Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05
Украиналык куткаруучулар 2026-жылдын 24-январында Киевде аба чабуулунан кийин чыккан өрттү өчүрүүдө.
Украиналык куткаруучулар 2026-жылдын 24-январында Киевде аба чабуулунан кийин чыккан өрттү өчүрүүдө.

Түз ободо Украина Москванын баллистикалык ракетасынан кантип коргонот?

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:21 1.5.2023

Украинанын Павлоград шаарына түн ичинде жасалган орусиялык күчтөрдүн ракета чабуулунан 25 адам жаракат алды, анын ичинде үч жаш бала бар. Бул тууралуу Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак Телеграм каналына жазды.

Анын маалыматына караганда, ракеталардын жетөө Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. Ракеталардан 19 көп кабаттуу үй, 25 жер там, алты мектеп менен бала бакча, беш дүкөн жабыркаган. Ракеталардын бири өнөр жай ишканасына тийип, өрт чыккан. Аймакта жалпысы болуп 40 үй кыйраганы кабарланууда.

11:09 1.5.2023

Украина аскерлери 1-майга оогон түнү Орусиянын канаттуу ракеталарынан чабуул болгонун билдирүүдө. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный Фейсбук баракчасына чабуулга Каспий деңизинин аймагынан “Ту-95” үлгүсүндөгү тогуз, “Ту-160” үлгүдөгү эки бомбалоочу учак тартылганын кабарлады. Анын айтымында, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү 15 ракетаны атып түшүргөн.

Буга чейин Киевдин администрациясы борборго атылган бардык ракеталар атып түшүрүлгөнүн билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага жасалган ракеталык чабуул боюнча комментарий бере элек.

Мындай маалыматтарды бир нече көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес экенин да эске салабыз.

10:29 1.5.2023

Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарындагы орус драма театрынын артисти Артур Шувалов Орусиядан чыгып кетти. Бул тууралуу "Сибирь.Реалии" Телеграм каналына жазды. Маалыматта айтылгандай, актердун мындай кадамына бийликтин психикалык ооруканага жаткыруу аракети себеп болгон. Шувалов өлкөдөн кандай жол менен чыгып кеткени ачык айтылган эмес.

Артур Шувалов Орусиянын Украинага баскынчылыгын ачык сындап чыккан. Ал согуштан жарадар болгон орус аскерлеринин алдында сахнага чыгуудан баш тарткан. Ошондой эле өзү иштеген театрдан аскердик атайын операциянын энбелгиси болгон Z тамгасы жазылган желекти алып салган.

Быйыл мартта актер театр сахнасынан согушка каршылыгын билдирип, колунун кан тамырын кескен. Ал жетекчилик тарабынан басым болуп жатканын билдирген.

Орусия Украинага былтыр, 24-февралда кол салган. Орус бийлигинин бул кадамын сынга алган айрым маданият кызматкерлери өлкөдөн чыгып кетишкен.

16:18 30.4.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн бери айтылып келе жаткан контрчабуул ийгиликтүү болорун жана ал Орусия басып турган украин аймактарынын бошотулушуна алып келерин 29-апрелде чет элдик журналисттерге курган кезектеги маегинде айтты. Интервьюга Финляндия, Швеция, Дания жана Норвегия өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Зеленский ошону менен катар Украинаны тийиштүү курал-жарак менен жабдуу маселеси актуалдуу экенин белгилеп, “Мен качан жана кандайча болорун айтууга азыр даяр эмесмин. Ооба, көбү биздин өзүбүзгө жараша болот, бирок тигил же бул курал-жаракты жөнөтүүдө көп деталдар бар. Биз болушунча көбүрөөк адамдын өмүрүн сактап калгыбыз келет, ошондуктан чечүүчү ролду курал-жарак ойнойт”, - деп айтты.

Украин президенти эгер курал-жарак жетиштүү болбосо согуш ондогон жылдарга уланышы ыктымал экендигин белгиледи.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG