Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов “Эркин Орусия" деген легиондун жана "Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” аскерлери Белгород облусунда “коопсуздук тилкесин” түзүү операциясын жүргүзүп жатканын билдирди. Адатта украин армиясы Орусиянын аймагы аткыланган учурлар же ал жактагы диверсиялар тууралуу комментарий бербейт.
Юсов операцияга орус жарандары гана катышып жатканын баса белгиледи.
Легион жана корпусту Орусиядан эмиграциялап, Украина тарапта согушуп жаткан орусиялык активисттер түзгөн.
Дүйшөмбү күнү Орусиянын Белгород облусунун губернатору украин армиясынын "диверсиялык тобу" Украина менен чектеш Грайворон районуна кирип келгенин билдирген. Телеграм-каналдагы билдирүүсүндө Вячеслав Гладков орус армиясы жана коопсуздук күчтөрү жапырыктын мизин кайтаруу үчүн чараларды көрүп жатканын айтты. Бул тууралуу кабарлаган Рейтерс агенттиги маалыматты бышыктоо же төгүндөө мүмкүн эмес деп жазды.
“Свобода” радиосу жазгандай, орусиялык жана украиналык бир катар Телеграм-каналдар жана маалымат каражаттары Белгород жана Харьков облустары чектешкен аймакта кармаш жүргөнүн маалымдашты. Интернетте текшерүү пунктуна коюлган чабуул деген видео чыкты. Бирок ал видеолордун канчалык анык экени белгисиз. Гладков жабыркагандар болбогонун айтып, украин тарапты “маалымат чабуулуна” айыптады. Калктын эвакуациясы тууралуу жарыяланбаганын кошумчалады.
Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Киевде ал окуяларга «кызыгуу менен байкоо салып жатышканын», бирок аларга “түздөн- түз тиешеси жоктугун” деп жазды. Анын айтымында, “танктар орусиялык аскердик дүкөндөрдө сатылып жатат, партизандар отряддары Орусиянын жарандарынан куралган”.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков окуя тууралуу президент Владимир Путин кабардар болгонун айтты. Песков Белгороддогу рейдди “Бахмуттан алагды кылуу аракети” деп эсептейт. Орус бийлиги жакында Донецк облусундагы Бахмут шаарын ээлегенин билдирген, Украина толук көзөмөлдү колдон чыгарганын четке кагууда.
Орусиянын Белгород облусунун губернатору украин армиясынын "диверсиялык тобу" Украина менен чектеш Грайворон районуна кирип келгенин 22-майда билдирди. Телеграм-каналдагы билдирүүсүндө Вячеслав Гладков орус армиясы жана коопсуздук күчтөрү жапырыктын мизин кайтаруу үчүн чараларды көрүп жатканын айтты. Бул тууралуу кабарлаган Рейтерс агенттиги маалыматты бышыктоо же төгүндөө мүмкүн эмес деп жазды.
Гладков жабыркагандар болбогонун айтып, украин тарапты “маалымат чабуулуна” айыптады. Калктын эвакуациясы тууралуу жарыяланбаганын кошумчалады.
“Свобода” радиосу жазганы боюнча орусиялык жана украиналык бир катар Телеграм-каналдар жана маалымат каражаттары Белгород жана Харьков облустары чектешкен аймакта кармаш жүргөнүн маалымдашты. Интернетте текшерүү пунктуна коюлган чабуул деген видео чыкты. Бирок ал видеолордун канчалык анык экени белгисиз.
Эмиграцияланып, Украина тарапта согушуп жаткан оңчул активисттер түзгөн "Орусиянын ыктыярдуу корпусу" буга чейин өз аскерлери орус аймагына дагы бир чабуул койгонун билдирген.
Украина тарабында согушуп жаткан орус жарандарынын дагы бир ыктыярдуу бөлүгү - "Эркин Орусия" деген легион анын мүчөлөрү "Орусиянын ыктыярдуу корпусу" менен бирге Козинка айылын ээлеп, "алдыңкы отряддар Грайворонго киргенин" жарыялады.
Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, легион менен байланышы бар Илья Пономарев күчтөр "Белгородду көздөй ийгиликтүү жылып жатат" деп Фейсбукка жазды. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мумкүн эмес.
Украин армиясы адатта Орусиянын аймагы аткыланган учурлар тууралуу комментарий бербейт.
Украинанын Орусия оккупациялап алган Запорожье атомдук станциясы жогорку чыңалуудагы электр линиялары аткылангандан кийин электр энергиясыз калды.
Украинанын “Энергоатом” мекемесинин маалыматына караганда, өзөктүк материалды муздатып турган насостор сырттан электр энергия менен камсыздалып турууга тийиш.
“Ал үзгултүккө учурагандан кийин дизель-генераторлор автоматтуу түрдө иштей баштады. Суюк отун 10 күнгө жетет”, - деп айтылат билдирүүдө.
“Энергоатом” ушуну менен орус аскрелери АЭСти оккупациялагандан бери ишкана 7-жолу жарыксыз калганын кошумчалады.
“Запорожье АЭСи-Росатом” деген Телеграм-каналы станцияны электр энергиясы менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашынын себеби иликтенип жатканын жазды.
Европадагы эң ири атомдук станцияны Орусия кол салуунун алгачкы күндөрүндө ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт. Ишканада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кызматкерлери да жүрөт.
