Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:04
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:19 15.5.2023

Улуу Британия Украинага 200 километрден ашык аралыкка уча турган жаңы чабуулчу учкучсуз учактарды берет. Ошондой эле украиналык учкучтарга F-16 учактарын башкарууну үйрөтөт. Бул тууралуу британ өкмөтүнүн Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 15-майдагы сапарына байланыштуу билдирүүсүндө айтылат.

Мурдараак премьер-министр Риши Сунак Зеленский менен бул жааттагы кызматташууну талкуулай турганы кабарланган.

Билдирүүдө бул визит Украинага колдоо көрсөтүү боюнча жаңы чечимдерди кабыл алуу күтүлүп жаткан Чоң жетиликтин Жапониядагы саммитинин алдында ишке ашырылганы белгиленди.

Өткөн аптада Лондон Киевге узак аралыкка уча алган Storm Shadow канаттуу ракеталарын жөнөткөнү белгилүү болгон. Буга чейин Батыш өлкөлөрү 80 километрге чейинки аралыктагы буталарга сокку урууга жөндөмдүү курал-жарактарды берген.

Британиядан мурун Зеленский Италияга, Францияга жана Германияга барып, бийлик өкүлдөрү менен аскердик жана саясий кызматташтыкты талкуулаган.

09:51 15.5.2023

Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Украинанын Куралдуу күчтөрү Бахмуттун четинде Орусиянын аскерлери ээлеп турган ондон ашык позицияны кайтарып алганын билдирди. Ал украин аскерлери Ивановск районундагы токойдун бир топ бөлүгүн тазалашканын кошумчалады.

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк BILD басылмасына берген маегинде Бахмутта башталган контрчабуул бул башталышы гана экенин, Украина үчүн ал каршы чабуулга өтүүдө чоң мүмкүнчүлүк болорун айтты.

“Донецк облусунун ар кайсы аймактарында жылыш бар. Контрачабуул – бул белгилүү бир убакыттын ичинде ишке ашырылуучу иш-аракеттердин сериясы”, - деди ал.

12-майда Орусиялык “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин да Украина контрчабуулун баштаганын билдирген. Ал украин күчтөрү даярдыктан өткөнүн жана тиешелүү курал-жарак менен жабдылганын айткан.

Андан бир аз мурда эле украин президенти Владимир Зеленский Би-Би-Сиге курган маегинде контрчабуулга өтүү үчүн куралдуу күчтөргө дагы көбүрөөк даярдык зарыл экенин кабарлаган.

22:37 14.5.2023

Украин аскерлери Бахмутта жаңы позицияны ээлешти

Жекшембиде украин аскерлери Бахмуттун түндүк жана түштүк тарабындагы аймактарды бошотту. Бул тууралуу Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Телеграм-каналына жазды.

"Биздин бөлүктөр бүгүнкү күндө душмандын ондогон позициясын ээледи. Иванов районундагы токойдун аймагын тазалашты. Каршылаш тараптан туткунга түшкөндөр бар", - деп жазды Маляр. Ал шаардын аймагында кармаш уланып жатканын кошумчалады. Анын айтымында орусиялык күчтөрдүн шаарды курчоо аракети ишке ашпайт.

Буга чейин Украинанын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк немистердин Bild журналына Бахмутту бошотуу Украинага контрчабуулга өтүүгө жол ачарын билдирген.

Бахмуттагы украин аскерлери.
Бахмуттагы украин аскерлери.

17:42 14.5.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиядагы сапарынын алкагында президент Франк-Вольтер Штайнмайер менен жолугушту.

"Заманбап Украинанын эң оор учурларында Германия эркиндикти жана демократиялык баалуулуктарды коргоо үчүн украин элинин тарабында турган, чыныгы дос жана ишенимдүү өнөктөш экенин далилдеди. Биз бирге жеңебиз жана Европага тынчтыкты кайтарабыз", - деп жазды Зеленский президенттик резиденциядагы кадырлуу коноктордун китебине.

Мындан кийин ал канцлер Олаф Шольц менен жолугушту. Германиянын борборунда Зеленскийдин сапарына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүп, транспорт кыймылдарына чектөө киргизилди.

Украин лидери Берлинге жекшембиге караган түнү Италиядан учуп келди. Анын учагын Германиянын аскердик авиациясы коштоп жүрдү.

Мунун алдында Германия Киевге Орусия басып киргенден бери рекорддук аскердик жардам пакетин жарыялаган. 2,7 млрд. долларлык аскердик жардам украин лидеринин Берлинге ыктымал сапарынын алдында берилүүдө.

Зеленский менен Шольц Берлинден кийин Аахен шаарына сапар алышары күтүлүүдө. Ал жакта украин лидерине Европа Биримдигине кошкон салымы үчүн Улуу Карл атындагы сыйлык тапшырылат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-майда Италияга барып, бул өлкөнүн президенти Сержио Маттарелла жана премьер-министр Жоржия Мелони менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн өзүнүн Телеграм-каналына жазган.

"Украинаны колдоодогу ырааттуу позициясы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз мамлекетибизге Орусиянын агрессиясына каршы турууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү аскердик жардамды баалайбыз. Италия бул согушта чындык тарапта болгон жана болуп жатат", - деген ал билдирүүсүндө.

Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони басма сөз жыйынында согушта Украина жеңишке жетишерине ишеним артып, Орусия Украинанын аймагынан чыгып кетиши керектигин кошумчалады.

"РБК-Украина" сүйлөшүүлөрдө "Украинанын аба мейкиндигин коргоо боюнча маанилүү чечимдер" тууралуу кеп болгонун Зеленскийдин айткандарына шилтеме кылып жазды. Сүйлөшүүлөр тууралуу башка маалымат берилген жок.

Зеленскийдин айтымында, Мелони менен сүйлөшүүдө "тынчтык формуласын" ишке ашыруу талкууланган.

"Биз талкуулаган үчүнчү маселе - Европадагы кызматташтык. Италия Орусиядан энергетикалык жактан көз карандысыздыгын бекемдөө менен маанилүү нерсе жасады. Санкциялар мунун элементтеринин бири", - деди Зеленский.

Ушул эле күнү кечинде Зеленский Рим папасы Франциск менен жолугушкан.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG