Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Түз ободо Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




00:34 28.5.2023

Брянскиде Орусиянын эки аскер кызматкери жанкечти дрондордун чабуулунан каза болгонун орусиялык Телеграм-каналдар кабарлады.

Маалыматка ылайык, дрон Бровничи - Сушаны жолундагы Орусияга таандык “Нива” машинесин аткылаган. Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча расмий билдирүү берген жок.

Телеграм-каналдар чек арага жакын Сушаныга украиналык диверсиялык-чалгындоо тобу киргенге аракет кылганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок аны облустун губернатору Александр Богомаз ырастаган жок. Ал бир катар калктуу конуштар Украина тараптан атыланганын гана белгиледи.

Сушаны - Украина армиясына кошулган Орусиялык ыктыярчылар корпусунун согушчандары март айында кыска убакытка кирип келген айылдын бири.

Украина тараптан бул өлкө менен чектеш дагы эки аймак Курск жана Белгород аткыланганы белгилүү болду. Курск облусундагы Плехово айылында чек араны бекемдөө үчүн курулуш ишине тартылган бир жумушчу каза тапты. Телеграм-каналдар Белгород облусунда Шебекино шаары аткылоого кабылганын жазышты. Облус губернатору Вячеслав Гладков бир адам каза таап, эки өспүрүм жараат алганын билдирди.

Украинага таандык Запорожье облусунун Орусия басып алган бөлүгүндөгү Бердянск шаары да аткылоого кабылды. Украиналык жана орусиялык Телеграм-каналдар шаардын үстүнөн кара түтүн уюлгуп жатканы тартылган видеону таратышты.

Бердянскинин аймагынан тыш иштеп аткан украиналык шаардык администрация орусиялык аскерлердин позициясы талкаланганын, көптөгөн аскерлер набыт болгонун билдирди. Украиналык "Суспiльне" порталы шаарда беш жарылуу болуп, орусиялык аскерлер жайгашкан "Азовкабель" заводунун аймагына сокку урулганын билдирди. Маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

Бердянск майдан тилкесинен алыс жайгашкан. Акыркы күндөрү анда жана Орусия басып алган Мариуполдо бир канча жолу жарылуу болгон. Алдын ала маалыматта объекттерге Британия Украинага берген Storm Shadow ракетасы менен сокку урулган.

Ишемби күнү эртең менен Псков жана Тверь облустарынын (Украина менен чек арадан жүздөгөн километр алыс) бийликтери учкучсуз учактар мунай тармагына чабуул койгонун билдирген. Тверь облусунун облустук администрациясы дрон Андреапольск аймагындагы Ерохино кыштагына жакын жерге түшкөнүн билдирди. Ал жерде мунайды кайра иштетүүчү станция бар. "База" Телеграм-каналы соккудан улам станция бүлгүнгө учураганын жазды. Псков облусунда учкучсуз учактар Невельск районундагы мунай өткөрүүчү жайдын имаратына чабуул койгон.

Орусиянын аймактарына соккулар күчөгөнү Украинанын чабуулга даярданып жатканынын белгиси болушу ыктымал. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов Би-Би-Сиге чабуул жакын арада башталышы мүмкүн экенин кыйыткан.

23:53 27.5.2023

Украинанын президентинин кеңсеси Москванын согушту токтотуу боюнча койгон шартына реакция кылды

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин оозу менен айттырган талабы орусиялык жетекчилердин юридикалык жана факты жактан жөндөмсүз экенин тастыктап турат. Мындан улам "Украина жооп иретинде талап коет" - Орусия өлкө аймагынан аскерлерин чыгарып кетиши керек. СССР кулаганын, постсоветтик өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн моюнга алышы шарт. Аскердик кылмышкерлерди жана согуштун авторлорун өткөрүп берүүгө тийиш", - деп жазды украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Твиттер баракчасына.

Подоляктын айтымында, Киев Орусиядан демилитаризация аймагын бекемдөөнү, сокку урган куралды колдонбоону жана юридикалык жактан бекитилген программанын негизинде репарация төлөөнү талап кылат.

Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС маалымат агенттигине курган маегинде Украина менен согушту токтотуунун кеминде алты шартын атаган. Ал Украина каршылык көрсөтүүдөн баш тарткандан сырткары Батыштан курал-жарак албашы керек. НАТОго, Европа Биримдигине мүчө болуу оюнунан кайтышы зарыл. Киев “жаңы аймактык өзгөрүүлөрдү” таанып, “орус тилин мамлекеттик тилге айлантып”, адам укугун, анын ичинде дин тутуу укугун сакташы шарт деген талаптарды койгон.

17:16 27.5.2023

Украина Германияга кайрылып, 500 чакырымга чейинки алыстыкка уча алган Taurus канаттуу ракеталарын берүүнү сурады. Мындай өтүнүч болгонун Германиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып Spiegel басылмасы жазды. Азырынча Киев канча ракета сураганы белгисиз.

Frankfurter Allgemeine Sonntagszeitung басылмасынын булактары украин президенти Владимир Зеленский бул ракеталар тууралуу ушул айдын башында Берлинде немис канцлери Олаф Щольц менен жолукканда талкуулаганын билдирген.

Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат. Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, немис коргоо күчтөрү үчүн мындан он жыл мурда 600 ракета алынган жана учурда 150сү экспортко даяр.

Укрианага биринчилерден болуп канаттуу ракеталарды Британия жөнөткөн. Ушул айдын ортосунда Киев Лондондон 250 чакырымга чейин учурулган Storm Shadow ракеталарын алган. Ага чейин Батыш өлкөлөрү учуу мүмкүнчүлүгү 80 чакырымды гана түзгөн ракеталарды берип келген.

14:11 27.5.2023

BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 24005 жоокердин тек-жайын тактады. Акыркы эки жумада журналисттер 1361 кишинин аты-жөнүн аныкташты.

Иликтөөчүлөр өлгөндөрдүн 3 миңден көбү элиталык бөлүктөрдүн аскерлери экенин белгилешүүдө. Тек-жайы аныкталгандардын 4300дөн ашууну түрмөдөн согушка жөнөтүлгөн, 2300гө жакыны мобилизацияга тартылган.

Бирок бул эсеп орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп адам болушу мүмкүн экенин эскертет.

Иликтөөчү кабарчылар медиа каражаттарына чыккан жана жергиликтүү бийлик берген жаңылыктардын, каза тапкандардын туугандарынын социалдык баракчаларга жазган билдирүүлөрүнүн негизинде маалымат топтойт.

Ушул жумада "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун башчысы Евгений Пригожин анын жоочуларынын 20 миңдейи өлгөнүн бышыктаган.

Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген.

Киев майданда 13 миңдей жоокери курман болгонун былтыр жыл соңунда маалымдаган. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр 21-сентябрда согушта 6 миңдей жоокерин жоготконун билдирген. Адатта согушуп жаткан тараптар курмандыктарынын санын так айтпайт. "Азаттык" радиосу согуш шартында маалыматты өз алдынча текшере албайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG