Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:11
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




00:40 21.5.2023

Украин аскерлери F-16 асманга ушул күздө көтөрүлө турганын жазышты

20-майда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн расмий аккаунтунда ушундай кабар пайда болду. "Ушул күздө, аскер-аба күчтөрүнүн тарыхындагы улуу блокбастер! F-16 Украинанын асманында пайда болду. Биз асманыбызды коргойбуз!", - деп айтылат анда.

13:35 20.5.2023

АКШ президенти Жо Байден Хиросимадагы "Чоң жетинин" саммитинде украин учкучтарын америкалык F-16 учактарына үйрөтүүнү колдой турганын билдирди.

Бул тууралуу Associated Press жана CNN булактары кабарлады. Учкучтарды даярдоо Европада өтөрү жана жакынкы апталарда башталышы мүмкүн деп айтылууда. Бул тууралуу азырынча Ак үйдүн расмий билдирүүсү жарыялана элек.

Guardian басылмасынын маалыматында, Байден учкучтардын F-16 жана төртүнчү, жаңы үлгүдөгү согуштук учактарда машыгуусун колдойт. Буга Британиянын Eurofighter Typhoon жана Франциянын Mirage 2000 учактары дагы кирет.

CNN мурдараак АКШ администрациясы F-16ларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу Украинага өткөрүп беришине каршы эместигин жазган. Киевге согуштук учактарды берүүдөн баш тарткандыктан, Ак үй европалык өнөктөштөрдүн гана эмес, АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн да кысымына кабылган.

10:46 20.5.2023

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун чечимине жооп катары АКШнын 500 жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын кабарлады. Алардын арасында мурдагы президент Барак Обама дагы бар.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин тизмесине аткаруу бийлигинин ар кандай деңгээлдеги жетекчилери, Конгресстин мүчөлөрү, аскердик компаниялардын жетекчилери, америкалык уюмдардын талдоочулары, изилдөөчүлөрү, журналисттер, телеалпаруучулар жана эксперттер кирет.

Мурдараак АКШнын Каржы министрлиги Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларды кеңейтип, 46 орусиялык жаранды тизмеге киргизген. Алардын арасында вице-премьер-министр Виктор Абрамченко, агартуу министри Сергей Кравцов, омбудсмен Татьяна Москолькова, президенттин жардамчысы Игорь Левитин бар.

Чектөөлөргө Орусия президентинин аппаратынын көзөмөл департаментинин башчысы Дмитрий Шалков, "Интеррос", "Восход" фондунун башкы директору Руслан Саркисов, Санкт-Петербург тоо-кен университетинин ректору Владимир Литвиненко, Татарстандын жаштар иштери боюнча министри Ринат Садыков, орусиялык миллиардер, "Меркурий" мамлекеттик компаниясынын кожоюндарынын бири Игорь Кесаев кирген.

Reuters агенттиги 71 компания "кара тизмеге" киргизилгенин, анын 69у Орусияга, бири Кыргызстанга, дагы бири Арменияга таандык ишканалар экенин жазды.

10:35 20.5.2023

Украинанын башкалаасы Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко Телеграм-каналы аркылуу 19-майдын түнү Орусия шаарды аткылаганын, бул ирет ирандык "Шахид" деп аталган "жанкечти" дрондорду колдонгонун жарыялады. Анын айтымында, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү дрондордун баарын атып түшүргөн.

Попко Киевдин Печерск районунда дрондун калдыктары түшкөн үйдүн терезелери талкаланды, Соломенск районунда жол жана автоунаалар, Дарницада машине оңдоочу жайга, транспортко зыян келтирилсе, Днепр районунда "турак жай өрттөнүп, өрт өчүрүлдү".

Попконун айтымында, азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.

Киев ушуну менен майдын башынан бери 11-жолу абадан чабуулга кабылды. Орусия буга комментарий бере элек. Согуш учурунда маалыматтарды башка булактардан ырастоого мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG