Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:34 19.5.2023

19-майда Жапониянын Хиросима шаарында “Чоң жети” блогуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин саммити башталат.

Reuters агенттиги үч күнгө созулган жыйынга Британиянын, Германиянын, Италиянын, Канаданын, Франциянын, Жапониянын жана АКШнын лидерлери катышарын жазды.

Маалыматка ылайык, “Чоң жети” тобунун саммитинде Москва менен Бээжинге байланыштуу маселе да каралат жана ага эки өлкөнүн өкүлдөрү конок катары да чакырылган. Күн тартибинде Украинадагы согушту талкуулоо маселеси да бар.

Associated Press агенттиги саммиттин катышуучулары Москвага каршы жаңы санкцияларды талкуулашат деп күтүлүп жатканын билдирди.

Жыйын алдында АКШнын расмий өкүлү (аты аталган жок) Орусиянын согушта колдонуп жаткан материалдарга жетүүсүн кыйындатуу, санкцияларды айланып өтүү жолдорун жабуу жана Орусиянын энергетикасына көз карандылыкты азайтуу аракеттери талкууланарын айтты.

АКШ санкциялар пакетин жарыялап, кара тизмеге дагы 300гө жакын адамды, компанияларды, кеме жана учактарды киргизет деп күтүлүүдө.

19:08 18.5.2023

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киевде Кытайдын орус-украин согушун жөнгө салуу маселелери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту. Бул тууралуу украин тышкы саясий мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, Кулеба Украинанын суверендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө негизделген тынчтык орнотуу принциптерин айтып берди.

"Украина өз аймактарын жоготуу же жаңжалды ошол бойдон калтыруу тууралуу сунуштарды кабыл албайт", - деп белгиледи министр.

Кулеба муну менен катар Бээжиндин Владимир Зеленскийдин тынчтык формуласына катышуусу маанилүү экенин айтты. Президент өлкөнүн 1991-жылкы чек араларына кайтуусун, Киевге репарациялардын төлөнүшүн жана согушту ачкан адамдарды трибуналга тартууну талап кылууда. Кытай жыл башында сунуш кылган тынчтык демилгесинде ок атышууну токтотуу тууралуу кеп болуп, жогорудагы шарттар камтылган эмес.

Кытай 15-майдан тарта Украина, Орусия жана айрым Европа өлкөлөрүнө атайын чабарманын жиберери маалымдалган. Ли Хуэй 2009-2019-жылдары Кытайдын Москвадагы элчиси болгон. Дипломат жабык режимдеги сапарынын алкагында калган өлкөлөрдү да кыдырып чыгат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган 12 пункттан турган сунушта Киев менен Москва ортосундагы диалогду жандандыруу, талкууга отуруу керектигин белгилеген.

Украина, Еврошаркет жана АКШ ал докуменетти реалдуу план катары эмес, Бээжиндин позициясы тууралуу билдирүү катары кабыл алышарын айтышкан.

13:57 18.5.2023

18-майга караган түнү орусиялык армия Киевди канаттуу ракеталар менен аткылады. Украинанын баш калаасын ракета менен атуу согушкан тараптардын талаш-тартышын жаратты: Орусия Украина АКШдан алган "Патриот" системасын талкалаганын, Киев өз кезегинде орусиялык үндөн тез учкан "Кинжал" ракетасын атып түшүргөнүн билдирүүдө. Эки тарап тең бири-биринин бул билдирүүлөрүн четке каккан.

Өткөн түнү орусиялык аскерлер Одессаны да аткылады. Бул тууралуу Одесса облустук аскер администрациясынын башчысы Сергей Братчук билдирди. Атып түшүрүлгөн ракетанын сыныгы тийген бир адам каза болду.

13:48 18.5.2023

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башчысы: Украинанын абадан коргоо күчтөрү Киевдин үстүнөн Орусиянын 30 канаттуу ракетасынын 29ун атып түшүрдү

Валерий Залужныйдын расмий Телеграм-каналы булардан тышкары эки сокку уруучу жана эки чалгындоочу дрону жок кылганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG