GLOBSEC аналитикалык борбору: Украина эң көп мина коюлган өлкө болуп калды
Украинанын 174 миң километр квадраты, демек 30 пайыз аймагын согуш бүткөндөн кийин тазалоого туура келет. Бул Словакияда жайгашкан GLOBSEC борборунун "Оттун үстүнөн басуу: Украинаны минадан арылтуу" докладында айтылган. Автордун сөзүндө азыр Украина дүйнөдөгү эң көп мина коюлган аймак болуп кала берет. Жалпысынан караганда GLOBSEC аналитиктери Украинаны минадан арылтуу тапшырмасын "татаал, кымбат жана аткарылгыс" деп эсептейт.
Докладда мындан тышкары Украинанын аймагынын 18 пайызын Орусия басып алганын, мындан улам аймакты минадан тазалап салуу мүмкүн эместиги айтылып келет. GLOBSEтин эксперттери орусиялык армия "минаны үч-төрт тузакка, керек болсо өлгөн адамдардын жана жаныбарлардын денесине чейин коюп жатканы" айтылат.
Хакасиянын Жогорку Кеңешине коммунисттер партиясынан депутат болуп барган Дмитрий Иванов Украинада каза тапты. Ал "Вагнер" жеке аскердик тобунун жалданма согушкери болгон.
Депутаттын өлүмү тууралуу республиканын башчысы Валентин Коновалов билдирди. "Хакасия" маалымат агенттигинин маалыматында Иванов 27-мартта эле каза болгон. Депутат согушка 2023-жылдын февраль айында барган. Анын артында беш баласы калды. Ал 2018-жылы депутат болгон.
Бул согушта депутаттын каза болгон биринчи эле учуру эмес. Ноябрда Украинада Новосибирск облусунан барган Дмитрий Шмаков каза болгон. Ага чейин татарстандык депутат Эдуард Шарафиев согушка барып, тирүү кайткан. Азыр ал согушка артисттерди жиберүүнү сунуштап, жыйынга катышпай калган учурларын "аскердик тапшырмаларга" байланыштырып келет.
Түндө Николаевге ракетадан сокку урулду
Алдын ала маалыматта сокку "Калибр" канаттуу ракетасынан урулган. Жалпысынан төрт ракета атылган, анын бирөө көп кабаттуу үйгө, экинчиси жеке үйгө түшкөн. Калган эки ракета кайда түшкөнү беймаалым.
Азыркы учурда бир адам каза таап, 23 адам жараат алганы белгилүү болду.
Украина менен Орусия 26-апрелде кайрадан туткун алмашышты. Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдиргендей, 36 катардагы жоокер, алты офицер Киевге кайтарылды. Алар Марипуолду, "Азовсталь" заводун, Херсонду коргоп жатканда туткунга түшкөн. Арасында жараат алгандар бар.
Орусиянын Коргоо министрлиги 40 аскери Москвага кайтарылганын бышыктады.
Орусия менен Украина былтыр 24-февралда башталган согушта туткунга түшкөн жарандарын утур-утур алмашып келет. 18-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев жалпысынан 2235 жаранын туткундан бошотконун билдирген.