Риши Сунак: Улуу Британия Украинаны колдоону токтотпойт
Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-майда Британиянын премьер-министри Риши Сунакка жолукту. Акыркы бир нече күн ичинде Зеленский Франция, Германия, Италия жана Ватиканга барып, Батыш лидерлери менен Украинага жаңы курал-жарак ж.б колдоо көргөзүү жаатында сүйлөшүп келди. Бул украин армиясы контрчабуул жасайт деген маалдагы сүйлөшүү болду.
Риши Сунак Лондондун Киевге берип жаткан каруу-жарагына Кремлдин терс реакция кылганы боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди. "Орусия күтүлбөгөн жерден Украинага кол салып, тири укмуш аскердик кылмыштарга барды. Улуу Британия Украинаны жана анын элин колдоодон баш тартпайт", - деген Сунак "Кремль биз бул жерде көпкө турарыбызды эске алсын" деп кошумчалады.
Сунак Улуу Британияда НАТО колдонгон жаңы үлгүдөгү учактарды башкаруу үчүн украин учкучтарын даярдоонун алгачкы этабы башталганын кошумчалады. Анын сөзүнө караганда Лондон НАТОнун өнөктөштөрү менен Киевге F-16 согуштук учактарын берүү боюнча сүйлөшүүнү улантууда.
Орусиянын аскерлери негизги күчүн Украинанын Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттарына топтоону улантууда. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы 15-майда кечке жуук маалымдады.
Расмий кабарга ылайык, акыркы суткада фронттун бул аймактарында 37 кагылышуу болуп, Бахмут менен Марьинка согуштун очогу бойдон калууда.
Орус күчтөрүнүн аткылоосунан Донецк облусундагы бир канча кыштак жабыркады. Алардын бир канчасынын мизи кайтарылган.
Жекшембиде Киев Украинанын Куралдуу күчтөрү Бахмуттун четинде Орусиянын аскерлери ээлеп турган ондон ашык позицияны кайтарып алганын жарыялаган.
Фронттон алыс, Орусия көзөмөлдөгөн аймактагы Луганск шаарында дүйшөмбү күнү жардыруу болду. Анда өзүн "Луганск элдик республикасы" деп жарыялап алган аймактын Ички иштер министрлигинин Орусия дайындаган башчысы Игорь Корнет жаракат алганын орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн жана Украинада согушуп жаткан чет элдиктерди орус жарандыгына кабыл алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө жарлыкка кол койду.
Документте орус армиясы менен келишим түзгөндөрдүн үй-бүлө мүчөлөрүнө да жарандык жеңилдик менен берилери жазылган.
Муну менен Путин 2022-жылдын 30-сентябрындагы “Келишимдик негизде аскердик кызматта жүргөн чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизди. Анда негизинен аскердик кызмат өтөө келишимин бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзгөн жана согуштук аракеттерге кеминде алты ай катышкан чет элдиктерге орус паспорттору жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте бериле тургандыгы белгиленген.
Мурда чет элдиктер беш жылга келишим түзүп, жарандык алуу үчүн кеминде үч жыл иштеши керек эле.
Орус бийлигинин бул чечими армияга эң ириде Борбор Азия өлкөлөрүнөн көбүрөөк сандагы эмгек мигранттарды тартууга багытталганын "Свобода" радиосу жазды.
Акыркы кезде мигранттар арасында - жатаканаларда, миграция кызматтарында, мечиттерде жана көчөлөрдө армияга келишимдик кызматка чакырган баракчалар көп таратыла баштаган. Аскердик кызмат өтөө келишимине кол койгондорго Орусиянын жарандыгы жана жогорку маяна берилери убада кылынган.
Буга чейин Украинанын Орусия басып алган айрым аймактарына ишке тартылган борбор азиялык мигранттардын арасында айлык берилет деген убада аткарылбады деген нааразылыктар айтылган.
Орусиядагы "Победа" авиакомпаниясы Украинадагы согушту кылмышка теңеген учкучту жумуштан бошотту. Бул тууралуу "Проект.Медиа" басылмасы компаниянын иши менен тааныш булак берген каржылык документтерге таянып жазды.
Украинага каршы согуштун алгачкы күндөрүндө "Победа" учагынын Владимир аттуу командири Түркиянын Анталия шаарына конгондон кийин жүргүнчүлөргө кайрылып, согушту айыптаган.
"Согуш бул - кылмыш. Менимче, ар бир акыл-эси соо жаран мени колдойт жана аны токтотуу үчүн колунан келгендин баарын жасайт, аны азыр жасаганы жакшы. Бизге согуштун кереги жок", - деген ал.
Учактын жүргүнчүлөрү командирдин сөзүн кубаттап, кол чабышкан. Көп өтпөй учкучтун согушка каршы сүйлөгөн сөзү тартылган видео интернетке жарыяланган.
"Победа" - Орусиянын мамлекеттик авиакомпаниясы, "Аэрофлот" тобуна кирет.
Европа биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын учууга кооптуу деген жүйө менен былтыр апрелде кара тизмеге киргизген. Алардын арасында "Аэрофлот", "Победа", S7, "Россия", "Ютейр" жана "Урал авиакаттамдары" бар.
"Проект.Медиа" басылмасы орусиялык авиакомпаниялардын учактарында тетиктерге байланыштуу көйгөй жаралып жатканын жазды. Маалыматка караганда, санкцияларга байланыштуу авиакомпаниялар тийиштүү жабдууларды сырттан алып келе албай жатат. Компаниялар буга комментарий берген жок.