Орус армиясы 22-майга караган түнү Днепропетровск облусуна учкучсуз учактар жана ракеталар менен сокку урганы маалымдалган. Кеминде сегиз адам, турак жайлар, автоунаалар, жеке ишкана, куткаруу бөлүмүнүн имараты жабыркаган.
- автор Касым Рахманкулов
Орусиянын күчтөрү Бахмутту толугу менен өз көзөмөлүнө алгандыгын айтууда. Бирок Украина мындай маалыматты четке какты. Ал арада украин президенти Владимир Зеленский “Чоң жетинин” Жапониядагы саммитине катышып, дүйнө лидерлери, анын ичинде АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушууларды өткөрдү.
Жер менен жексен болгон Бахмут
"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин 20-майда орусиялык күчтөр Бахмут шаарын толук көзөмөлгө алганын жарыялаган. Орусиянын Коргоо министрлиги да Пригожиндин сөзүн тастыктап, президент Владимир Путин аларды куттуктаган билдирүү таратканга жетишкен.
"Биз украин армиясы менен эле эмес, бизге бут тоскон орус бюрократиясы менен да кармаштык. Бул аскердик бюрократтарга айрыкча тиешелүү жана алардын ысымдары белгилүү. Алар Шойгу жана Герасимов. Алар согушту оюн-зоокко айландырып алышты. Алардын түркөйлүгүнөн беш эсе көп аскер каза болду".
Бирок көп өтпөй Украинанын коргоо министрлиги Пригожиндин “Бахмут толук алынды” деген маалыматын четке какты.
"Пригожиндин билдирүүсү адаттай эле, чындыкка дал келбейт. Катуу билдирүүлөргө карабастан, биз өз ишибизди натыйжалуу аткарып жатабыз. Биз дайым эң кыйын күндөрдө да аскерлерибизди керектүү нерселер менен камсыз кылып келгенбиз. Азыр Бахмутту калтырып кетебизби, же аны коргоону уланта беребизби белгисиз, аны эң жогорку жетекчилик чечет. Азыр ар кандай сценарийлер каралууда. Бирок акыркы чечимди жогорку командачылык кабыл алат. Согуштун жүрүшүндө далилдеп келгендей алардын чечими дайым туура чыгат", - деди Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш аскер командачылыгынын басма сөз катчысы Сергей Череватый кечээ тараткан видео билдирүүсүндө.
Украинанын расмий өкүлдөрү учурда Бахмут шаары жер менен жексен болуп калганын, бирок Украинанын аскерлери аны жарым жартылай курчоого алып турганын билдирди.
G7 саммити: Украина F-16 учактарын алабы?
Ал арада Украин президенти Владимир Зеленский Жапониянын Хиросима шаарында өтүп жаткан “Чоң жетинин” саммитине катышып, бир катар өлкөлөрдүн лидерлери менен, анын ичинде АКШнын президенти Жо Байден менен жолукту.
АКШ Украинага жалпы көлөмү 375 миллион долларга жеткен кезектеги аскердик жардам көрсөтөрүн Жо Байден Зеленский менен жолугушуу учурунда билдирди. Ал жардам катары ок-дары, артиллерия жана аскердик техника берилерин кошумчалады.
Зеленскийдин “Чоң жетинин” саммитине келиши АКШнын украиналык учкучтарды F-16 кыргын салуучу учактар менен машыгуусуна макулдугун берген маалга туш келди.
Жо Байдендин айтымында, Зеленский кыргын салуучу учактарды Орусиянын аймагына чабуул жасоого колдонбой турганын айтып убада берген. Буга чейин АКШнын президенти согуштун өрчүп кетүүсүнөн кооптонуп, Украинага F-16 учактарын берүүгө каршы болуп келген.
Ал эми Британиянын премьер-министри Риши Сунак Лондон украиналык учкучтарды машыктырууну жай айында баштай турганын билдирди. Ал Владимир Зеленскийдин “Чоң жетинин” саммитине келишин "чоң сигнал" деп сыпаттады.
"Президент Зеленскийдин “Чоң жетидеги” тарапташтары менен бир катарда тургандыгы Орусияга жана бүт дүйнөгө украин элин колдоодо биз дайым биримдикте экенибизди жана колдоону канча талап кылынса ошого чейин уланта берерибизди айгинелейт".
Саммиттин алкагында Зеленский Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен да жолукту. Бул эки лидердин согуш башталгандан берки алгачкы жолугушуусу. Индиянын лидери Украинага колдоосун билдирди.
“Мен сиздин жана Украинанын жарандарынын азасын жакшы түшүнөм”, - деген Моди Индия “бул көйгөйдү чечүү үчүн болгон күчүн жумшарын” билдирди.
Ишемби күнү саммиттин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган жалпы билдирүүдө катышуучулар Бээжинди Орусияга басым жасап, анын аскердик агрессиясын токтотууну жана Украинанын аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылууга чакырат.
Кытай менен Орусия бул билдирүүнү сынга алышты.
Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко билдирүү таратып, анда "Батыш өлкөлөрү конфликтти өрчүтүү жолуна түшүп алганын" айтса, тышкы иштер министри Сергей Лавров "Чоң жетинин" саммитинде кабыл алынган чечимдер Орусия менен Кытайды ооздуктоого багытталганын билдирди.