Соңку бир апта ичинде орус армиясы Бахмутта 23 чакырымга артка чегинди. Муну "Агентство" басылмасынын журналисттери Deep State Map долбоорунун негизинде эсептеп чыгышты. Ошол эле маалда Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскердик уюмунун жоочулары жети чарчы чакырымдай жерди басып алганы маалым болду.
Ал тапта украин президенти Владимир Зеленский соңку үч күндө Европанын беш мамлекетин кыдырып, саясий жана аскердик кызматташтыкты сүйлөштү.
"Биз үйгө жаңы аскердик жардам, фронт үчүн жаңы кубаттуу курал, элибизди коргоо үчүн чоң саясий колдоо менен кайтып баратабыз",- деди ал.
Германия Киевге 3 млрд. долларлык аскердик жардам берерин жарыялады. Франция менен Британия украин аскерлерин машыгуудан өткөрүүгө көмөктөшөрүн билдирди. Лондон алыска уча турган чабуулчу учактарды бермей болду.
Орусиянын Коргоо министрлиги Лондон Киевге жакында эле жөнөткөн Storm Shadow ракетасын, он HIMARS реактивдүү системасын атып түшүргөнүн кабарлады. Бул качан жана кайда болгонун Москва тактаган жок.
Согушта эки жактын тең билдирүүлөрүн бейтарап ырастоо мүмкүн эмес. 16-майда жаңжалды жөндөө максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Киевге Бээжиндин атайын чабарманы Ли Хуей барат. Ал ошондой эле Орусия, Польша, Франция жана Германияга да барары кабарланды.
Венгрия Евробиримдиктин Украинага бөлгөн кезектеги 500 миллион евролук жардамына бөгөт койду. Ал кийинки аптада Украинага жөнөтүлүшү керек болчу.
ANSA агенттиги өз булагына таянып кабарлагандай, Будапешт Европанын тынчтык фонду өзүнүн макамын сактап, Украинаны куралдандыруу үчүн каражат берген уюмга айланып калбашы кепилденсин деген талапты коюуда.
Венгрия Евробиримдикте Орусиянын Украинага басып киришин такай айыптоодон баш тарткан саналуу өлкөлөрдүн бири. Будапешт Орусиянын мунай жана газына көз каранды.
Венгрия вето укугунан пайдаланып, Евробиримдиктин Украина боюнча чечимдерине бир нече жолу бөгөт койгон.
Европалык тынчтык фонду – шаркеттеги бардык мамлекеттердин мүчөлүк акысынын эсебинен иштейт. Орусия Украинага басып киргенден бери бул фонд Киевге аскердик жана гуманитардык максаттар үчүн бир нече жолу каражат бөлгөн.
Шейшемби кечинде Киев жапырт аткылоого кабылды. Калаанын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, калааны бир эле учурда дрон, канаттуу ракета жана ыктымал баллистикалык ракеталар бутага алды.
Попко бул чабуулду эң кыска убакытта жасалган ири сокку экенин билдирди. Баштапкы маалыматтарга ылайык, көбүнүн мизи кайтарылды.
Киевдин мэри Виталий Кличко Украинанын баш калаасынын бир канча районунда ракеталардын сыныгы табылганын айтты. Кол салуудан үч киши жараат алды. Бир канча автоунаа зыян тартты.
Бул май айынын башынан бери Киевге жасалган сегизинчи аба сокку болду. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын айтымында, Орусия Киевге ар кандай үлгүдөгү 18 ракета менен чабуул койгон.
МиГ-31К учагынан алты "Кинжал", Кара деңиздеги орус кемелеринен тогуз "Калибр", С-400 жана "Искандер-М" системасынан үч ракета атылган. Андан тышкары, Орусия ирандык "Шахед" жанкечти дрондорун такай колдонууда.
Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий берген жок. Согуш шартында "Азаттык" радиосу маалыматтарды өз алдынча текшере албайт.
Өткөн жылы Орусия санкцияларга карабастан Батыштан ондогон миллион долларга учак тетиктерин ташып кирген. Бул тууралуу The New York Times гезити Орусиянын Бажы кызматынын маалыматына таянып жазды.
Ал маалыматка ылайык, тетиктер санкцияга илинген "Аэрофлот", "Россия", "Победа", "Урал", UTair жана S7 Airlines авиакомпанияларынын учактары үчүн алынган. Гезит жазгандай, жүк Бириккен Араб Эмираты, Түркия, Кытай жана Мальдив өлкөлөрү аркылуу ташып келген.
Мындай схемалардын бирин АКШда жашаган орусиялык жаран Олег Пацуля менен анын өнөктөшү уюштурган болушу мүмкүн. Гезит жазгандай, алар өткөн аптада АКШнын экспорттук көзөмөл эрежелерин бузууга жана акча адалдоого айыпталып кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө, алар 2022-жылдын май айында экспорттук чектөөлөрдү кыйгап өтүп, АКШдан тетиктерди жеткирүү схемасын иштете башташкан. Бул жеткирүүлөр Флоридада, Түркияда жана Орусияда иштеген компаниялар түйүнү аркылуу ишке ашкан.
Бажынын маалыматына таянып, журналисттер мында майда тетиктерден баштап Honeywell маркасындагы авиациялык кыймылдаткычтын стартерлерине чейинки каражаттар болуп, беш миңден ашуун жеткирилгенин жазышкан.