Британиянын премьер-министри Риши Сунак Лондон украин учкучтарын F-16 истребителдери менен машыктырууну ушул жайында баштай турганын билдирди.
"Украинанын коопсуздугу - биздин коопсуздук", - деди ал.
Сунак Жапонияда өткөн G7 саммитинде Украинага колдоо көрсөтүү боюнча прогресске жетишилгенин кубаттай турганын айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, Жапониядагы "Чоң жетинин" саммитинде сүйлөп жатып, Бахмутту алдырганын ырастады. Ал журналисттердин "Бахмутка Киев көзөмөл кылып жатабы?" деген суроосуна:
"Менимче, жок. Бүгүнкү күнү ал биздин жүрөгүбүздө гана", - деп жооп берди.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин Бахмутту алдырганы тууралуу сөзү анын АКШ президенти Жо Байден менен 21-майга белгиленген жолугушуусунун алдында айтылды. Жо Байден Украинага жаңы аскердик жардам - курал-жарак жана техника берилерин маалымдады. АКШ учурда Украинага ири өлчөмдө курал-жарак жана техника берип жаткан өлкө болуп саналат.
Бахмуттун оккупацияланганы тууралуу билдирүүлөр Украина Луганск облусунан Херсон багытындагы 1000 чакырымдык фронт линиясында ири контрчабуулга даярданып жатканы айтылып аткан учурга туш келди.
Орусия Бахмутту алууга көп күчүн сарптап, чоң жоготууларга учурады. Орус аскерлери былтыр жайдан бери Украинада чоңураак жеңишке жетишкен эмес. Бул аралыкта Украинанын аскерлери былтыр күзүндө орусиялык аскерлерди Харьков облусунан жана Херсон облусунун айрым аймактарынан толук сүрүп чыккан.
Бахмут шаарын ээлегени тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги жана "Вагнер" менчик аскер компаниясы 20-майда кабарлаган. Ага удаа орус президенти Владимир Путиндин куттуктоосу чыкты.
Украинанын Башкы штабы орустардын билдирүүсүн четке кагып, Бахмут үчүн күрөш уланып жатканын кабарлаган болчу.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасына украиналык учкучтар заманбап аскер учагы менен машыгууну чыдамсыздык менен күтүп жатышканын жазды.
"Эми алар бул согушта жеңишке жетиш үчүн кургактагы жана деңиздеги куралчан бир туугандарына колдоо көрсөтө алышат. F-16 жамандарды жеңүү үчүн жасалган," - деп жазды Резников.
Маалымат каражаттарынын билдиришинче, АКШ президенти Жо Байден Жапониядагы "Чоң жети" саммитинде украин учкучтарынын заманбап аскердик учактар менен машыгуусун колдой турганын айткан. Байдендин билдирүүсүн Британиянын премьер-министри Риши Сунак кубаттады.
The New York Times басылмасы украиналык аткаминерге шилтеме кылып, бир катар Батыш өлкөлөрү Киевге F-16 учагын берүүгө даяр экенин жазды.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Лондонго сапары учурунда британ өкмөтү украиналык учкучтарды үйрөтө баштай турганын билдирген.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн чыгыш тобунун спикери Сергей Череватый орусиялык күчтөрдүн Бахмутту алганы тууралуу кабарды четке какты
"Бул калп. Биздин бөлүктөр Бахмутта кармашты улантып жатат", - деди Череватый Рейтер агенттигине.
Буга чейин "Вагнер" жеке аскердик тобунун башчысы Евгений Пригожин жарым жылдан бери айыгышкан кармаш жүрүп жаткан шаарды биринчи жолу толук алышканын билдирген.
Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр өлкөнүн куралдуу күчтөрү Бахмуттагы Самолет районунда турганын, кырдаал оор экенин айтканын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
"Бахмутта кармаш жүрүп жатат. Кырдаал оор. Биздин аскерлер Самолет районунда туруштук берүүдө", - деди Маляр. Анын маалыматында украин аскерлери Бахмуттагы өнөр жай жана инфраструктура жайларын, жеке секторду коргоп турат.
Украин күчтөрүнүн чыгыш тобунун басма сөз кызматы ишембиде аскерлер "Бахмутту курчоо операциясын жүргүзүп жатканын" бирок өздөрүнүн көзөмөлүндө турган райондон чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирди.
"Абдан кичинекей район калды. Аны атуу оңой жана анда көп адамды кармап туруу оор. Коопсуздук үчүн эртеби-кечпи ал жерден чыгарыбыз анык", - деди "Азаттыктын" украин кызматына курган маегинде украин күчтөрүнүн "Восток" биргелешкен башкармалыгынын спикеринин жардамчысы.