Шаар адырда жайгашкан жана анын айланасында дарыялар агып турат. Генерал Бахмутту коргоо менен украиналык аскерлер орусиялык күчтөрдү Лисичанск жана Донецк багыттарына киргизбей турганын билдирди.
Александр Сырский Бахмуттагы орусиялык күчтөр тактикасын өзгөрткөнүн айтты. Алар азыр анча чоң эмес топко бөлүнүп, оор техникасы жок жүрөт. Жоготуу болгон учурда дароо катарын толукташууда. Дрондор активдүү колдонулуп, украин аскерлеринин позициясы киргизилген Alpine Quest GPS тиркемелерин колдонушууда. Артиллериялык аткылоо тынбай болуп жатат.
Генерал орусиялык аскер жетекчилер азыр Бахмутта чабуул койчу отряддарды түзүп, аларды анча көп эмес миномет жана ок чыгаруучу куралдар менен камсыздап жатканын билдирди. Ошол эле маалда танктарды да колдонушууда.
Швеция беш орус дипломатын өлкөдөн чыгарылганын жарыялады.
"Биздин аймактагы иш-аракеттери алардын дипломаттык статусуна туура келбейт",- деди тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем SVT телеканалына берген маегинде.
Орусиянын Стокгольмдогу элчиси Виктор Татаринцев Швециянын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, дипломаттар өлкөдөн чыгарылып жатканы тууралуу маалымат берилген.
Телеканалдын маалыматына ылайык, министр мындай билдирүүнү орус чалгындоосунун Дания, Норвегия, Швеция жана Финляндиядагы ишмердүүлүгү тууралуу тасманын кезектеги сериясы чыгаар алдында жасады.
Мурдараак иликтөөчүлөр НАТОнун машыгуулары учурунда Орусиянын 50 кемеси бул мамлекеттерге жакын жерде түшүнүксүз каттамдарга чыкканын аныкташкан.
Украинанын Купянск шаарында аймак таануу музейине урулган соккуда жабыркаган дагы бир киши көз жумду.
Харьков облусунун Купянск шаарындагы музейди Орусия 25-апрелде бутага алганда ошол жерде иштеген бир кызматкердин өмүрү кыйылган. Урандылардын астында дагы бир аял калганы кабарланган.
Дагы он киши жараат алганын Харьков облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Олег Синегубов билдирип, сокку С-300 ракетасынан урулган болушу ыктымалдыгын айткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, согуш кылмыштарын жасагандар ырайымсыз жазаланарын айтты.
Орусия Купянскидеги чабуул тууралуу комментарий бере элек.