АКШ: Кремлге чабуул койгон дрондорго тиешебиз жок
Ак үйдүн улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Жон Кирби Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун "чабуулга Вашингтондун тиешеси болушу мүмкүн" деген билдирүүсүнө комментарий берип, "Буга эч кандай тиешебиз жок" деп билдирди.
Орусиянын 21 шаарында Жеңиш күнүндө парад өтпөй турган болду
Коопсуздуктан улам Саратов, Орёл, Калуга, Рязань, Липецк, Елец, Гусев жана Тюмень шаарлары парад өткөрбөй турганын "Вёрстка" басылмасы билдирди.
Псков жана Великие Лукинин бийликтери параддан баш тартууну "аскердик операцияга" байланыштырды. Аймактын башчысы Михаил Ведерниковдун айтымында, Украинага согушка барып келгендер фейерверк атылганын туура эмес түшүнүшү мүмкүн. Курскиде парадды өткөрбөөнү "учурдагы кырдаалга" байланыштырса, Белгороддо техника жана аскер кызматкерлерин топтоо менен каршылашты чагымга чакыргысы келбегенин билдиришкен.
Брянск, Краснодар жана Сочи майрамдык иш-чарадан баш тартуу себебин түшүндүргөн жок. Нижневартовск, Сургут жана Ханты-Мансийск башка шаарларга тилектештик иретинде парад өткөрбөйт.
Коопсуздуктан улам аннексия болгон Крымдын шаарларында да парад өтпөй турган болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Гаагадагы Эл аралык кылмышты караган сотко барды. Сот жакында орус президенти Владимир Путинди Украинадагы кылмыштары үчүн камоого ордер берген.
Зеленский Гаагада “Акыйкаттык болбосо дүйнө жок” деген сөзүн “Биз баарыбыз бул жерде, Гаагада башка Владимирди көргүбүз келген” деген тамаша менен баштады. Анын айтымында, орусиялык президент “кылмыштуу аракеттери” үчүн жоопко тартылууга тийиш. “Биз муну жеңгенден кийин сөзсүз көрөбүз” деген ал.
Зеленскийдин сөзүн Нидерланддын NOS телекомпаниясы көрсөттү.
Зеленский 2014-жылы жай айында Донбасстын үстүнөн атып түшүрүлгөн малайзиялык “Боинг” учагында каза тапкандар тууралуу да айтты. Маркумдардын көбү Нидерланддын жарандары болчу. Нидерланд соту “Боинг” орусиялык “Бук” жабдыгы менен атылганы далилденгенин айткан.
4-майга караган түнү орус аскерлери Украинага дрон жана ракеталар менен чабуул койду. Киевде жана Киев облусунда жардыруулардын үнү угулуп, соккулардын мизи кайтарылганын жергиликтүү бийлик кабарлады.
Киевдин патрулдук полициясы кулап түшкөн дрондордун калдыктарын көрсөттү. Алар токтоп турган автоунааларга жана жолго жарым-жартылай зыян келтирген.
Жардыруулардын үнү Одессада да угулганын УНИАН агенттиги жазды. “Түштүк” ыкчам командачылыгы шаарга Ирандын 15 "Шахед" учкучсуз учагы менен сокку урулганын маалымдады.
"Одессадагы окуу жайлардын биринин жатаканасына дрондор түшкөн. Өрт тез арада өчүрүлдү. Адамдар жабыркаган жок", — деп жазылган билдирүүдө.
Дрондордун куйругунда "За МоскVу", "За Кремль" деген жазуулар бар экени аныкталды.
3-майда Херсон облусуна жасалган чабуулда 20дай адамдын өмүрү кыйылган. Киевде жана Украинанын бир катар аймактарында абадан эскертүү жарыяланып, бийлик жарандардан баш калкалоочу жерлерге бекинүүнү суранган.