Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:39 12.5.2023

Орусиялык "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Украина контрчабуулун баштаганын билдирди.

11-майда Телеграм-каналы аркылуу жарыялаган аудиосунда украин күчтөрү даярдыктан өткөнүн жана тиешелүү курал-жарак менен жабдылганын айткан.

Андан бир аз мурда эле украин президенти Владимир Зеленский Би-Би-Сиге курган маегинде контрчабуулга өтүү үчүн куралдуу күчтөргө дагы көбүрөөк даярдык зарыл экенин билдирген.

"Биз бир аз күтө турушубуз керек. Бир аз убакыт керек", - деди Зеленский.

Пригожин Зеленскийди анткорлукка айыптап, учурда контрчабуул толук жүрүп, украин күчтөрү Бахмут аймагында соккуларды уруп жатканын кошумчалады.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, "аймактагы жалпы кырдаал көзөмөлдө экенин" билдирди.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, орус армиясы Бахмут-Авдеевка-Марьинка согуш тилкесинде сокку урууну улантып жатат.

Ушул тапта Бахмут калаасынын 75% орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

11:53 12.5.2023

АКШнын Түштүк Африка республикасындагы (ТАР) элчиси Рубен Бриджети бул өлкөнү нейтралдуу позицияны карманганына карабай Орусияга курал-жарак жөнөткөнүн айыптады.

Ал жергиликтүү басылмаларга курган маегинде, былтыр декабрда Кейптаундун жанындагы базадан орусиялык кемеге курал-жарак, ок-дары жүктөлгөнүнө ишенерин айтты.

Өлкөнүн президенти Сирил Рамафоса комментарий берип жатып, өкмөт бул маалыматты териштирерин билдирди.

Рубен Бриджети Преторияда басма сөз жыйынында ТАРдын Орусиянын Украинага каршы согуш ачканына байланыштуу позициясы Вашингтондун камтамачылыгын жаратарын билдирди. Америкалык дипломат Lady R жүк ташыган кеме Саймонстаундагы аскер-деңиз базасында былтыр 6-декабрдан 8-декабрга чейин турганына, анда Орусияга кайтканда кемеге курал-жарак жүктөлгөнүнө көзү жетерин айтты.

Кошмо Штаттары бир канча айдан бери ТАР бийлигин Орусия менен "ыңгайлуу" мамилесин сактап алганын сынга алып келген. Вашингтон анда аталган өлкө Украинага каршы согуштун бир жылдыгында Москва менен Бээжиндин аскердик машыгууларына катышканына байланыштуу тынчсыздануу билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Москванын Киевге каршы согушун айыптаган резолюцияга добуш берүүдө Претория добуш берүүдөн карманган. Андан сырткары өлкө АКШ баштаган бир катар өлкөлөрдүн Москвага каршы санкциясына дагы кошулган эмес.

Ушул айдын башында бул өлкөнүн бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин жайында ТАРда өтө турган БРИКСтин саммитине келбөөсүн өтүнгөнү белгилүү болгон. Буга Путиндин Украинадагы согуш кылмыштарга айыпталып, эл аралык кылмыш сотунун аны камакка алуу боюнча чыгарган ордери себеп болгон.

11:53 12.5.2023

Европа Биримдигиндеги Польшанын өкүлчүлүгү Украинага контрчабуул үчүн өнөктөштөрү 575 танк, 28 учак бергенин билдирди. Анда танктардын басымдуу бөлүгүн, тактап айтканда 325ин Варшава жөнөткөнү жазылган. Андан сырткары Нидерланд 85, Германия 80, ал эми АКШ 76 танк берген.

Киев кыргын салуучу Миг-29 үлгүсүндөгү 14 учакты дагы Польшадан алган.


Мунун алдында Британия Украинага узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөнү белгилүү болгон. Өлкөнүн коргоо министри Бен Уоллес 11-майда парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, ракеталардын санын тактаган эмес.

"Storm Shadow ракеталары Киевге Украинанын суверендүү аймагына кирип алган орусиялык күчтөрдү сүрүп чыгарууга жардам берет", - деген Уоллес.

Аталган ракеталар 250 чакырымга чейин уча алат. Салыштыруу иретинде караганда, АКШ Украинага жөнөткөн HIMARS ракеталарынын учуу мүмкүнчүлүгү 80 чакырымды гана түзөт.

Британ маалымат каражаттары жазгандай, Киев бул ракеталарды Орусиянын аймагына сокку урууда колдонбоого убада берген.

Москва Лондондун бул кадамына "тиешелүү жооп кайтарарын" эскертти, ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия бул маалыматты "оор кабыл алганын" журналисттерге 11-майда айтты.

Бул жаңылык Украинанын Бахмут шаарында орус күчтөрү эки чакырымга артка чегингени кабарланган маалда чыкты. Москва тескерисинче орус армиясы алдыга баратканын билдирүүдө.

Бахмутта бир нече айдан бери салгылашуулар уланып келет. Ушул тапта калаанын 75% орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

00:15 12.5.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG