Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




04:04 26.5.2023
Михаил Подоляк
Михаил Подоляк

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк куралдуу күчтөрдүн контрчабуулу бир нече күндөн бери уланып жатканын Италиянын Rai телеканалына берген интервьюсунда айтты. Анын айтымында, Украина Орусиянын аймактарына чабуул жасабайт, өнөктөштөр берген курал-жарак оккупацияланган жерлерди, анын ичинде Донбасс менен Крымды бошотуу үчүн колдонулат.

Кийинчерээк Твиттерге Подоляк контрчабуул "белгилүү бир күнү, белгилүү бир убакытта кызыл тасманы салтанаттуу кесүү менен баштала турган окуя эместигин" жазды. Анын айтымында, контрчабуулга ар кайсы багыттагы оккупациялык күчтөрдү жок кылууну көздөгөн ондогон түрдүү аракеттер кирет.

17:22 25.5.2023

Орусия Киев, Харьков шаарларына, Украинанын батыш облустарындагы айрым жерлерине жанкечти дрондор менен сокку урганы, украин аскерлери 36 дрондун баарын атып түшүргөнү маалымдалды. "Вагнер" тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин согушкерлерин Бахмут шаарынан чыгара баштаганын жарыялады.

Бейшембиде Пригожин видео жарыялап, 1-июнга чейин Бахмуттагы отряддарын чыгара турганын, алардын ордун орус армиясы ээлерин билдирди:

"Биринчи июнга чейин күчтөрүбүздүн негизги бөлүгү “тылдагы лагерлерге” жайгашат. Позицияларды, ок-дары, азык-түлүктү, бардыгын аскерлерге өткөрүп беребиз. Бирок аскерлерге кыйын болсо, Бахмутту алууда чечүүчү роль ойногон кишилербизди калтырабыз".

Пригожин согушкерлерин Бхмуттан чыгаруу туураалуу жарыялап атат. 25-май 2023-жыл
Пригожин согушкерлерин Бхмуттан чыгаруу туураалуу жарыялап атат. 25-май 2023-жыл

Пригожиндин айтымында, кийин “вагнерчилерге” “жаңы согуштук тапшырма берилмекчи”. Буга чейин ишкер Донецк облусундагы калаа алынары менен жалданма согушкерлери ал жактан чыгарыларын айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалымат жөнүндө эч кандай билдирүү жасай элек.

20-майда Пригожин жана орус бийлиги шаарды алганын жар салышкан. Украина куралдуу күчтөрү Бахмутту орус аскерлери ээлегенин бышыктабай, бир катар жайларды көзөмөлдөп турганын, салгылашуулар уланып жатканын айтууда. 25-майдагы күндөлүк бюллетенде орус аскерлеринин 28 чабуулунун мизи кайтарылганы маалымдалды. Шаар үчүн кармаш 220 күндөн бери жүрүп жатат.

Пригожин Орусия кошуна өлкөгө кол салгандан бери 20 миң согушкеринен айрылганын моюнга алды. Маркумдардын жарымы түрмөлөрдө отурган жерден жалданган. Ишкер бардыгы болуп “вагнерчилердин” катарына 50 миңдей киши жалданганын айтып жүрөт.

Бахмут үчүн кармаш жүрүп жатканда Пригожин коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду катуу сындаган видеолор чыгып жүрдү. 23-майда жарык көргөн интервьюда ал Украинанын “демилитаризациясын” көздөгөн Кремлдин максаты тескери натыйжага алып келгенин, украин армиясы дүйнөдөгү кубаттуу куралдуу күчтөрдүн катарына кошулганын айтты.

Украина түн ичинде дрондордун бардыгын атып түшүргөнүн билдирди

Бейшембиге караган түнү Орусия Киев, Харьков шаарларына, батыш облустардагы айрым жерлерге жанкечти дрондор менен сокку урганы маалымдалды. Украин бийлиги 36 “Шахед” дрондорунун баары атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский Москваны украиналыктардын жүрөк үшүн алып жатканы үчүн айыптап, дрондорду атып түшүргөн Абадан коргонуу күчтөрүнүн жоокерлерине ыраазычылык билдирди.

Киевге атылган дрон. 25-май 2023-жыл
Киевге атылган дрон. 25-май 2023-жыл

Украинанын армиясы акыркы убакытта пилотсуз учактар менен канаттуу ракеталарды зыянсыздандырууда чоң ийгилике жетишкенин айтып келет.

Бирок 100% жыйынтык тууралуу биринчи жолу маалымдалды. Орусия түнкү соккуларга азырынча комментарий берген жок.
Согуштук аракеттердин шартында жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн ишин чагылдырган видеолорду жарыялоого салынган тыюудан улам тараптардын ырастоолорун текшерүү кыйын же мүмкүн эмес.

Зеленский өлкөнүн абадан коргонуу дараметин күчөтүү үчүн өнөктөштөрдү F-16 кыргын салуучу учактар менен камсыздоону тездетүүгө чакырып келет.

"Украинанын алгачкы F-16 учагы Орусия өзүнүн агрессиясынан өзү утулат деген ишарат . Орусия алсырайт жана ого бетер обочодо калат. Дүйнө орусиялык террордун жеңилгенин ишарат кылат. Ал эми көз карандысыз улуттарды жана элдин өз тагдырын аныктоо укугун урматтоого негизделген биздин дүйнө бекем турат", - деп билдирди Зеленский 24-майдын кечинде.

Киевге аскердик жардам берген байланыш тобунун бейшемби күнкү виртуалдык жыйынында украин армиясынын бронетехникасынын мүмкүнчүлүктөрүн колдоо жолдору жана абадан коргонуусун бекемдөө маселеси талкууланмакчы.

15:41 25.5.2023

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Украинанын Бахмут шаарынан жоочулары чыгарыла баштаганын жарыялады. Калаа алардын көзөмөлүнө өткөнүн жакында Пригожин өзү жана орус бийлиги жарыялаган. Киев шаар толук көзөмөлдөн чыкканын четке каккан.

Пригожин 25-майда эртең менен жарыялаган видеодо "вагнерчилер" 1-июнга чейин “арткы лагерлерге” өтүп, Бахмутта алардын ордун орус армиясынын бөлүктөрү ээлей турганын айтты. Анын жоочулары келечекте "жаңы согуштук тапшырмаларды аларын" белгиледи. Ошол эле учурда Бахмутта айрым "вагнерчилер" калышы мүмкүндүгүн кыйытты.

"Эгерде аскер кызматкерлери үчүн кыйын болсо, албетте, Бахмутту колго алууда башкы ролду ойногондорду калтырабыз", - деди ал.

Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий берген жок.

Шаршембиде Пригожин медиа-технолог Константин Долгов менен маегинде Орусиянын Украинадагы согушунда "Вагнер" жалданма аскер тобунун 20 миңдей жоочусу каза болгонун айткан. Ал Бахмуттагы салгылашка 50 миң кишини жалдаганын, аскердик ротада 35 миң жоочу болгонун билдирген.

13:22 25.5.2023

Украинанын аба күчтөрү түндө иран өндүрүшүнөн чыккан орусиялык 36 "Шахед"дронунун баары атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматында бул чабуулдун максаты - Украинанын батыш облусундагы инфраструктура объекттери болгон. 10 "Шахед" Львовдо атып түштүрүлгөнүн аймактын башчысы Максим Козицкий билдирди. Жабыр тарткандар жок.

Днепропетровск облусундагы Марганецк громадасында жанкечти дрон курулушка тийип, аны бүлгүнгө учураткан. Жабыр тарткандар жок экенин жергиликтүү бийликтер билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG