Орусиялык чиновниктер Батышты Украинага F-16 согуштук учактарын берүү чечими үчүн коркутууда
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Батыш өлкөлөрүн Украинага F-16 согуштук учактары берилсе, "кооптуу тобокелдиктер" болорун айтып коркутту.
"Эскалацияны күчөтүү аракети болууда. Биз Батыш өлкөлөрү эскалация сценарийин кармап турганын көрдүк. Бул алардын өздөрү үчүн өтө кооптуу тоболкелдик. Кандай болбосун бул биздин пландарыбызда эске алынган жана бизде максатка жетүү үчүн керектүү каражаттар бар", - деген Грушко.
CNN мурдараак АКШ администрациясы F-16ларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу Украинага өткөрүп беришине каршы эместигин жазган. Киевге согуштук учактарды берүүдөн баш тарткандыктан, Ак үй европалык өнөктөштөрдүн гана эмес, АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн да кысымына кабылган.
Украиналык учкучтар согуштук учакты башкаруу үчүн күзгө чейин окуп бүтүшөрү күтүлүүдө.
Орусия бир суткада Украинага 56 жолу сокку урду
Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө, аткылоодон жай тургундар арасында каза тапкандар жана жарадар болгондор бар.
Украин аскерлеринин маалыматында эң катуу кармаш Бахмутта жана Марьинкада жүрүп жатат.
Украинанын Башкы штабы бир сутка ичинде украин авиациясы Орусиянын аскердик техникасы жана өздүк курамы турган жерлерге сегиз жолу сокку урганын билдирди.
Белгород облусунун бийлиги украин аскерлеринин Белгородго кирип келгенин төгүндөдү
Орусиялык "База", Mash жана Shot ж.б. Телеграм-каналдары ишембиде украиналык куралдуу топтор Белгород облусуна кирип келгенин билдирген. "База" 19-майдын кечинде Калашников автоматы, гранатомет, снайпердик винтовка жана пулемоттор менен куралданган адамдар орусиялык чек арачылар менен атышканын жазган.
Окуя чек арадан бир чакырым алыс Красный Хутор деген айылда болгон. Mash топто 15 адам болгонун алардын онго жакыны жараат алганын, Shot төрт киши жарадар болгонун кабарлаган.
Бирок Белгород облусунун ыкчам штабы диверсиялык топтордун Украинанын аймагына кирүүгө аракет кылганы чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Зеленский Хиросимадагы G7 саммитинде Олаф Шольц менен жолукту
Бул ФРГ менен Украинанын жума ичиндеги экинчи жолугушуусу. Буга чейин Зеленский Шольц менен 13-майда Европага иш сапар менен барганда жолуккан. Мындан кийин Германия Украинага 2,7 миллиард евролук аскердик жардам бериле турганын жарыялаган.
"Европа чындыгы" немистердин DPA маалымат агенттигине шилтеме берип, эки лидердин сүйлөшүүсү 20 мүнөткө созулганын жазды. Шольц жолугушуунун сүрөтүн өзүнүн Твиттерине жарыялады.