Украинанын чыгышында AFP маалымат агенттигинин видеожурналисти Арман Сольден мерт болду. Бул тууралуу агенттик Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди.
Анда "Арман Сольдендин өлүмү тууралуу кабарга кабыргабыз кайышып турат",- деп жазылган.
AFP Сольден Донецк облусундагы Часов Яр шаарындагы ракеталык чабуулдун айынан мерт болгонун тактады. Аны менен кошо жүргөн төрт кабарчы жабыркаган эмес.
Боснияда туулган Сольден 32 жашта болгон жана эмгек жолун AFP агенттигинин Римдеги бюросунда баштаган. Ал 2015-жылы Лондонго көчүп келген.
Былтыр сентябрда Сольден AFP агенттигинин Киевдеги бюросунда видеокоординатор болуп дайындалган. Ал Твиттердеги баракчасына акыркы билдирүүнү 8-майда калтырган жана анда жараат алган украин жоокерлери жана Бахмуттага талаа госпиталынын иши тууралуу жазган.
Өткөн айдын аягында Херсондо италиялык La Repubblica басылмасынын кабарчысы Коррада Зуниного согушту чагылдырууга жардам берип жүргөн украиналык журналист Богдан Битик мерт болгон. Зунино ийнинен жараат алган. Аталган басылма журналисттерди Антонов көпүрөсүнүн анча алыс эмес жерде көзгө атарлар бутага алганын билдирген.
Журналисттердин эл аралык федерациясынын эсебинде, Орусия Украинага согуш ачкандан бери дегенде 13 журналист мерт болду, дагы 18и жараат алды. Набыт болгондор арасында "Азаттыктын" украин кызматынын Киевдеги кабарчысы Вера Гирич дагы бар.
Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Украинада Орусиянын үндөн бир канча эсе ылдам учкан "Кинжал" ракетасы Patriot системасынын жардамы менен атып түшүрүлгөнүн ырастады. Бул тууралуу Пентагондун басма сөз өкүлү Пэт Райдер билдирди.
Мунун алдында Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук 3-майдан 4нө караган түнү Patriot менен үндөн бир канча эсе ылдам учкан "Кинжал" ракетасы Киевге жасалган чабуул маалында жок кылынганын бышыктаган.
Ага чейин Defense Express басылмасы "Кинжал" атып түшүрүлгөнүн жазып чыккан. Журналисттер Киевдеги стадиондордун бириндеги ракетанын сыныктарынын сүрөтүн жарыялаган. Анда басылма бул маалыматты ишенимдүү булактардан алганын билдирген.
Орус армиясы "Кинжал" ракетасы кадимки үндөн беш эсе ылдам уча аларын, абадан коргонуу системаларына кармалбастан 2 миң чакырым алыстыктагы бутага сокку ура аларын билдирип келет.
Европа Комиссиясы Орусияга Украинага каршы согуш ачканына байланыштуу санкциялардын 11-топтомунун долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин маалымат жыйында билдирди.
Анын ырасташынча, санкциялардын кезектеги пакети үч элементтен турат. Биринчисинде, тыюу салынган товар, буюм-тайымдардын тизмесин кеңейтүү каралган. Экинчисинде, үчүнчү өлкөлөрдүн санкцияларды кыйгап өтүшүн тыйган жаңы ыкмалар болот, ал эми үчүнчүсүндө, Орусиядагы жана үчүнчү өлкөлөрдөгү санкцияларды буйтап өткөн "көмүскө" уюмдарга чектөөлөр салынат.
Урсула фон дер Ляйен Еврошаркетке мүчө өлкөлөр менен үчүнчү мамлекеттердин ортосунда "адаттан тыш соода жүгүртүү" көбөйгөнүн, анын аягы Орусияга барып такаларын белгиледи жана буга байланыштуу чара көрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.
"Эгер биз европалык товарлар үчүнчү өлкөгө жөнөтүлүп, андан соң Орусияга жеткен болсо Еврокомиссия мүчө мамлекеттерге бул товарларды экспорттоого тыюу салууну сунушташы мүмкүн", -деп эскертти.
Мунун алдында Politico басылмасы санкцияларга карабай техникалардын Орусияга ташылып жатышын токтотуу үчүн Евробиримдик Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Түркияга чара көрүшү мүмкүн экенин жазган. Уюм мындай чараны санкциялардын 11-топтомуна киргизиши ыктымал экени көрсөтүлгөн. Буга чейин чектөөлөр Орусиянын өзүнө гана киргизилип келген.
Батыш мамлекеттери тыюу салынган техника Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга кирип жатат деп күмөн санайт.
9-майда Украинада Европа күнү белгиленди. Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен барып, украин элине колдоосун билдирди. Бир күн мурун Брюссел Москвага каршы санкциялардын 11-айлампасын даярдап жатканын жарыялаган.
Орусиянын Украинага басып киргенине 440 күн болду. Херсон шаарында үч күндүк коменданттык саат 8-майда аяктады. Бирок орус күчтөрү чабуулун улантууда. Дүкөнгө шашкан тургундар азык-түлүктү көбүрөөк алуунун аргасын көрүүдө.
