4-майга караган түнү орус аскерлери Украинага дрон жана ракеталар менен чабуул койду. Киевде жана Киев облусунда жардыруулардын үнү угулуп, соккулардын мизи кайтарылганын жергиликтүү бийлик кабарлады.
Киевдин патрулдук полициясы кулап түшкөн дрондордун калдыктарын көрсөттү. Алар токтоп турган автоунааларга жана жолго жарым-жартылай зыян келтирген.
Жардыруулардын үнү Одессада да угулганын УНИАН агенттиги жазды. “Түштүк” ыкчам командачылыгы шаарга Ирандын 15 "Шахед" учкучсуз учагы менен сокку урулганын маалымдады.
"Одессадагы окуу жайлардын биринин жатаканасына дрондор түшкөн. Өрт тез арада өчүрүлдү. Адамдар жабыркаган жок", — деп жазылган билдирүүдө.
Дрондордун куйругунда "За МоскVу", "За Кремль" деген жазуулар бар экени аныкталды.
3-майда Херсон облусуна жасалган чабуулда 20дай адамдын өмүрү кыйылган. Киевде жана Украинанын бир катар аймактарында абадан эскертүү жарыяланып, бийлик жарандардан баш калкалоочу жерлерге бекинүүнү суранган.
Подоляк: Орусияда украин дрону жок эле бир нерсе болуп жатат
Украинанын президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Твиттерге "украин дрондору Кремлге чабуул койду" деген маалыматты мындайча комментарийледи:
"Кремлдин үстүндөгү дрондор... Мунун баары белгилүү болчу. Орусия ири масштабдагы теракт даярдап жатат. Ошон үчүн Крымдагы сыягы ири диверсиялык топту кармап атат. Андан кийин "Кремлдин үстүндөгү дрондор" тууралуу көрсөттү. Биринчиден, Украина коргонуу үчүн согушуп жатат жана Орусиянын аймагындагы объекттерге сокку урган жок. Анын эмне кереги бар? Бир дагы аскердик көйгөйдү чечпейт. Экинчиден, биз Орусиянын ар кайсы аймагында авария жана кырсыктар көбөйгөнүнө көз салып турабыз. Учкучсуз учактардын энергетика объекттеринде же Кремлдин аймагында пайда болушу партизандык кыймылдар жаралганынан кабар бериши мүмкүн. Белгилүү болгондой учкучсуз дрондорду каалаган дүкөндөн сатып алса болот. Путиндин кланынын өлкөдөгү көзөмөлдү жоготкону айкын. Экинчи жагынан Орусия буга чейин эфирди толук көзөмөлдөп турганын айтты. Орусияда украин дрондору жок эле бир нерсе болуп жатканы анык".
Киевде жана Украинанын бир катар аймактарында 3-майда саат 16:30дар чамасында абадан эскертүү жарыяланды.
Коркунуч тууралуу эскертүү борбордук аймактан тышкары, Днепропетровск, Харьков, Чернигов, Кировоград, Полтава, Сумы, Черкассы жана Запорожье облустарында угулганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
Абадан эскертүү улам башка аймактарга жайылып, бийлик жарандардан баш калкалоочу жерлерге бекинүүнү суранууда.
Таңга маал украин президентинин кеңсеси "Орусия ачыктан-ачык масштабдуу террордук акт даярдап жатканын" эскерткен.
3-майга караган түнү Киев шаары учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылган. Шаарда жана ага жакын жайгашкан облустарда абадан коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү берилген.
Украинанын Херсон шаарын жана облустагы калктуу конуштарды 3-майда орус күчтөрү аткылаганда 20дай адам набыт болду. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.
Расмий маалыматта айтылгандай, орус аскерлери шаршембиде саат 16:30дарда облус борборундагы жарандык инфраструктураларга сокку урганда 12 киши өлүп, 20дан ашууну жараат алган. Күндүз Степановка жана Музыковка кыштактарын ортосунда энергетиктердин бригадасы бутага алынганда үч адистин өмүрү кыйылган. Анын алдында Дарьевка кыштагына чабуул жасалып, бир адам курман болгон.
Мурдараак Херсондо иштеп жаткан жападан-жалгыз "Эпицентр" гипермаркетине урулган соккуда үч киши - кардарлар жана дүкөн кызматкерлери мүрт кеткени кабарланган.
Киевде жана Украинанын бир катар аймактарында 3-майда кечке жуук абадан эскертүү жарыяланды. Бийлик жарандардан баш калкалоочу жерлерге бекинүүнү суранууда.
Таңга маал украин президентинин кеңсеси "Орусия ачыктан-ачык масштабдуу террордук акт даярдап жатканын" эскерткен.
3-майга караган түнү Кремлге украиналык дрондор чабуул коюп, алардын мизи кайтарылганын Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз кызматы билдирди. Киев муну четке какты.