Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын аннексияланган аймактарынан орус жарандыгын кабыл албаган жергиликтүү тургундарды депортациялоого мүмкүндүк берген жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтардын расмий интернет-порталына жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, аннексияланган аймактарда жашаган украиналыктар Орусиянын жарандыгын албаса, 2024-жылдын 1-июлунан тарта "чет өлкөлүктөр" деп эсептелет.
Мындан тышкары, Орусия ээлеп алган аймактардын "улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан, конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууну колдогон, террордук жана экстремисттик уюмдарды каржылап, уруксат берилбеген акцияларга катышкан" тургундары да депортацияланышы мүмкүн.
Орусия былтыр февралда Украинага басып киргенден бери Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын өзүнүн аймагы деп жарыялаган. Бүгүнкү күндө бул облустардын кыйла бөлүгүн украин аскерлери көзөмөлдөп турат. Украина Херсон облусун орус бийлиги аны аннексиялагандан кийин бошоткон.
Акыркы суткада Орусиянын Украинанын аймагына жасаган ракеталык аткылоонун курмандыктары бери дегенде 13 кишиге жетти. Алардын 11и Уман шаарынын тургундары, арасында эки бала бар экенин Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы Игорь Клименко билдирди.
Днепрде бир аял эки жашар кызы менен набыт болду.
Жумага караган түнү бүткүл Украинада абадан эскертүү жарыяланган. Орусиянын канаттуу ракеталары карапайым эл жашаган турак жайларды бутага алган.
Президент Владимир Зеленский Уманда 10го жакын көп кабаттуу үй зыян тартканын, алардын биринде бүтүндөй бир подъезд талкаланганы билдирди.
Уман Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Черкассы облусунда, фронт сызыгынан алыс жайгашкан.
Эксперттер Украина контрчабуулга даярданып жатат дегенден бери Орусия абадан сокку урууну күчөткөнүн айтып жатышат. Орусиянын медиасы Коргоо министрлигине таянып, украин армиясынын 130дай позициясын бутага алганын кабарлады.
Бир жыл мурун Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш ачканы орус армиясы карапайым калкты бутага албаганын билдирип келет. Ошол эле маалда Украинанын калктуу конуштары, социалдык мекемелер бутага алынганы видеотасмалар, сүрөттөр көрсөтүп турат.
Уманда көп кабаттуу үйгө ракета тийгенден кийин каза тапкандардын саны төрт адамга жетти
Төртүнчү адам ооруканада каза тапты. Украинанын улуттук полициясы окуя болгон жерлерден жаңы сүрөттөрдү жарыялоодо. Уранды астынан үч бала тирүү куткарылды.
Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Черкас облусундагы Умань шаарында үч адам мерт болуп, дагы сегизи жараат алды. Аталган облустун аскердик администрациясынын башчысы Игорь Табурец канаттуу ракеталар үйгө жана кампага тийгенин билдирди. Улуттук полициянын өкүлү Зоя Вовк дагы бир ракета тогуз кабаттуу үйгө урулганын кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Кременчуг, Полтава жана Николаевде дагы жарылуулар болду. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужныйдын билдиришинче, жалпысынан Орусиянын 23 канаттуу ракетасынын 21и атып түшүрүлдү. Эки дрон жок кылынды.
Днепрде түнкү аткылоодон бир аял жана бир бала набыт болду.
Москва соңку чабуулдар тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Согуштун шартында "Азаттык" радиосу салгылаш жүрүп жаткан аймактардагы маалыматтарды өз алдынча текшере албайт.