56 жаштагы Светлана батиринде ээн-эркин баса албайт. Тестиер небереси экөө түнү менен коридордо жан сакташарын Reuters агенттигине айтып берди.
"Сокку тийгенде өтө катуу добуш чыгат. Айрыкча, кечинде. Өткөн түнү биздин үйгө жакын жерге чабуул коюлганда чачыраган оттон батирибиз жарык боло түштү. Кудайым ай... Үйүмдүн жанында төрт жардыруу болду. Өткөн аптадагыдай көп эмес, бирок сокку токтой элек".
"Агрессордун иши оңунан чыкпай калды"
Орусия Украинага чабуулдарды күчөткөн маалда, 9-майда Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге барды.
"Анткени алар силердин ийгилигиңерден жана силердин Евробиримдикке багыт алган жолуңардан коркушат. Бирок агрессордун иши ансыз деле оңунан чыкпай калды. Украина чабуулга туруштук берип, кайратмандык менен кармашып атат. Мунун сыры эмне? Биринчи кезекте эркин коом катары Украина өзүнүн миллиондогон элинин каарман эрдигине таяна алат", - деген Урсула фон дер Ляйен ошондой эле украиндердин 9-майды Европа күнү деп жарыялоо чечимин кубаттады. Бул күнү шаркетте дагы Европа күнү белгиленет.
Украин президенти Владимир Зеленский Брюсселдин жогорку өкүлү менен Евроинтеграция, коргонуу жана Орусияга каршы санкцияларды талкуулаганын билдирди.
Бир күн мурун Брюссел Москвага каршы санкциялардын 11-айлампасын даярдап жатканын жарыялаган.
Москвадагы жупуну парад
Москвада 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 78 жылдыгы - Жеңиш күнү белгинип, Кызыл аянтта аскердик парад өттү.
Параддын ачылышында сүйлөгөн президент Владимир Путин Орусияга каршы "согуш ачылганын" айтып, бул үчүн "Батыштын глобалдык элитасын" күнөөлөдү.
"Бүгүн цивилизация дагы бир жолу чечүүчү бурулуштун баскычында турат, биздин мекенге каршы дагы бир жолу чыныгы согуш башталды. Бирок биз эл аралык терроризмге каршы күрөштүк, биз өз коопсуздугубузду жана Донбасттын тургундарын дагы коргойбуз", - деди Путин.
Былтыр Украинага басып кирип, согуш ачканда дүйнөдөн бөлүнүп калган Кремлдин башчысы анын өлкөсү тынч жана бейпил келечекти көргүсү келерин да кошумчалады. Ал "атайын аскердик операция" деген сөздү бул ирет оозанган жок. Ошондой эле буга чейин айрым кабарларда айтылгандай, аскердик мобилизация жарыялоо тууралуу да үн катпады.
Быйылкы парадга чыккан аскердик техникалардын саны мурдагы жылдарга караганда эки-үч эсе болду. Талдоочу Оливер Александрдын эсебинде, 2021-жылы 197, 2022-жылы 131 техника катышкан болсо, бул ирет алардын саны 51 гана болду.
Быйыл Орусиянын 20дай аймагында, анын ичинде оккупацияланган Крымда коопсуздуктан улам майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн жок. Кызыл аянттагы парадда пландалган авиациялык шоу да болгон жок. Кремль муну аба ырайынан улам деп түшүндүрдү.
Москвага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларустун президенттери, Армениянын премьер-министри катышты. Алардын арасынан президент Садыр Жапаровдон башкасынын парадга барары бир күн мурда гана маалым болду.
2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин жеңиш парадына чет элдик лидерлер дээрлик барбай калган.
Америкалык Согушту иликтөө институту Путин быйылкы парад аркылуу Борбор Азияга таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракеттенип жатканын жазды. Эксперттер Борбор Азиянын айрым лидерлери Украинадагы согушту колдогонун ачык көрсөткүсү келбегенин, андыктан Москвага барарын кеч жарыялаган деп боолголошот.
Жеңиш күнү Кыргызстанда да белгиленип, соңку жылдары адатка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү Бишкек менен Ошто өттү. Башкалаанын Түштүк дарбазасынан башталып, Жеңиш аянтына чейин уланды. Оштогу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
"Өлбөс полк" акциясын 2011-жылы Орусияда жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып уюштурула баштаган.
Улуттар Уюмунун эсебинде Орусия Украинага басып кирген былтыркы 24-февралдан бери тогуз миңге жакын карапайым тургун курман болду.
Өткөн айда Евробиримдиктин кеңеши Украинага 31-майга чейин ок-дарыларды берүү үчүн Европа фондунан 1 миллиард евро бөлүүнү жактырган. АКШ Украинага абадан коргонууга дагы 1,2 миллиард долларлык жардам бөлөт. Бул тууралуу расмий Вашингтон 9-майда жарыялай турганын Associated Press агенттиги жазды.
Вашингтон жана Европа биримдиги Киевге көрсөтүлгөн жардамды Орусияга сокку уруу үчүн эмес, Украинаны коргоо үчүн колдонууну дайыма белгилейт жана Москваны согушту токтотууга үндөйт.