Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

"Вагнердин" ээси Орусиянын коргоо министрин жектеди


Евгений Пригожин вагнерчилердин көрүстөнүнүн фонунда.
Евгений Пригожин вагнерчилердин көрүстөнүнүн фонунда.

"Вагнер" жеке аскердик ишканасынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин согушта өлгөн бир нече "вагнерчинин" сөөгүнүн жанында туруп, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну алардын өлүмүнө айыптаган видео тарады.

Ал согушта набыт болгон "вагнерчилердин" өлүмүнө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимовду да айыптады.

Тасманы Пригожиндин басма сөз кызматы таратты.

"Бул жигиттер бүгүн мерт болду, алардын каны сууй элек, - деп сүйлөгөн башкы "вагнерчи" курал-жарактын жетишсиздигинен улам өлгөндөрдүн саны көп болуп жатканын айтат, - Булар бул жакка силер иш бөлмөңөрдөн чыкпай, семиришиңер үчүн өз каалоосу менен келишкен", - деген Пригожин Шойгу менен Герасимовго кайрылып, аларды жаман сөздөр менен сөгүп, жектеген.

Пригожин буга чейин да Украинанын Бахмут шаарын басып алууга аракеттенип жаткан "вагнерчилерде" курал-жарак жетишсиз экенин айтып чыккан. Украина бул согушта орусиялык күчтөр күн сайын жүздөгөн аскеринен ажырап жатканын билдирип келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

Башкы "вагнерчи" Пригожин да Бахмуттагы өлгөндөр өтө көп болгонун айтканы менен санын тактаган жок.

“Вагнер” компаниясы – менчик бейрасмий аскердик түзүм. Компанияны Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын саналган Евгений Пригожин негиздеген. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Айрым өлкөлөр бул компанияны террордук уюм деп таанып, Пригожинди "кара тизмеге" киргизген.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG