19-майга караган түнү орус аскерлери Украинага кайрадан чабуул койду. Киевдин расмий маалыматына ылайык, Кривой Рогдо жеке өнөр жай ишканасы бутага алынды.
Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Сергей Лысактын айтымында, цехтер зыян тартып, жабдуулар талкаланды. Бир нече имарат өрттөнүп, бир аял жараат алып, оор абалда ооруканага жаткырылды.
Киевдин аскер администрациясынын башчысы Сергей Попко баш калаага дрондор чабуул койгонун билдирди. Шаарды бутага алган бир канча Shahed учкучсуз учактары атып түшүрүлдү.
Львовдо да жардыруулардын үнү угулду. Орусия соңку күндөрү Украинага күчөткөн аба чабуулдары тууралуу маалыматтарга комментарий берген жок.
Украинанын чыгышындагы Бахмут, Марьинка жана башка шаар-кыштактарда салгылашуу болуп жатат.
Украинанын укук коргоо органдары Орусия толук кандуу кол салгандан бери 82 миңден ашык аскердик кылмыштарды каттаганын билдирди.
УНИАН басылмасы жазгандай, Кошмо Штаттар менен Британия күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартуу үчүн Украинага бул кылмыштарды иликтөөгө жардам берүүдө.
Украинанын баш прокурору Андрей Костин Варшавада өткөн Эл аралык оор кылмыштар боюнча форумда (Atrocity Crimes Advisory Group, ACA) сүйлөп жатып, бул уюмдун жардамы маанилүү экенин айткан.
“Бул - Орусиянын эл аралык кылмыштарын тергөөгө жана сот жообуна тартууга жардам берүү, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү колдоо, коргоо багытындагы ишибизге салым кошуу”, - деди Костин.
Эл аралык оор кылмыштар боюнча кеңешме тобун АКШ, Евробиримдик жана Британия түзгөн. Бул орусиялык агрессорлор жасаган аскердик кылмыштарды тергөө жана сот жообуна тартууда Украинанын башкы прокурорунун кеңсесин колдоо максатын көздөйт.
Кеңешме топтун колдоосу менен жабыр тарткандардан жана күбөлөрдөн алынган сурамжылоонун негизинде сунуштарды даярдап, Украинанын баш прокурорунун кеңсесине берди. Сөз камактагылар, депортацияланган балдар, гендердик зомбулуктун курмандыктары жөнүндө болуп жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли тынчтыкты жана адилеттүүлүктү орнотуу үчүн Украинаны ар таратуу колдоого аларына ишендирди.
Йенс Столтенберг: НАТО Киевге украин армиясынын контрчабуулу ийгиликсиз болсо да курал-жарак берет
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Түндүк атлантикалык алянс Украинаны контрчабуул ийгиликсиз болуп калган күндө да колдой берерин билдирди. Бул тууралуу ал "Дождь" телеканалына курган маегинде билдирди.
"Бул чоң чабуул болобу же бир нечеби НАТО чечпейт. Биз өз тарабыздан колдоону улантабыз. Вильнюста өтө турган НАТОнун саммитинде жаңы курал-жарак жеткирүү боюнча билдирүү болот деп турам. Украина үчүн Путиндин жеңиши трагедия болот, бул баарыбыз үчүн трагедия болот", - деп белгиледи Столтенберг.