Украинанын куралдуу күчтөрүнүн эл аралык легионунун ыктыярчылары 26 жаштагы америкалык Купер Эндрюс жана канадалык 27 жаштагы Кайл Портер менен 21 жаштагы Коул Зеленко курман болушту.
Алар 26-апрелде Бахмуттун айланасындагы салгылашууда каза болгонун CBC News жана CNN кабарлады.
CBC News каналынын бейрасмий эсебине ылайык, Украинадагы согушта беш канадалык набыт кетти. АКШ бийлиги беш жараны өлгөнүн билдирген.
Январда Украинанын Соледар шаарында жабыргандарга тамак-аш, дары-дармек жеткирип, карыларды эвакуациялоого жардам берип жүргөн эки британиялык ыктыярчы каза тапкан.
Украинанын оккупацияланган Мелитопол шаарында "облустук Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары" экени айтылган адамга кол салуу болду. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, аткаминердин үйүнүн дарбазасына бомба коюлган. Жабырлануучу жараат алып ооруканага жаткырылган. Анын аты-жөнү айтыла элек.
2-майда эртең менен Мелитополдун Киев дайындаган мэри Иван Федоров социалдык түйүндө шаардын түндүк тарабында тургундары жарылуунун үнүн укканын кабарлаган. Анын айтымында, жарылуу үнүнөн кийин "Тез жардам" жана полициянын автоунаалары көчөлөрдү аралап өткөн.
Орусиялык Телеграм каналдар Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) шилтеме жасап, кол салуу уюштургандар кармалганын жазышты. Алардын Запорожье Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басарынын өлүмүнө да тиешеси бар экени болжолдонууда.
Украин тарап бул окуяга комментарий бере элек.
Запорожье облусундагы Мелитопол шаары былтыр Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй оккупацияланган.
Украинанын Чернигов облусундагы Лизуновка кыштагына абадан сокку урулганда бир бала набыт болду. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-майда билдирди. Павлоград шаарына урулган соккудан эки жарандын өмүрү кыйылды.
Президент Владимир Зеленский соңку чабуулдарды айыптады:
"Орусиянын аба бомбасы дагы бир украин мектебин талкалады. Тилекке каршы, соккудан 2009-жылы туулган украиналык бала мүрт кетти. Ал болгону 14 жашта эле. Мектепке жакын жерде жашайт болчу. Үй-бүлөсүнө жана жакындарын көңүл айтам. Днепропетровск облусунун Павлоград калаасында террорчулардын ракеталары эки жаш жигиттин өмүрүн алып кетти. Алардын да жакындарына көңүл айтам. Соңку чабуулдарда дагы 40 киши жараат алды. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө".
Украин армиясы ошондой эле акыркы суткада Орусиянын Лиман, Бахмут, Марьинка жана Авдеевка багыттарындагы чабуулдары ийгиликсиз болгонун маалымдады. Орус аскерлери Новоселовка, Белогоровка, Предтечино, Северный жана Первомайский шаар-кыштактарын аткылады.
Украин аскерлери каршылаш тараптын 41 чабуулунун мизин кайтарды. Айрыкча, Бахмут менен Марьинка салгылаштын очогу бойдон калууда.
Ал арада Орусия Кара деңиздеги аскердик топторун азайтып жатканын Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү кабарлады. 2-майда түш ченде таратылган маалыматка ылайык, Кара деңизде Москванын сегиз кемеси турат. Арасында канаттуу ракеталарды алып жүргөн кеме да бар. Ошол эле учурда буга чейин ал жерде Орусиянын канча кемеси болгону айтылган жок.
1-майга караган түнү Орусиянын стратегиялык авиациясы Мурманск облусунан жана Каспий деңизинин аймагынан чабуулга өткөн. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный 18 ракетанын 15инин мизи кайтарылганын билдирген.
Соңку беш айда эле Украинанын Бахмут шаарынын аймагында 20 миңге жакын орусиялык аскер жок кылынганын, дагы 80 миңдейи жараат алганын 1-майда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби америкалык чалгын мекемесинин маалыматына таянып билдирди. Анын айтымында, Орусиянын бул аймактагы кыймылы азыр дээрлик токтоп калды.
Кирби каза болгондордун жарымы “Вагнер” жалданма аскердик компаниясынын өкүлдөрү экенин кошумчалады.
Орусия АКШнын бул билдирүүсүнө комментарий бере элек.
2022-жылдын февраль айында Украинага кол салган орусиялык бийлик каза болгон аскерлеринин санын акыркы жолу ошол жылдын сентябрында жарыялап, сөз 6 миң чамалуу адам жөнүндө гана болуп жатканын билдирген.
«Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин каза болгондор тууралуу так маалымат айткан эмес, бирок жоготуулар көп экенин моюнуна алган.
Ал эми Украинанын жоготуулары жөнүндө эч нерсе айтпаганын Кирби “контрчабуулга камданып жаткан союздашынын түйшүгүн татаалдаштыргысы келбегени” менен түшүндүрдү.
"Би-Би-Синин" ачык маалыматтарга таянып жазганына караганда, Украина согуш башталгандан бери кеминде 22 миңдей аскеринен айрылды.