Украинада Киев шаарынын мэри Виталий Кличко 28-майга караган түнү орус аскерлери соңку кездери болуп көрбөгөндөй дрондон чабуул жасаганын кабарлады. Анын ырасташынча, Печерск районунда тогуз кабат үйдүн чатырында өрт чыкты. Соломенскиде жети кабат имараттын үчүнчү кабаты жабыркады, ошондой эле, ишканалардын биринде тутанган өрттү өчүрүү уланып жатат. Голосеевск районунда үч кабаттуу кампанын чатыры өрттөндү.
Шаардын аскердик администрациясынын кабарлашынча, чабуулда бир адам мерт болду. Кличко жалпысынан 20 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Ушул маалда Украинанын Киев шаарында жардыруулар токтой элек, абадан коргоо системасы иштеп жатканы кабарланды. Өлкөнүн башка аймактарында дагы абадан эскертүү берилди.
Орусия бул тууралуу маалымат бере элек. Согуш маалында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес.
Брянскиде Орусиянын эки аскер кызматкери жанкечти дрондордун чабуулунан каза болгонун орусиялык Телеграм-каналдар кабарлады.
Маалыматка ылайык, дрон Бровничи - Сушаны жолундагы Орусияга таандык “Нива” машинесин аткылаган. Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча расмий билдирүү берген жок.
Телеграм-каналдар чек арага жакын Сушаныга украиналык диверсиялык-чалгындоо тобу киргенге аракет кылганы тууралуу маалымат тараткан. Бирок аны облустун губернатору Александр Богомаз ырастаган жок. Ал бир катар калктуу конуштар Украина тараптан атыланганын гана белгиледи.
Сушаны - Украина армиясына кошулган Орусиялык ыктыярчылар корпусунун согушчандары март айында кыска убакытка кирип келген айылдын бири.
Украина тараптан бул өлкө менен чектеш дагы эки аймак Курск жана Белгород аткыланганы белгилүү болду. Курск облусундагы Плехово айылында чек араны бекемдөө үчүн курулуш ишине тартылган бир жумушчу каза тапты. Телеграм-каналдар Белгород облусунда Шебекино шаары аткылоого кабылганын жазышты. Облус губернатору Вячеслав Гладков бир адам каза таап, эки өспүрүм жараат алганын билдирди.
Украинага таандык Запорожье облусунун Орусия басып алган бөлүгүндөгү Бердянск шаары да аткылоого кабылды. Украиналык жана орусиялык Телеграм-каналдар шаардын үстүнөн кара түтүн уюлгуп жатканы тартылган видеону таратышты.
Бердянскинин аймагынан тыш иштеп аткан украиналык шаардык администрация орусиялык аскерлердин позициясы талкаланганын, көптөгөн аскерлер набыт болгонун билдирди. Украиналык "Суспiльне" порталы шаарда беш жарылуу болуп, орусиялык аскерлер жайгашкан "Азовкабель" заводунун аймагына сокку урулганын билдирди. Маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.
Бердянск майдан тилкесинен алыс жайгашкан. Акыркы күндөрү анда жана Орусия басып алган Мариуполдо бир канча жолу жарылуу болгон. Алдын ала маалыматта объекттерге Британия Украинага берген Storm Shadow ракетасы менен сокку урулган.
Ишемби күнү эртең менен Псков жана Тверь облустарынын (Украина менен чек арадан жүздөгөн километр алыс) бийликтери учкучсуз учактар мунай тармагына чабуул койгонун билдирген. Тверь облусунун облустук администрациясы дрон Андреапольск аймагындагы Ерохино кыштагына жакын жерге түшкөнүн билдирди. Ал жерде мунайды кайра иштетүүчү станция бар. "База" Телеграм-каналы соккудан улам станция бүлгүнгө учураганын жазды. Псков облусунда учкучсуз учактар Невельск районундагы мунай өткөрүүчү жайдын имаратына чабуул койгон.
Орусиянын аймактарына соккулар күчөгөнү Украинанын чабуулга даярданып жатканынын белгиси болушу ыктымал. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов Би-Би-Сиге чабуул жакын арада башталышы мүмкүн экенин кыйыткан.
Украинанын президентинин кеңсеси Москванын согушту токтотуу боюнча койгон шартына реакция кылды
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин оозу менен айттырган талабы орусиялык жетекчилердин юридикалык жана факты жактан жөндөмсүз экенин тастыктап турат. Мындан улам "Украина жооп иретинде талап коет" - Орусия өлкө аймагынан аскерлерин чыгарып кетиши керек. СССР кулаганын, постсоветтик өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн моюнга алышы шарт. Аскердик кылмышкерлерди жана согуштун авторлорун өткөрүп берүүгө тийиш", - деп жазды украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Твиттер баракчасына.
Подоляктын айтымында, Киев Орусиядан демилитаризация аймагын бекемдөөнү, сокку урган куралды колдонбоону жана юридикалык жактан бекитилген программанын негизинде репарация төлөөнү талап кылат.
Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС маалымат агенттигине курган маегинде Украина менен согушту токтотуунун кеминде алты шартын атаган. Ал Украина каршылык көрсөтүүдөн баш тарткандан сырткары Батыштан курал-жарак албашы керек. НАТОго, Европа Биримдигине мүчө болуу оюнунан кайтышы зарыл. Киев “жаңы аймактык өзгөрүүлөрдү” таанып, “орус тилин мамлекеттик тилге айлантып”, адам укугун, анын ичинде дин тутуу укугун сакташы шарт деген талаптарды койгон.
Украина Германияга кайрылып, 500 чакырымга чейинки алыстыкка уча алган Taurus канаттуу ракеталарын берүүнү сурады. Мындай өтүнүч болгонун Германиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып Spiegel басылмасы жазды. Азырынча Киев канча ракета сураганы белгисиз.
Frankfurter Allgemeine Sonntagszeitung басылмасынын булактары украин президенти Владимир Зеленский бул ракеталар тууралуу ушул айдын башында Берлинде немис канцлери Олаф Щольц менен жолукканда талкуулаганын билдирген.
Taurus канаттуу ракетасы кыргын салуучу учактан 500 чакырымга чейинки аралыкка учурулат. Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, немис коргоо күчтөрү үчүн мындан он жыл мурда 600 ракета алынган жана учурда 150сү экспортко даяр.
Укрианага биринчилерден болуп канаттуу ракеталарды Британия жөнөткөн. Ушул айдын ортосунда Киев Лондондон 250 чакырымга чейин учурулган Storm Shadow ракеталарын алган. Ага чейин Батыш өлкөлөрү учуу мүмкүнчүлүгү 80 чакырымды гана түзгөн ракеталарды берип келген.