Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:50
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:11 27.5.2023

BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 24005 жоокердин тек-жайын тактады. Акыркы эки жумада журналисттер 1361 кишинин аты-жөнүн аныкташты.

Иликтөөчүлөр өлгөндөрдүн 3 миңден көбү элиталык бөлүктөрдүн аскерлери экенин белгилешүүдө. Тек-жайы аныкталгандардын 4300дөн ашууну түрмөдөн согушка жөнөтүлгөн, 2300гө жакыны мобилизацияга тартылган.

Бирок бул эсеп орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп адам болушу мүмкүн экенин эскертет.

Иликтөөчү кабарчылар медиа каражаттарына чыккан жана жергиликтүү бийлик берген жаңылыктардын, каза тапкандардын туугандарынын социалдык баракчаларга жазган билдирүүлөрүнүн негизинде маалымат топтойт.

Ушул жумада "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун башчысы Евгений Пригожин анын жоочуларынын 20 миңдейи өлгөнүн бышыктаган.

Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген.

Киев майданда 13 миңдей жоокери курман болгонун былтыр жыл соңунда маалымдаган. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр 21-сентябрда согушта 6 миңдей жоокерин жоготконун билдирген. Адатта согушуп жаткан тараптар курмандыктарынын санын так айтпайт. "Азаттык" радиосу согуш шартында маалыматты өз алдынча текшере албайт.

13:21 27.5.2023

Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский Днепрге урулган соккуну Орусиянын "жапайычылыгынын далили" деп айтты

"Днепрдеги бейтапкананын өрткө чулганышы Орусия адамгерчиликтин эң жөнөкөй принциптерин урматтабай турганын көрсөттү. Бул жапайычылык Украинаны сактап жана ага колдоону күчөтүү керектигине далил", - деп жазды Липавский Твиттерге.

26-майда Орусия учурган ракета психикалык ооруларга чалдыккан адамдар үчүн ачылган үч кабат клиникага түшкөн. Соккудан эки адам каза таап, 31 адам жараат алган. Ракета тийген имараттын жанындагы ветеринардык клиника да күйүп кеткен.

27-майда шаарда аза күтүү күнү жарыяланды.

13:09 27.5.2023

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Украина менен согушту токтотуунун кеминде алты шартын атады. Ал ТАСС маалымат агенттигине курган маегинде шарттардын бири Киевдин “согуштук аракеттерди токтотушу " болорун билдирди.

Галузиндин сөзүнө караганда, Украина каршылык көрсөтүүдөн баш тарткандан сырткары Батыштан курал-жарак албашы керек. Ошондой эле НАТОго, Европа Биримдигине мүчө болуу оюнунан кайтышы зарыл. Киев “жаңы аймактык өзгөрүүлөрдү” таанып, “орус тилин мамлекеттик тилге айлантып”, адам укугун, анын ичинде дин тутуу укугун сакташы шарт.

Галузиндин билдирүүсүнө Киев азырынча комментарий бере элек. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуунун бир гана шарты бар экенин, ал орус армиясынын Украинадан чыгышы болорун бир канча жолу билдирген.

13:03 27.5.2023

Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Чалгын башкы башкармалыгы орус аскерлери Запорожье атомдук станциясында (АЭС) ири чагым даярдап жатканын эскертти. Башкармалык 26-майда билдирүү таратып, чагымдын максаты Киев пландап жаткан контрчабуулду үзгүлтүккө учуратуу экенин айтты.

Украин чалгынчыларынын божомолуна караганда, орус аскерлери АЭСтин аймагына сокку уруп, мындан улам радиоактивдүү заттар менен уулануу мүмкүндүгү жаралганы жарыяланышы ыктымал.

“Бул акциянын максаты – эл аралык коомчулукту окуянын ийне-жибине чейин иликтенишин талап кылууга түртүү, анын жүрүшүндө согуштук аракеттердин баарын токтотуу болуп саналат. Орусия муну менен өзүнө керектүү тыныгуу алып, ал маалды армиясынын ордун которуштурууга пайдаланууга үмүт артып жатат”, - деп жазылган маалыматта.

Бирок украин чалгынчылары чагым тууралуу эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Кремл бул билдирүүгө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптада күбөлөр Орусия Украинанын контрчабуулун утурлай аталган АЭСтеги коргонуу позицияларын чыңдап жатканын билдиришкен.

Европадагы эң ири атомдук станцияны Орусия кол салуунун алгачкы күндөрүндө ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт. Ишканада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кызматкерлери да жүрөт.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG