Жума күнү түштөн кийин Орусия көзөмөлдөгөн аймактагы фронт линиясынан алыс жайгашкан Луганск шаарында эки чоң жарылуу болду. Телеграм-каналдары шаардын үстүнө көтөрүлгөн кара түтүндүн сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялап жатышат.
Жарылуу болгонун орусиялык блогерлер дагы ырасташты.
"Азыр эле Луганскинин үстүнөн дабышы учакка окшогон нерсе учуп өттү, андан кийин ышкырыктын жана жарылуунун үну угулду", - деп жазды "Старше Эдды" Телеграмм-каналы.
Луганск ракета менен атуучу система(РСЗО) жете албай турган аймакта. Белгилүү Телеграмм-каналдар кеп узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарынан жасалган сокку тууралуу болушу ыктымал экенин божомолдошкон. Мунун алдында Британия Украинага Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөнү белгилүү болгон. Кийинчерээк өзүн "Луганск элдик республикасы" деп жарыялап алган аймактын ("ЛЭР") өкүлдөрү сокку болжол менен украиналык өндүрүштөн чыккан "Гром" комплексинин канаттуу ракеталарын колдонуу менен жасалганын айтышкан.
Маалыматтарга караганда, соккулардын бири "Полипак" заводунун аймагына жасалган. "ЛЭРдин" Орусия дайындаган башчысы Леонид Пасечник шаар Украина Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосуна туш болгонун билдирди. Украин тарап комментарий бере элек.
Жума күнү кечинде Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Водолацкий аткылоо маалында жаракат алганы тууралуу маалымат тараган. Бети кан болгон депутатты колтугунан сүйөп жаткан видео жарыяланган. Андан кийин Водолацкий тартылган дагы бир видео жарыяланган, анда анын эч кандай жараат албай, эсен-соо экени көрүнүп турат.
"Сота" жана "УНИАН" басылмалары депутат жардыруудан кийин уранды алдында калганын белгилешкен.
Орусиялык бир катар Телеграмм-каналдар Луганскиге сокку урулган жерде чабуулга каршы туруу түйүндөрүн (ПВО) аныктоого багытталган ADM-160B ракеталарынын сыныктары табылганын жазышкан. Бул маалымат расмий булактардан ырасталган эмес.
ЖУма күнү Луганскиде "ЛЭР күнү" белгиленди. Тогуз жыл мурда Орусиянын колдоосу менен жикчилдер Украинанын Луганск облусунда "Луганск элдик республикасы" түзүлгөнүн жарыялашкан. Мурдараак Пасечник "Единая Орусия" башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчаков менен шаарда гүл койгонун "Дождь" жазган.
Британия Украинага узак аралыктагы Storm Shadow канаттуу ракеталарын жибергенин 11-майда билдирген.
CNN британ өкмөтү Киевден ракеталар Орусиянын эл аралык коомчулук тааныган аймактарына сокку уруу үчүн колдонулбайт деп кепилдик алганын кабарлады.
Бирок ал Украинанын оккупацияланган аймактарына тиешелүү эмес.
Орусиянын президенти Владимир Путин 12-майда Мамлекеттик миграциялык саясат концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизген жарлыкка кол койду. Анда калктын өлкөдөн чыгып кетишинин алдын алуу боюнча чараларды көрүү каралган.
Документте айтылгандай, "2022-жылы социалдык-экономикалык шарттардын өзгөрүшүнүн таасири астында Орусиянын калкынын чет өлкөлөргө миграциялык агымы көбөйгөн". Мындай шарттарга эмне кирери түшүндүрүлгөн эмес.
2022-жылдын 24-февралында Путиндин буйругу менен Орусия Украинага бастырып кирген. Ошол эле жылдын сентябрь айында мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин Орусиядан жүз миңдеген адамдар чыгып кеткен. Орусиялыктар өлкөдөн чыгып кеткен учурлар башка айларда дагы катталган, бирок алардын саны мобилизация жарыяланган кездегидей көп эмес.
Концепцияда Орусия аннексиялап алган Украинанын төрт облусунун, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсондун тургундарынын кайтып келүүсүнө шарт түзүү пункту дагы киргизилген. Шарттар же көрүлчү чаралар боюнча маалымат берилген эмес. Мында кеп Украинанын жарандары жөнүндө болуп жатат. Орус бийлиги алардын Орусия көзөмөлдөгөн аймактарга кайтып келиши үчүн кандай шарт түзүүнү көздөй турганы түшүнүксүз.
Жарлыктын дагы бир пунктунда Орусиянын аймагында "чет элдик жарандарды эмгекке уюшкандыкта тартууну күчөтүү" тууралуу да жазылган.
Украин президенти Владимир Зеленский апрелде Пасха майрамына карата жолдогон кайрылуусунда Киев орус күчтөрү ээлеп турган аймактарды бошоторун белгилеген.
Буга чейин Эл аралык кылмыш сотунун кармоо ордерине туш болгон Владимир Путин орус армиясына Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын толук көзөмөлгө алуу буйругун берген. Москва бул аймактарды аннексиялаганын жарыялаган, бирок ал аймактардын бир тобу Украинанын көзөмөлүндө. Эл аралык коомчулук Кремлдин украин аймактарынын аннексиясы тууралуу чечимин тааныбайт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен Беларустун коргонуу тармагындагы 200 ишканасына, ошондой эле алар менен байланышы бар жүздөгөн адамдарга каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Украина президентинин расмий сайтында жарыяланган документтерде айтылат.
Ага ылайык, чектөөлөргө "Роскосмос", орус Коргоо министрлигинин Борбордук илимий-изилдөө институту, "ГЛОНАСС", "Технолог" атайын конструктордук-технологиялык бюросунун федералдык ишканасы кирген.
Бул тизмеге Беларустун "Дисплей" конструктордук бюросу, "Локомотив-сервис", "БелАЗ", "Пеленг" жана "Гомсельмаш" баштаган 17 ишканасы киргизилди.
Зеленский бекиткен санкциялык пакеттин биринде, Кипрде жана Британиянын Виргин аралдарында жайгашкан Орусия менен байланышы бар оффшордук компанияларга чектөөлөр бар.
Украинанын президенти Орусиянын 13 жаранына жана өлкөнүн алдыңкы металлургиялык ишканаларынын бири болгон "Запорожстальды" көзөмөлдөгөн 28 юридикалык фирмага чектөө койду.
Санкциялар 5-10 жылга киргизилүүдө. Ал активдерге жана соода операцияларына бөгөт коюуну, Украинанын аймагы аркылуу транзиттик жана жүк ташууну токтотууну, лицензияларды жокко чыгарууну, келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салууну, ошондой эле технологияларды жана интеллектуалдык менчик укуктарын өткөрүп берүүнү карайт.
Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 12-майда Телеграм-каналы аркылуу украин армиясы калаада эки чакырымдай алдыга жылганын билдирди.
"Курал-жарагы болсо дагы душман өз планын ишке ашыра алган жок жана көп аскерин жоготту. Бул аптадагы реалдуу кырдаал ушундай. Биздин коргоочулар Бахмут багытында эки чакырымдай алдыга жылды жана бир да позициясын жоготкон жок", - деп жазды Маляр.
Москва 11-майда украин күчтөрү айрым райондордо, анын ичинде Бахмутта алга жылганы тууралуу кабарларды четке каккан. Орусиянын Коргоо министрлиги "аскердик операция жүрүп жаткан райондогу жалпы кырдаал көзөмөлдө экенин" билдирди.
Эки тараптын тең маалыматтарын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.