Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:31 19.5.2023

Йенс Столтенберг: НАТО Киевге украин армиясынын контрчабуулу ийгиликсиз болсо да курал-жарак берет

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Түндүк атлантикалык алянс Украинаны контрчабуул ийгиликсиз болуп калган күндө да колдой берерин билдирди. Бул тууралуу ал "Дождь" телеканалына курган маегинде билдирди.

"Бул чоң чабуул болобу же бир нечеби НАТО чечпейт. Биз өз тарабыздан колдоону улантабыз. Вильнюста өтө турган НАТОнун саммитинде жаңы курал-жарак жеткирүү боюнча билдирүү болот деп турам. Украина үчүн Путиндин жеңиши трагедия болот, бул баарыбыз үчүн трагедия болот", - деп белгиледи Столтенберг.

12:08 19.5.2023

Пентагон: "Пэтриот" комплекси Украинада ишке берилди

Украинадагы америкалык абадан сокуу уруучу "Пэтриот" комплексине орусиялык ракета тийип, талкаланган. Оңдоп-түзүүдөн кийин кайрадан ишке киргизилгенин Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх билдирди.

"Ал оңдолду жана ок чыгарууга жөндөмдүү" деп билдирди Сингх бейшембиде. Ал АКШнын адистери ремонт иштерине колдоо көргөзүүгө даяр экенин билдирди. Бирок комплекс канчалык жабыркаганы тууралуу толук маалымат берген жок. Ага чейин америкалык ЖМК орусиялык ракета тийгенден кийин комплекс талкаланганын, бирок жок кылынбаганын кабарлаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги "Кинжал" ракетасы менен беш комплекс жана радар талкаланганын билдирген. Мекеме бирок далил келтирген эмес.

16-майдын түнү украин тарап Орусия Киевди ракета менен жапырт аткылаган. Украинанын абадан коргоо күчтөрү ракеталарды, анын ичинде алты гиперүндүү "Кинжал" ракетасын атып түшүргөн. Орусиялык комментаторлор "Кинжал" атылбаганын, бирок "Пэтриот" системасын талкалаганын билдирген. Видеодо абадан коргоо күчтөрү иштегенден кийин жерде жарылуу болгонун көрүүгө болот.

12:00 19.5.2023

Украинанын куралдуу күчтөрү Бахмутту курчап жана Марьинка багытында чабуулга өтүүдө

Украинанын куралдуу күчтөрү өткөн суткаларда орусиялык армиянын 17 чабуулунун мизин кайтарды деп айтылат Башкы штабдын маалыматында.

11:57 19.5.2023

Бен Уоллес: Киев Storm Shadow ракеталарын колдонду

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Украина алыска атыла турган Storm Shadow канаттуу ракеталарын колдоно баштаганын билдирди. Лондон Киевге берген бул ракеталар 250-290 чакырымдык аралыкта сокку урууга жөндөмдүү. Ага чейин Украинага алыска уча алган GMLRS ракеталарын берилген. Ал саатына 80 чакырымга чейин учат.

Уоллес Норвегиянын коргоо министри Бьорн Арильд менен сүйлөшкөндөн кийин берген пресс-жыйында "Менин маалыматымда Украинага жөнөтүлгөнү айтылгандан кийин Storm Shadow ракетасы колдонулду" деп билдирди. Уоллес бирок кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

Норвегиянын коргоо министри Украинага Arthur радарынан үчтү, алыска атыла турган жапырт ок чыгаруучу ракета системасынан (РСЗО) сегизди бере турганын билдирди. "Украинанын эли туруктуулукту көрсөтө алды. Алардын кармашы - биздин демократия, эркиндик, коопсуздук үчүн кармаш", - деп билдирди Бьорн Арильд Грам.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG