Орусиянын Украинадагы согушунда "Вагнер" жалданма аскер тобунун 20 миңдей жоочусу каза болду. Алардын жарымы абактан согушка баргандар. Каза болгон "вагнерчилер" тууралуу уюмдун негиздөөчүсү Евгений Пригожин медиа- технолог Константин Долгов менен маегинде билдирди.
Ал Бахмуттагы салгылашка 50 миң кишини жалдаганын, аскердик ротада 35 миң жоочу болгонун айтты.
Пригожин ошондой эле 2022-жылдын февралында Кремлдин "Украинаны демилитаризациялоо максаты терс натыйжа бергенин" кошумчалап, украин армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын бирине айланганын белгиледи.
BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 21 миң 700 жоокердин тек-жайын апрелдин аягында тактаган. Чогултулган маалыматтар акыркы айларда өлгөндөрдүн көбү Бахмуттагы салгылашууларга катышып жаткан “Вагнер” жалданма уюмунун жоочулары экенин көрсөтүп турат.
Журналисттер согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын чыныгы жоготууларын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.
- Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы белгилүү болгон.
- "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза тапканын тактаган.
- Жети адамдын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, өздөрү туулуп-өскөн айылдарда жерге берилген. Бирөөнүн сөөгү Москванын жака белиндеги айылдагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлганы маалым болгон.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусундагы согуш жүрүп жаткан Угледар-Марьинка тилкесине барып, жоокерлерди Аскер деңиз күчтөрүнүн күнү менен куттуктады.
«Украинаны коргоп жаткан ар бир мырза, айымга даңк!», - деп жазды Зеленский аскерлер менен чогуу түшкөн сүрөттүн алдына.
Ал ошондой эле айрым аскерлерге сыйлыктарды тапшырып, курман болгондорду эскерди.
Бир нече айдан бери айыгышкан салгылаштын борборуна айланган Бахмут шаары боюнча эки тарап карама-каршы билдирүүлөрдү таратышууда. Орусия калааны өз карамагана алганын жарыяласа, украин аскерлери Бахмут үчүн кармаш уланып жатканын билдиришти.
Украин күчтөрү Бахмуттун түндүк жана түштүк тараптарында алдыга жылганын Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Александр Сырский 23-майда маалымдады.
Ал эми коргоо министринин орун басары Анна Маляр Телеграмга жазганына караганда, украиналык аскерлердин ийгиликтери Бахмутта өтө чоң болбогону менен, Орусия ири жоготууларга учурап жатат.
Ошол эле маалда Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 23-майда билдиргендей, Борисовка айылындагы административдик имаратка жана Грайворон районундагы эки үйгө дрондор менен чабуул коюлду.
Бир күн мурда орус тарап райондо айыгашкан кармаш болгонун, ал үчүн украиналык «диверсанттар» жоопкер экенин билдирген. «Медиазона» Телеграм-каналы Белгороддун борборунда жардыруу болгонун, Федералдык коопсуздук кызматына бараткан жол жабылганын жазган.
Орусиянын Тергөө комитети 23-майда Украинанын аймагынан кирди делген «диверсиялык» топко каршы «террорчулук» боюнча иш козгогонун билдирди.
Белгородго жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүн «Эркин Орусия» деп атаган топ алды. Ал украин күчтөрү менен кызматташкан орусиялыктардан турарын билдирүүдө.
Украин өкмөтү Орусиянын аймагындагы окуяларга тиешеси жок экенин белгиледи.
Соңку бир сутка ичинде орус аскерлери Днепропетровск, Запорожье, Харьков облустарынын аймагына жалпысынан 20 жолу ракеталык сокку урду.
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук күчтөрүнүн башкы штабы 23-майда билдирди. Андан тышкары орус армиясы Иранда чыгарылган “Шахид” жанкечти дрондору менен 48 жолу сокку урганы маалымдалды.
Ал арада Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 23-майда билдиргендей, Борисовка айылындагы административдик имаратка жана Грайворон районундагы эки үйгө дрондор менен чабуул коюлду.
Эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Украин аскерлери Бахмутта жана анын четинде айыгышкан салгылаш уланып жатканын билдиришти. Алар Бахмутта бир аз аймакты көзөмөлдөп жатышканын, калааны курчап алууга жакындап калганын кабарлашууда. Орусия 21-майда шаарды толугу менен карамагына алганын жарыялаган. Украин армиясы Бахмут толук колдон чыга элек деп маалымдаган.
НАТОго мүчө мамлекеттер Украина менен узак мөөнөттүү келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ага ылайык, Киев Батыштын курал-жарактарын жана аскердик технологияларын алат деп билдирди Польшанын президенти Анжей Дуда Wall Street Journal басылмасына курган маегинде.
Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден жана башка батыш лидерлери НАТО жана Украина байланышын - америка-израил коопсуздук мамилелеринин үлгүсүндө түзсө болорун айтышкан. Азыркы учурда АКШ менен Израилдин ортосунда он жылдын ичинде миллиарддаган долларга америкалык курал-жарактарды жеткирүүнү караган келишим түзүлдү. Ошону менен бирге АКШ Израилге тышкы агрессия болгон учурда жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди алган эмес.
Wall Street Journal Ак үйдүн өкүлүнө шилтеме берип, "Батыш өнөктөштөр Укриана менен биргелешип иштөөнүн формуласын иштеп чыгууга аракет кылып жатышканын" жазды. Бул Украина жакынкы жылдарда НАТОго мүчө боло албайт деген тезиске таянып, ага узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мындай келишим Кремлдин узакка созулган согуш өз кызыкчылыгында деген ишенимин, Батыштын Украинага колдоосу убакыттын өтүшү менен басаңдайт деген үмүтүн жокко чыгарышы керек. Анжей Дуда маегинде: "Украина коопсуздук кепилдигин алганын жана бул кепилдиктер убакыттын өтүшү менен бүтпөй турганын Орусия түшүнүшү зарыл",-деген.
Украина-НАТО кеңеши түзүлгөнү июлдагы Вильнюста өтө турган альянстын саммитинде жарыяланат деп күтүлүүдө. Киев кеңештин жыйынын чакырып, НАТОго мүчө өлкөлөргө жардам сурап кайрылуу укугуна ээ болот. АКШ, Британия, Франция жана Германия Украинага коопсуздук кепилдигин берүү боюнча келишимдин түз катышуучулары болушу мүмкүн.
Украинанын НАТОго кабыл алуу жараянын баштоого тынымсыз чакырыктарына карабастан, Түндүк атлантикалык альянска кабыл алуу жакынкы келечекте мүмкүн эмес экени айтылган.
Польшанын президенти Wall Street Journal басылмасына курган маегинде белгилегендей, Украинанын НАТОго кабыл алынышы анын аймагында согуш жүрүп жаткан учурда мүмкүн эмес. Бирок Орусиянын басып кириши Киевдин Түндүк атлантикалык альянска кирүүсүнө жол ачты.