Украинанын коргоо министри Алексей Резников Киевдин контрчабуулуна "дүйнө ашыкча үмүт артып жатканын”, бул “эмоционалдык көңүл калууга” алып келиши ыктымал экенин The Washington Post гезитине курган маегинде билдирди. Басылмага Резников апта башында маек куруп, 6-май күнү кечинде жарыяланды.
“Батыш өнөктөштөрүбүз жаңы ийгиликтин керек экенин айтышат. Ийгилик канчалык маанилүү болорун - он, отуз, жүз, эки жүз километрби, аны айталбайм”, – деп билдирди ал.
Ал эми украин президенти Владимир Зеленский Post гезитине берген интервьюсунда: "Көпчүлүк адамдар чоң бир нерсени күтүп жатышат" деп, Украина "өнөктөштөр менен макулдашылган курал-жарак толукталгандан кийин” контрчабуулга даяр болорун билдирди. Зеленский Орусия ээлеп алган кайсыл аймак болбосун кайтарууну ийгилик деп эсептерин кошумчалады.
The Washington Post гезити Киевдин баштапкы ийгилиги - Керчь кысыгындагы көпүрөнү талкалоосун, аннексияланган Крымдагы орус аскердик базаларын обочолонтууну жана Запорожье облусундагы орус аскерлерин маанилүү жолдордон кесүүнү атаса болот деп эсептейт.
Былтыр февралда Украинага кол салганда орусиялык армия ири аймактарды ээлеп алууга жетишкен. Ошол эле жылдын жазында алар Киевдин жанынан жана түндүк облустардан чегинүүгө аргасыз болгон. Күзүндө украиндер Харьков облусунун бир нече жерин кайтарып алган. Орусиялык аскерлер Херсон шаарын жана облустун кээ бир райондорун калтырып кеткен.
Украинанын контрчабуулу тууралуу бир нече айдан бери айтылып келатат. Соңку маалыматтарга караганда, операция майда же жайдын алгачкы айларында башталышы ыктымал.
Севастополдун Москва дайындаган губернатору Михаил Развожаев аннексияланган Крымга 7-майга караган түнү ондон ашык дрон менен чабуул жасалганын билдирди. Анын ырасташынча, чабуулдун мизи кайтарылды жана шаардагы бир дагы объект жабыркаган жок.
Согуш маалында бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралында дээрлик күнүгө эле жарылуулар угулуп турат. Орус бийлиги анын "украин дрондору" жана абадан коргонуу системалары менен түшүндүрүп келет. Киев буга байланыштуу комментарий бере элек.
Өткөн айдын аягында аймактагы Орусия дайындаган бийлик өкүлдөрү Севастополдогу мунай базаларына дрон менен чабуул жасалганын, өрт чыкканын маалымдаган. Анда жабыркагандар тууралуу маалымат болгон эмес.
Киев жана Батыш Крым аннексиясын эч кандай шартта тааныбасын алдын ала эскерткен. Украина Орусия ээлеп алган аймактарын кайтарып аларын билдирген.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, атайын даярдыктагы “Ахмат” аскер бөлүгүн Бахмутка жөнөтүүнү өтүндү. Анын кат болуп тиркелген кайрылуусу Телеграм-каналына жарыяланды жана Кадыров кат дарегине жөнөтүлгөнүн белгиледи.
Катта Путинге коргоо министри Сергей Шойгу менен Росгвардиянын башчысы Виктор Золотовго “Ахмат” аскер бөлүгүнө Бахмуттагы “вагнерчилер” ээлеген жерлерди берүү тууралуу буйрук берүү өтүнүчү жазылган.
Буга байланыштуу Кремль азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында Орусиядагы "Вагнер" деп аталган жалданма аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин 10-майда анын жоочулары Украинанын Бахмут шаарынан чыгып кетерин жарыялаган.
Ал согуштагы позицияларын Орусиянын Коргоо министрлигине өткөрүп берерин билдирген. Мындай чечимге ок-дарылардын жетишсиздиги жана оор жоготуулар себеп болгонун белгилеген.
Пригожин буга чейин да Украинанын Бахмут шаарын басып алууга аракеттенип жаткан "вагнерчилерде" курал-жарак жетишсиз экенин айтып чыккан. Украина бул согушта орусиялык күчтөр күн сайын жүздөгөн аскеринен ажырап жатканын билдирип келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.
- “Вагнер” компаниясы – менчик бейрасмий аскердик түзүм. Компанияны Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын саналган Евгений Пригожин негиздеген. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Айрым өлкөлөр бул компанияны террордук уюм деп таанып, Пригожинди "кара тизмеге" киргизген.
- "Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.
Бахмутта айыгышкан кармаш жүрүп жатат
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы шаар аскердик кармаштын чордону бойдон калып жатканын билдирди.
"Бахмут жана Марьинка үчүн оор кармаш болуп жатат. Сутка ичинде орусиялык аскерлер 30 жолу чабуул жасап, ийгиликке жете алган жок". Андан тышкары Бахмуттун четиндеги чабуулдары да ишке ашкан жок. "Вагнердин" жетекчиси Пригожиндин билдирүүсүнө карабай чабуулдар токтой элек.
Украинанын Коргоо министрлиги билдиргендей өткөн түнү орусиялык аскерлер Бахмутту фосфору бар күйгүзүүчү снаряддар менен аткылашкан.