Украинанын Запорожье облусунун оккупациялык бийлиги фронтко жакын жайгашкан 18 конуштун тургундарын "эвакуациялоону" жарыялады. Бул тууралуу Орусия дайындаган “губернатордун милдетин аткаруучу” Евгений Балицкий өзүнүн Telegram каналына жазды.
Биринчи кезекте кары-картаңдар, балдар, майыптыгы барлар жана ооруп жаткандар көчүрүлөт. Балицкий аларга облустун башка аймактарынан убактылуу баш калкалоочу жайлар берилерин билдирди. Орусия дайындаган бийлик акыркы кезде аймакта украин армиясы чабуулду күчөткөнүн маалымдады.
Ошол эле маалда "Реальное Запорожье" Telegram каналы Запорожье облусунун оккупацияланган Молочанский жана Токмак райондорунда ата-энелер балдарын калкты көчүрүп жаткан орус жоокерлеринен жашыруунун аракетин көрүп жатканын жазды.
Орусиядагы "Вагнер" деп аталган жалданма аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин 10-майда анын жоочулары Украинанын Бахмут шаарынан чыгып кетерин жарыялады.
Ал согуштагы позицияларын Орусиянын Коргоо министрлигине өткөрүп берерин билдирди. Мындай чечимге ок-дарылардын жетишсиздиги жана оор жоготуулар себеп болгонун белгиледи. Видео жана билдирүүнүн тексти Пригожинге байланышы бар Telegram-каналдарга 5-майда жарыяланды.
"Вагнер" жеке аскердик ишканасынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин согушта өлгөн бир нече "вагнерчинин" сөөгүнүн жанында туруп, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну алардын өлүмүнө айыптаган видео тарады.
Ал согушта набыт болгон "вагнерчилердин" өлүмүнө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимовду да айыптады.
Тасманы Пригожиндин басма сөз кызматы таратты.
АКШнын чалгын кызматы Орусия өзөктүк куралы тууралуу улам эскертип, коркутуп жатканына карабай, аны колдонушу күмөн деп эсептейт.
Бул тууралуу АКШнын Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Эврил Хейнс бейшембиде Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде сүйлөп жатып билдирди.
"Америка авазы" өлкөнүн расмий өкүлдөрү бир нече айдан бери Орусия тараптан өзөктүк курал колдонууга даярдык жышааны жоктугун, бирок ошол эле учурда көзөмөл жүрүп жатканын билдирип келгенин жазды.