Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Белграддын жанындагы атышуудан кеминде сегиз киши мерт болду


Дубона кыштагында бөгөттө турган полициячы. Белград, Сербия. 5-май, 2023-жыл.
Дубона кыштагында бөгөттө турган полициячы. Белград, Сербия. 5-май, 2023-жыл.

Белград шаарына жакын Младеновац аймагындагы атышуудан кеминде сегиз киши мерт болуп, дагы бир нече адам жараат алганын жергиликтүү басылмалар жазды. Сербиянын Ички иштер министрлиги каргашалуу окуя тууралуу так маалымат бере элек.

РТС телеканалы атышуу Младеновацкиге жакын Дубона, Мало Орасье жана Сепсин айылдарында болгонун жана кол салган адамды издөө иштери уланып жатканын маалымдады. Маалыматка ылайык, атышуу болгон айылдарга кирген-чыккан жолдорду полиция бөгөттөп, журналисттерди да өткөрбөй жатканын "Азаттыктын" балкан кызматы кабарлады.

Атышуудан жарадар болгон он киши Смедероводогу ооруканага жеткирилди. Алардын ичинен төртөө жараатынан улам көз жумганы, үч адамга оор операция жасалганы кабарланды, Дагы эки адамдын абалы туруктуу.

Бул окуя Белграддагы мектепте 13 жаштагы бала сегиз окуучуну жана бир коопсуздук кызматкерин атып өлтүрүп, жетөөнү жарадар кылгандан кийин 48 сааттан көп өтпөй болду.

2013-жылы Младеновац аймагынан алыс эмес Велика Иванча кыштагында Любиш Богданович аттуу адам 13 адамды: алты эркек, алты аял жана бир баланы өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG