Украинанын Херсон шаарын жана облустагы калктуу конуштарды 3-майда орус күчтөрү аткылаганда 20дай адам набыт болду. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.
Расмий маалыматта айтылгандай, орус аскерлери шаршембиде саат 16:30дарда облус борборундагы жарандык инфраструктураларга сокку урганда 12 киши өлүп, 20дан ашууну жараат алган. Күндүз Степановка жана Музыковка кыштактарын ортосунда энергетиктердин бригадасы бутага алынганда үч адистин өмүрү кыйылган. Анын алдында Дарьевка кыштагына чабуул жасалып, бир адам курман болгон.
Мурдараак Херсондо иштеп жаткан жападан-жалгыз "Эпицентр" гипермаркетине урулган соккуда үч киши - кардарлар жана дүкөн кызматкерлери мүрт кеткени кабарланган.
Киевде жана Украинанын бир катар аймактарында 3-майда кечке жуук абадан эскертүү жарыяланды. Бийлик жарандардан баш калкалоочу жерлерге бекинүүнү суранууда.
Таңга маал украин президентинин кеңсеси "Орусия ачыктан-ачык масштабдуу террордук акт даярдап жатканын" эскерткен.
3-майга караган түнү Кремлге украиналык дрондор чабуул коюп, алардын мизи кайтарылганын Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз кызматы билдирди. Киев муну четке какты.
Украинанын президентинин кеңсеси Кремлге дрондор менен жасалган чабуулуна Киевдин тиешеси жоктугун билдирди.
"Бизде Кремлге болгон түнкү чабуул тууралуу маалымат жок. Президент Зеленский бир канча жолу айткандай, Украина бардык күч жана каражатын башка аймакка чабуул коюуга эмес, өз аймагын бошотууга жумшап жатат", - деди мамлекет башчынын басма сөз катчысы Сергей Никифоров.
3-майга караган түнү "эки украиналык дрон Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына сокку урууга аракет кылганын" Кремлдин басма сөз кызматы шаршембиде кабарлаган.
Орус медиасы дрондор Кремлди көздөй багытталганын, аскердик жана чалгын кызматтары алардын мизин кайтарганын жазган.
Кремл бул чабуулду "пландалган террордук акт" жана "Жеңиш майрамынын алдында президентке кол салуу аракети" деп атады.
"Орус тарап каалаган жерде жана качан жооп чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат", — деп айтылат билдирүүдө.
Москванын мэри Сергей Собянин Орусиянын баш калаасында дрон учурууга тыюу салынганын жарыялады. Бирок бул чектөөнүн бул мамлекеттик органдар колдонгон учкучсуз учактарга тиешеси жок.
"Кремлди бутага алды" деген дрондор кандай көлөмдө жана кандай үлгүдө экенин, алар кайдан учурулганын жана Москванын борборуна кандайча багытталганын орус бийлиги азырынча түшүндүрө элек.
Зеленскийдин катчысы: Москвадагы окуя "кырдаалды 9-майдын алдында курчутуу"
"Бизде Кремлге болгон түнкү чабуул тууралуу маалымат жок. Бирок президент Зеленский бир канча жолу айткандай, Украина бардык күч жана каражатын башка аймакка чабуул коюуга эмес, өз аймагын бошотууга жумшап жатат", - деп билдирди Сергей Никифоров. Ал "Москвада болгон окуя, 9-май алдында кырдаалды курчутуу" деп кошумчалады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Финляндияга барды. Ал Түндүк Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен согуштагы жагдайды жана алардын Украинага көрсөткөн жардамын талкуулайт.
Швеция өкмөтү бул саммите Орусиянын Украинага каршы согушу, Скандинавия мамлекеттеринин Киевге колдоосу, Киевдин Евробиримдик жана НАТО менен мамилеси талкууланарын маалымдады.
Зеленский Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, Швеция, Норвегия, Дания жана Исландиянын премьер-министрлери менен жолугушары кабарланган. Киев бул сапар тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Зеленский 13-майда Берлинге барууну пландап жатканын, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугарын Батыштын бир катар маалымат каражаттары жазды.