АКШ Украинага абадан коргонууга дагы 1,2 миллиард долларлык жардам бөлөт. Бул тууралуу расмий Вашингтон 9-майда жарыялай турганын Associated Press агенттиги жазды. Маалыматка караганда, жардамдын ичине Hawk абадан коргонуу системалары, зениттик каражаттар жана учкучсуз апараттар кирет. Андан тышкары артиллериялык системалар, ракеталар жана курал-жабдык жөнөтүлөт.
Буга чейин 3-майда АКШ бийлиги Украинага 300 миллион долларга аскердик жардам бөлгөн. Ага HIMARS ракеталык системаларына ок-дары, танктарга каршы системалар, миналар, артиллериялык снаряддар, жогорку тактыктагы авиациялык ок-дарылар, «жер-аба» классындагы чакан аралыктагы Hydra-70 авиациялык ракеталары кирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада өтүп жаткан парад аркылуу Борбор Азияга таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Бул тууралуу Америкалык Согушту иликтөө институтунун (ISW) кезектеги баяндамасында жазылган.
Баяндамада Борбор Азия мамлекеттеринин айрым лидерлери согушту колдогонун түз жана ачык көрсөткүсү келбегени, ушул себептен алар Москвага бара турганын кеч жарыялаганы болжолдонгон.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 9-майда Киевге барды.
"Биз аздектеген баалуулуктарды күндө коргоп жаткан Киевге кайра келгениме кубанычтамын", -деп жазды фон дер Ляйен Твиттерге.
Ал ошондой эле украин президенти Владимир Зеленскийдин 9-майды өз өлкөсүндө Европа күнү деп жарыялоо чечимин кубаттады. Бул күнү Евробиримдикте Европа күнү белгиленет. 1950-жылы Франциянын тышкы иштер министри Робер Шуман шаркеттин түптөлүшүнө негиз болгон декларацияны сунуштаган.
Урсула фон дер Ляйен Киевге келерден бир нече саат мурда Орусия украин баш калаасына жана башка аймактарга ракетадан сокку урган. Ушуну менен Москва ай башынан бери Киевди бешинчи жолу ракета менен аткылады. Жалпы урулган 25 ракетанын 15и украин борбор калаасына багытталган.
Журналисттер арасында эң жогору саналган быйылкы Пулитцер сыйлыгы украиналык үч кабарчыга берилди. Комитеттин сайтындагы маалыматка ылайык, видеожурналист Мстислав Чернов, фотограф Евгений Малолетка жана видеопродюсер Василиса Степаненко сыйланды.
Associated Press басылмасынын кабарчылары Чернов менен Малолетка бул сыйлыкты негизинен орусиялык аскерлердин курчоосунда калган Мариуполдогу абалды чагылдырганы үчүн алган. Алар тарткан кадрлар дүйнөлүк медиаларда көрсөтүлгөн.
"Эл аралык репортаж" наамындагы сыйлык Бучадагы орус армиясынын аскердик кылмыштарын чагылдырганы үчүн The New York Times басылмасына берилди.
Пулитцер сыйлыгын АКШдагы Колумбия университети ыйгарат. Ал дүйнөдө журналистика тармагындагы эң престиждүү сыйлык болуп саналат. Анын биринчи лауреаты 1917-жылы америкалык журналист Герберт Своуп болгон. Ал сыйлыкты The New York World газетасындагы "Германия империясынын ичинде" аттуу макалалардын сериясы үчүн жеңип алган.