Украинанын Башкы штабы: орусиялык күчтөр Бахмут менен Марьинканы алуу үчүн күч топтоп жатат
Маалыматка караганда, бир сутка ичинде 58 чабуулдун мизи кайтарылды.
"Бахмут менен Марьинка салгылашуунун очогу болууда", – деп жазылган маалыматта.
Орусия аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган бийлиги Севастополдогу мунай базасында тутанган ири өрт чектөөгө алынганын 29-апрелде билдирди.
28-апрелде аталган мунай базасына бир нече дрон чабуул койгону кабарланган.
Орусия бул үчүн Украинаны айыптоодо, украин тараптын расмий органдары комментарий берген жок.
Жалпысынан мунай сакталып турган төрт цистернада, эки миң чарчы метрдей жерге жайылган өрттү өчүрүүгө Крымдагы бардык болгон күч, Кара деңиз флотунун ресурстары да жумшалып жатканы айтылды.
Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.
Окуяга байланыштуу Крымда, Севастополдо террордук коркунуч эскертүүсү жарыяланган.
Бахмут үчүн кармаш уланууда
Украинанын Башкы штабы Бахмут жана Марьинка азыр кармаштын чордонуна айланганын жазды.
Орусиялык күчтөр шаардын түштүк тарабындагы Бахмут менен Часов Яр жана Константиновканы байланыштырган жолго карай жылганын орусиялык аскер блогерлери жана америкалык "Согушту изилдөө институту" билдирди.
Аннексияланган Севастополдо мунай базасы күйүп жатат, ага дрон тийген
Аннексия болгон Севастополдо жарылуудан кийин күйүүчү май сакталган резервуарда өрт чыкты. Алдын ала маалыматта, ага дрондон чабуул болгон. Бул тууралуу шаардын Орусия дайындаган губернатору Михаил Развожаев билдирди.
Буга чейин ушул эле жумада Развожаев Севастополго сууда жүрө алган дрондордон чабуул болгонун билдирген. Бирок анда кайсы бир объект жабыр тартканы кабарланган эмес.
Орусия Украинага кол салгандан кийин бир канча жолу аннексия болгон Крымдагы объекттерге дрондон чабуул жасалган. 2023-жылы февралда Туапстагы мунай базасына дрондон сокку урулса, 2022-жылы дрон менен Брянск жана Орлов облустарына чабуул жасалган.